-

Кытайда 3-сентябрда Кытай-Япония согушунун жана фашизмге каршы
ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШТУН аякташына 70 жыл толгону белгиленди. Салтанаттуу парадга президент Алмазбек Атамбаев жана Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 74 аскери катышты.
-
ЖОГОРКУ КЕӊЕШКЕ 2-сентябрь күнү 35 депутат келди. Кийин алардын катары 52ге жетти. Мыйзамга ылайык, кворум чогулбагандыктан жыйын кийинки күнгө жылдырылды. 3-сентябрда Жогорку Кеӊешке 30 гана депутат келгени маалым болду.
-
Таш-Көмүр шаарында аз кубаттуулуктагы МУНАЙДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ завод ишке берилди. Ишкана жылына 50 миӊ тонна продукция даярдайт. Заводдон АИ-92 бензини жана дизель майынан тышкары гудрон, битум жана крекинг-мазут өндүрүлөт.
-

Жогорку Сот депутат
ХАЖИМУРАТ КОРКМАЗОВДУ тергөө учурунда камакка алуу боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Бишкек шаардык соту Коркмазовду үй камагына чыгарган болчу.
-
Жогорку Кеӊештин азыркы курамындагы 120 депутаттын 92си ар кайсы партиялардын катарында кайрадан ШАЙЛООГО аттанышты.
-
Кыргыз-тажик чек арасындагы «Кара-Мык» тозотунда 23-августта кызмат өтөп жаткан жеринен ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН жоокер дале табыла элек. Бир айдан кийин жоокердин кызмат мөөнөтү аяктамак.
-
СИРИЯДАГЫ СОГУШТА жараланып, Түркияда дарыланган 1995-жылы туулган Жалал-Абаддын тургуну Кыргызстанга келди. Ал бир өпкөсүнөн ажырап майып болуп калган. Бул тууралуу УКМК билдирет.
-
Тажикстандын президенти ЭМОМАЛИ РАХМОН өзүнүн 37 жаштагы кызын бийик даражалуу «Шараф» ордени менен сыйлады. Президенттин кызы Озода Рахмон учурда тышкы иштер министринин биринчи орун басары.
-
Парламенттик шайлоого талапкер болуп атталгандардын ичинен 234 адам КЫЛМЫШ ИШТЕРИНДЕ катыштыгы бар. Ички иштер министрлигинин билдиришинче, алардын 53ү боюнча сот чечими жок, 15и атайын каттоодо турат, 3 талапкер издөөдө жүрөт.
-
Депутаттыктан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган Абдулатип Режавалиевдин ордуна БШК АСЫЛБЕК АРАПБАЕВГЕ мандат тапшырды.
-
КЫРГЫЗ-КЫТАЙ чек арасындагы Торугарт автожолу жана Эркеч-Там автожолу өткөрүү бекеттери 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин жабык болот. Чек аранын жабылышы Кытайда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына 70 жыл толгонун белгилөөгө байланыштуу.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg