СӨГҮШКӨН МАИчилер, СӨГҮНГӨН ДЕПУТАТ ИНТЕРНЕТ ЖЫЛДЫЗЫНА АЙЛАНЫШТЫ

№669 28-август-3-сентябрь, 2015-ж

Август айын сөгүнгөндөрдүн айы болду десек аша чаппайбыз. Интернетке МАИ кызматкерлеринин бири-бирин ашата сөгүп, кызыл чеке болуп жаткан видеосу таркады. Аталган тасмада МАИ кызматкерлеринин лексикону өтө балит экенин байкоого болот. Маалым болгондой, жаш МАИ кызматкери өзүнөн улуу кесиптешинин уулун жол эрежесин бузганы үчүн токтотуп, айып жазмакчы болгон. Бирок анын кесиптеши келип, «уулумду таанып туруп эмнеге айыпка жыгасыӊ?» деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп баштаган. Аягында жаш МАИчи да жооп кылып сөгүнүүгө өткөн. Бул окуя МАИ кызматынын абалы, кызматкерлердин билим деӊгээли, маданияты өтө эле начар абалда экендигин, дегеле бул тармакка тамырлап сиӊип кеткен коррупцияны жоюуга аракет жоктугун дагы бир ирет далилдеди. Коомчулуктун сын толкуну каптагандан кийин жаш кесиптешин сөккөн Жеӊиш Жумашов кызматынан бошотулуп, чини төмөндөдү. ИИМ окуянын калган катышуучуларына жана бир катар жетекчилерге эскертүү, сөгүш берилгенин жарыялагыча шашты.
МАИчилердин бул кылыктарынын айланасындагы коомчулуктагы талкуу аяктай электе Жогорку Кеӊештин депутаты, шайлоого КСДПнын 38-катарында талапкер катары бараткан Акылбек Султановдун Өзгөндө Жол-кайгуул кызматкерлерин уят сөздөр менен ашата сөккөнү жөнүндөгү тасма интернетке тарап кетти. Акылбек Султанов: «Ал сөздөр ачуу үстүндө айтылып кеткен. Жалпы ошол сөздөр үчүн элден кечирим сурайм. МАИчилерден кечирим сурабайм, андай кылсам күнөөнүн баары мага жабылып калбайбы...»- деп чыкты. Коомдун күзгүсү болушу керек болгон депутаттын «жиниме тийишкен, анан сөктүм» деген сыяктуу актануусу суу кечпейт.
Маалым болгондой, депутат катышкан бул окуя өткөн жылдын апрель айында болгон. Эл өкүлү Жогорку Кеӊештин трибунасынан Өзгөндө МАИ кызматкерлерине нааразылар көп экенин айтып чыкканга да жетишиптир.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
31.08.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа. Коомубуз озгоруп жатабы же,адамдар оздору озгоруп жатабы айтор,согунгон мамкызматкерлердин айы болду.
31.08.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
МАИ кызматкерлери четтен ашып кетти.Туура кылыптыр согуп. Бир байкуш соксо камап салмак! А депутатат очун, интернетке берип алышканго. Негизи бизде тартип жок. Тартип болмойунча биз эч качан онукбойбуз.Макаренконун бир жакшы созу бар "Тарбыячы, озу тарбиялуу болуш керек"- деген. Биздин чондор озу тартипсиз болсо, (бардыгы эмес) биз кайда барат элек.
01.09.2015. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журок эмнеге толсо, ооздон ошол чыгат дейт. Маданияты жок акылсыз бир бай да акчасына таянган озу чирик анан оозунан ириген соз чыкты да. аман болсун аны депутат деп ким айтат??
02.09.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адам баласы ачуусу келгенде озунун ким экендигин даана билдирет
02.09.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер бул кыйындардын видеосун кайдан коро алам
02.09.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер булардын видеосун кантип кором
02.09.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aviator, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/media/uservideo/148385/
03.09.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай соз менен суйлогондор бизге депутат болгону куйдурот да маданият онукпосо Кыргызстан онукпойт мына мен айттым
03.09.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vrach - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо