ДОСТУКТУ ДАҢАЗАЛАГАН "1+1" ТАСМАСЫ

№670 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж

Бай+кедей жашоосу. Байдын өзүнчө, кедейдин өзүнчө түмөн түйшүгү бар. Биринин жашоо-турмушу экинчисине маӊыздуу, кызыктуу көрүнгөн каармандардын башын бириктирген «1+1» (баштапкы аталышы «Кол тийбестер» – «Неприкасаемые») тасмасы көрөрманды кайдигер калтырбайт деп ишенем. Тасма жашоону, тегерегиӊдеги адамдарды сүйө билүүгө, аларга ишенүүгө, ар бир көз ирмемди баалоого түрткү бергендей элес калтырат.

Тарткан өлкө – Франция
Чыккан жылы – 2011-жыл
Жанры – Трагикомедия
Режиссёр-сценаристтер – Оливье Накаш, Эрик Толедано
Композитору – Людовико Эйнауди
Башкы ролдордо – Франсуа Клюзе, Омар Си
Сыйлыктары – «Алтын жылдыз» , «Сезар» жана башка
Тартууга кеткен каражат – 11 500 000 АКШ доллары
Сатыктан түшкөн каражат – 426 588 510 АКШ доллары

ФИЛИПП ЖАНА ДРИСС ДОСТУГУ
Филипп – байлыгы ашып-ташкан, бирок ден соолугунан ажыраган ак сөөк адам. Эс алып жүргөндө кырсык тооруп парапландан кулап, өмүр бою майыптардын арабасында отурууга аргасыз болгон. Аялы каза болуп, заӊгыраган чоӊ үйдө 16 жаштагы кызы жана үй кызматчысы үчөө жашайт.
Ал эми Дрисс – баӊгизат колдонгон, шаан-шөкөттү сүйгөн, күндөп-түндөп үйүнө токтобогон тентек жигит. Бири-бирине карама-каршы келген бул эки адамды тагдыр кандайча тааныштырат?
Оорулуу адам чыргоо болуп калат дегендей, Филипптин «каприздерине» бардык эле жардамчылары чыдай бербейт. Анткен менен моюндан ылдый бөлүгү кыймылга келбеген анын жанында күнү-түнү карап, кам көрчү адам болушу шарт эле. Ал эми Дрисс жумушсуздарга берилчү жөлөк пулду алыш үчүн «жумушка кабыл алынган жок» деген маалым кат алышы керек болчу. Бирок анын «мени да кабыл албайт» деген оюн таш каап, Филипп кара терилүү Дриссти жардамчы кылып жумушка алат. Жаӊы жардамчы оорулуунун жашоосун 180 градуска өзгөртүп, баш аламандыкты жаратат. «Эл эмне дейт? Маданияттуу адам мындай кылбашы керек» деген принциптердин быт-чыты чыгып, шайыр Дрисстин жардамы менен Филипп марихуана чегип көрөт, спирт ичимдигин ичет, сөгүнүп-сагынганды үйрөнөт. Интернеттен тапкан сүйүктүүсү менен жолугат, акыры жалгыз эместигин, оорулуу адамды да сүйгөндөр, баалагандар болорун түшүнөт.
Өз кезегинде Филипптин жашоосунан таасирленип Дрисс да шайкелеӊ досторунан кол үзүп, уурулугун таштап, апасына, ини-карындашына жардам берген камкор адамга айланат. Тасманын аягында Филипп экинчи ирет үйлөнүп, эки кыздуу болсо, ал эми Дрисс ишкерлик менен алектенип, үй-бүлө күтүп, үч баланын атасы экени жана экөө азыркыга чейин байланышты үзбөй дос болуп келе жатканы айтылат.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
1. Тасманын сюжети чыныгы жашоодон алынган. Француз аристократы Филипп Поццо ди Борго 1993-жылы кырсыктан улам майып болуп калат. Анын мүӊкүрөп отуруп калбай жашоосун улантып кетүүсүнө жардамчысы, араб улутундагы Абдель Селлунун салымы чоӊ.
2. Бул окуянын негизинде 2001-жылы «Экинчи мүмкүнчүлүк» («Второй шанс») чыгармасы китеп болуп басылып чыгып, анын негизинде 2004-жылы даректүү фильм
тартылган.
3. Тасманын режиссёрлору жана сценаристтери Оливье Накаш жана Эрик Толедано тасманы тартардан мурун Филипп Поццо менен жолугушкан. «Филипптин ар бир кадрды тартууда чоӊ салымы бар» дешет кино жаратуучулар.
4. Баш каармандын ролун жараткан Франсуа Клюзе да тартуу иштери башталарда Филипптин мастер-классынан өтүп, анын сүйлөө манерасы, жүрүм-турумуна чейин үйрөнгөн.
5. Омар Си сценарий жазылгычакты эле Дрисстин ролун ойноого чакырылган жалгыз актёр. Ал бул тасмага тартылуу үчүн 5 килограммга арыктаган.

КИНОДОГУ ЭСТЕ КАЛГАН ЦИТАТАЛАР:

Филипп: – Сиз Шуберт, Шопен, Берлиозду тааныйсызбы?
Дрисс: – Берлиоз дейсизби? Сиз да Берлиоз менен таанышсызбы?
Филипп: – Мен ал боюнча көп изилдегем, адисмин десем болот.
Дрисс: – Коюӊузчу, ай, кимисин тааныйсыз, кайсы үйдөгү?
Филипп: – Кандайча кайсы үйдөгү? Жок, угуп турсаӊыз, азыр Парижде Берлиоз деген район бар. Бирок 19-кылымда ал композитор, жазуучу, сынчы болчу...

Дрисс: “Эгер угуп жаткан музыкага бийлей албасаӊ, ал музыка эмес”.

Кымбат баада сатылып жаткан сүрөткө Дрисстен комментарий: “Бир кишинин мурду канап кетиптир, ошого 30 000 доллар сурап жатабы?”

Филипп: “Эки моюн омурткам сынгандан кийин кыялымда гана учуп калдым”.

Филипп Поццо жана Абдель Селлу "1+1" тасмасынын бет ачарында.

Асыл Орозбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
07.09.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сонун кино кайра-кайра коргондон эч тажабайм.
07.09.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
vivi,соонун кино. Мааниси супер
07.09.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба, аябай жакшы кино
07.09.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруш керек
07.09.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да коргом, абдан жагат.
07.09.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң сонун тасма, “Бир кишинин мурду канап кетиптир, ошого 30 000 доллар сурап жатабы?” уваха-ха))))
07.09.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагат да ушу кино мааниси да сонун
07.09.2015. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кино.маанилуу дагы
07.09.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жагат
07.09.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Достор кайдан тапсам болот?
08.09.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер кино..
08.09.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы кино,
10.09.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кинону жаратуучуларга рахмат...Турмушта кандай болбосун жашообузду жакшы маанай менен откоруу озубуздон экенин ачып,коргозгон.
10.09.2015. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кино мага абдан жагат. Озгочо чыныгы жашоодон алынганы менен. Мен азыр ушуну коруп отурам. Абдан реалдуу фильм
13.09.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу Супер-инфо,ушу кинонун денгээлиндеги дагы да коп фильмдер тууралуу жаза кетиниздерчи,озунчо постоянная колонка ачсаныздар абдан сонун болоор эле,анткени кээбир фильм,докум.фильм,жадакалса мультфильмдер да адамдын ан-сезимине жакшы таасир берип,ой-жугуртуусун озгортот эмеспи.Кээде кандай кино кором деп таппай калабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо