САМАКОВДУН ЖЕР ЧЫРЫНА ЧЕКИТ КОЮЛА ЭЛЕК

№670 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж

Жогорку Кеӊештин депутаты Карганбек Самаковдун 262 гектар жерге байланыштуу чыры өкмөттүн да шайын оодарууда.
Ушул жылдын май айында Карганбек Самаков Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарындагы 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (айдоо аянттарын үй салууга боло турган категорияга которуу) кылмышына айыпталган. Айдоо аянттарын жер тилке катары трансформациялоого 2008-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Игорь Чудиновду кошкондо 80ге чукул кызмат адамдары кол коюп макулдугун беришкен. Бул жер тилкелерин сатуудан Самаков 8 миллион доллар пайда көргөнү айтылып, эл өкүлү камакка алынган болчу. Аз өтпөй ал үй камагына чыгарылган.
Эми прокуратура өкмөттүн ошол чечимдери мыйзамсыз экендигин азыркы өкмөт таанып берсин деп сунуш кылууда. Өкмөт учурда эки анжы ойдо турат. Бул иш боюнча министрлер кабинети дагы бир жыйынга чогулууну пландап жатат. Прокуратура кызматкерлеринин билдиришинче, бул ишке байланыштуу токтомдор мыйзамсыз деген юридикалык фактыны далилдеп берүүнү өтүнүшүүдө. Мындан жер тилкелери арестте турган жарандар жапа чекпейт дешет алар.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
07.09.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугункудой чечкинсиз бийлик окмот соттор турганда бул эле эмес мындан да оор кылмыштарга эч качан чекит коюлбайт.Жеке Самаковду эле эмес ошол эле эрке талтан Чудиновду ага кошуп ошол 80 адамды соттомок бийлик башында коррупцияга аралашпаган таза адамдар болгондо.Нарынбаев Коркмазовдордун иши деле ушундай нук менен кетет ал да сокур адамга корунуп турган иш.
07.09.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа давно пора! Бирок биздин бир таман жерибиз алдырып жибербообуз абзел
08.09.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул закон чондорго емес окшойт озу карапайым елге тоок урдагандарга окшойт озу, бу чондор бизди камаганга болбойт деген закон чыгарып алышканго оздоруно болбосо 262гектар деген емне деген жер.карапайым ел 5сотыхка зар болуп уй салып алышса ошону да жон койбой сурдуруп атышат качан караба законго туура келбейт деген шылтоону айтып же журоктору кармап ооруй калышат.кудайым жазанарды берсин мамлекеттин байлыгын уурдагандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо