КОСМЕТИКАГА ЭКИНЧИ «ӨМҮР» БЕРИӉИЗ

№669 28-август-3-сентябрь, 2015-ж

«Сулуу эмес аял болбойт, өзүн карабаган аял болот» дегендей, табият берген сулуулугуна косметиканын жардамы менен көрк кошкон айымдар көп. Жакшы көргөн косметика каражаты жарактан чыгып калган убакта ыргытып жибербей, экинчи «өмүр» тартуулай билиӊиз.

ЭГЕР ТУШЬ КУРГАП КАЛСА...
Туштун кутусуна көздүн боёгун кетирүүчү каражаттан 1 тамчы куябыз. Кисточканы кутусуна салып, ары-бери капталдарына жылдырып, 5-10 мүнөт коюп коюу керек. Жаӊырган тушь кирпик боёого даяр.

УПА МЕНЕН ТЕНЬ ҮБӨЛӨНҮП КАЛСА...
Үбөлөнүп калган упанын бөлүктөрүн полиэтилен баштыкка чогултабыз. Баштыктын сыртынан кашык менен басып, баарын бир массага келгендей майдалап, үстүнө 10 тамчы спирт кошуп жакшылап аралаштырабыз. Пайда болгон пластилин сыяктуу массаны кайра упанын идишине тегиздеп салып, кургатабыз.
Упа сыяктуу эле майдаланып калган көз боёочу тенди бир идишке чогултуп, толугу менен майдалайбыз. 3-5 грамм вазелин, кааласаӊыз атайын көзгө арналган жылтырак кошуп аралаштырып, тендин идишине салабыз да, 1-2 саат муздаткычка коёбуз. Көз боёк кызматыӊызда.

ПОМАДА СЫНЫП КАЛСА...
Помада сынып калган учурда колубузда калган бөлүгүн мурунку ордуна жабыштырып, тегиздейбиз. Фенди жылуу режимине коюп, помаданы айланта 3-5 мүнөт үйлөтөбүз. Же болбосо помаданын эки бөлүгүн теӊ ширеӊке менен күйгүзүп, бири-бирине чаптайбыз. Андан соӊ толугу менен бир массага келип, бекиши үчүн капкагын жаппай туруп муздаткычка 1-2 саатка салуу керек.

ЛАК КАТЫП КАЛСА...
Коюуланып, катып калган тырмак боёочу лакка ацетон кошкуӊуз келбесе, аны «жандандыруу» үчүн идишин кайнак сууга же болбосо крандагы ысык суунун агымына 5-10 мүнөт кармап туруӊуз. Аз убакытка болсо да сиздин кызматта болот.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
31.08.2015. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу кенештер учун рахмат,дагы ушундайлардан коп-коп жазгылачы
31.08.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары мага керектуу маалыматтар экен .чоон рахмат .жакшы коргон пудрам сынып калган да
01.09.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон рахмат жакшы экен
01.09.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш го
01.09.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат!!!!
03.09.2015. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенешинерге рахмат
04.09.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Кенеш экен
04.09.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу макияж экен десем....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо