«ГАЗПРОМДУН» БАШЧЫСЫ КЫРГЫЗСТАН КЫШТАН АМАН ЧЫГАТ ДЕЙТ

№670 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж

Орусиянын «Газпром» ААКсынын башчысы Алексей Миллер президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда Кыргызстан кыштан аман чыгарын айтты. Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри эмес, Кыргызстандын өкмөт башчысы да эмес, Орусиянын ири монополдук компаниясынын башчысы бизге кыштан аман чыгып-чыкпасыбызды айтып жатат. «Жакында кыргыз өкмөтүнө кышка даярдык боюнча маалымат беребиз. Өткөн жылдагыдай эле быйылкы кыштан да мыкты чыгабыз»,- деди Миллер. 
Көгүлтүр оттун тагдыры толугу менен Орусиянын карамагында, жакынкы жылдарга курулушу белгиленген ГЭСтер менен кошо электр энергия тармагы да Москванын Бишкекке таасир көрсөтүүчү кнопкаларынын бирине айланат, күйүүчү майдын басымдуу бөлүгү да Орусиядан келет. Атүгүл жогорудагы жолугушуу 31-августта өтүп, кечке жуук Эгемендүүлүк күнүнө арналган Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы концерт «Газпром» компаниясынын каржылоосу менен өттү. Мунун баары Кыргызстан Орусияга көз каранды болуп бара жатат деген сындарга жем болууда.
Датка-Кемин жогорку чыӊалуудагы электр өткөргүч чубалгысын ишке киргизүү менен Өзбекстан жана Казакстанга көз карандылыктан кыйла кутулдук деп сүйүнүп жатабыз. Бирок ошол эле энергетика тармагында Орусияга көз карандылык күндөн-күнгө күчөп баратат. Өлкөнүн энергетикалык тармагы стратегиялык мааниге ээ. Аталган тармакты орусиялык компаниялардын көзөмөлүнөн акырындык менен чыгаруу үчүн кыргыз бийлиги гидроэнергетикалык тармагын кризистен чыгаруусу, өнүктүрүүсү зарыл.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
07.09.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман чыгат дебей газ узгултуксуз берилип кыштан жылуулукта чыгат десен Миллер акеси же сенин газынсыз кыргыз кырылып калат дейсинби тезек терсе да аман чыгат кыштан.Ойдо томон тантып суйлогон сага да жукканбы дейм биздин ажобуздан.
07.09.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси болсо да тынчтык эле болсо болду, ансыз деле орусияга коз каранды болуп канча жылдан бери ошол жактан наныбызды таап жеп атабыз го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо