Өмүрбек Текебаев: «АЛАРДЫН БААРЫ БИЙЛИКТИ «ХОП, МАЙЛИ» ДЕП УКПАГАН АДАМДАР»

№670 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж

Парламенттик шайлоону утурлай чоӊ казатка аттанган партиялык лидерлерден «Азаттык» маек алууга киришти. Боршайкомдун талапкерлер тизмеси менен күрөө тапшыруу боюнча элегинен өткөн 14 партиянын тизмелери учурда ИИМдин тыкыр иликтөөсүндө. Тагыраагы, талапкерлердин буга чейин соттолуп-соттолбогондугу каралып жатат. Мында Мелис Мырзакматовдун шайлоого катышуусу же катышпасы талкуу чордонун ээлөөдө. Ага кошумча тагдырдын тамашасыбы, айтор, Мырзакматов менен катар экс-башкы прокурор Аида Салянова да бир тизмеде шайлоого аттанганы турат. Өмүрбек Текебаев бул кырдаалды кандай түшүндүрөрү жалпыга кызык болду.

– Саламатсызбы? Алгач сизден бир өтүнүч, суроолорубузга буйтабай, кыска, анан так жооп берсеӊиз. Анда суроолорду баштайлы. БШК сиздердин талапкерлер тизмесинде 3-болуп бара жаткан Мелис Мырзакматовду каттабайбыз деп чыкты, а сиздер болсо «каттатыш үчүн аягына чейин барабыз» деп жатасыздар. Сиз эмгек сиӊирген юрист болуп туруп, соттун 2-инстанциясындагы чечим чыккан адам талапкер боло албасын билсеӊиз керек. Же бул Мырзакматовдун электоратын алууга болгон аракетпи?
– Биринчиден, «Ата Мекен» менен «Улуттар биримдиги» кызматташуу боюнча келишимин түзгөндө, Мелис Мырзакматовду биринчи инстанциядагы сот соттой элек болчу. Келишим түзүлгөндөн кийин аны шашылыш түрдө бүт мыйзам эрежелерин бузуу менен соттоду. Муну адилет эмес сот деп коёт. Ал эми Курултай Мырзакматовду тизмеде 3-орунга койгондо, шашылыш түрдө 2-инстанциядагы сот чечими күчүнө кирди. Сиз айткандай, мен эмгек сиӊирген юристмин. Мырзакматовдун иши атайын ойлоп чыгарылган саясий мотиви бар иш, ошондуктан биз Мырзакматовдун талапкерлигин өзүбүз албайбыз.
– «Аягына чейин барабыз» деп жатпайсыздарбы? БШК соттолгон адам талапкер боло ал­байт деген принципте турат. Тиз­меден чыгарса сиздер макулсуздарбы же каршылык көрсөтүү аракеттери болобу?
– Биздин макул эмеспиз деген позициябыз кала берет.
– Сиз тизмеден чыгарын көрүп эле турасыз. Мыйзам боюнча тизмеден чыгарылат да...
– Ал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алат. Ал жерде да бир пикир бүгүн жок.
– Түшүнүктүү. Кийинки суроо, ошол эле сиздердин талапкерлер тизмесинде башка атка жамынгандарды «Азаттык» жакында эле шардана кылды. Маселен, БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова Клара Гүлнара Самат деген ат менен, Аида Салянованын агасы Калыбек Салянов Элтуйбасов деген фамилияга жамынып баратканы белгилүү болду. Буга кандай коммен­тарий бересиз?
– Элтуйбасов жөнүндө айтсак, ал өз талапкерлигин алды.
– Ушул макаладан кийинби же коомдук пикирден кийинби?
– Коомдук пикирди да эске алды десек болот. Бирок алынды. Ошондуктан ал маселе жок. Экинчиси, Клара Кабилова жөнүндө. Кабилова бүгүнкү партия лидерлери сымал эле ошол эле Адахан Мадумаров, ошол эле Аскар Салымбеков, ошол эле Алмазбек Атамбаев, ошол эле Феликс Кулов, ошол эле Алтынбек Сулайманов же Игорь Чудинов сыяктуу Бакиев убагында чоӊ кызматта иштегени чын. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болгон. Бирок бир жылдан кийин жергиликтүү шайлоолор убагында Максим Бакиев менен конфликт болуп, анын айтканын жасабай, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттарына мыйзам бузууга жол бербей койгону үчүн аны өлтүрөбүз деп коркутушкан. Кабилова өмүрүнө коркунуч туулганда Кыргызстандан Орусияга качып чыгып кеткен. Качып чыгып кетип жатып кокусунан өлүп калсам кимдерден көргүлө деген билдирүүсүн жаздырып, оппозициянын, менин колума таштап кеткен. Көп өтпөй оппозициянын өкүлдөрү, азыркы премьер-министр Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Алмамбет Шыкмаматов, мен болуп Москвага барып Бакиевдерге каршы күрөшүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келгенбиз. Ал ошол 2008-жылдан бери бакиевдик режимге каршы өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша күрөшүп келген. Азыр биздин партиянын тизмесине кирди. Анткени бизди 30га жакын мигранттардын уюму колдоп жатат. Ал 30 уюм 5 талапкерин биздин партия аркылуу жылдырып жатышат. Ошол мигранттардын бири Клара Кабилова. Ал аты-жөнүн Бакиевден качып жашынып жүргөн убакта өзгөрткөн экен.
– Дагы бир суроо. «Ата Мекен» партиясы шайлоодо элдин добушун алуу үчүн идеялардан, принциптерден баш тарткандай. Сиздердин тизмени карасак, Мелис Мырзакматов жана ага кылмыш ишин козгогон мекемени башкарган Аида Салянова бир тизмеде баратат. Анан мунун моралдык жагы кандай? «Ата Мекен» позициядан, принциптерден тайдыбы?
– «Ата Мекен» принциптерден тайган жок. «Ата Мекен» элде авторитети бар, Кыргызстандын патриоту болгон адамдарды бир тизмеге жыйнады. Тизмедеги 90 пайыз адамдар биздин партиянын мүчөлөрү. Союздаштардан келген 10-15 пайыз гана талапкерлер бар. Союздаштардан Садык Шер-Ниязды алалы. Бул өзүнчө гигант. Кыргыз маданиятын «Айтыш» фонду аркылуу көтөрүп, улуттук дөөлөтүбүздү көтөрмөлөп, колдоп келди. Кинематографияда да башы көрүнгөн инсан.
– Өмүрбек мырза, ал түшүнүктүү. Жарнама болуп кетет бул жагы.
– Жарнама эмес, сиз баары жаман деп айтып жатасыз да. Бул да жарнаманын бир түрү. Мыйзамды карасаӊыз, жамандаган да жарнама, мактаган да жарнама. Кантип ал адамды «Ата Мекенге» идеясы каршы адам деп айтасыз? Ал партиянын мүчөсү эмес. Салянова прокуратуранын ролун болуп көрбөгөндөй көтөрдү. Коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, жалпы эле мыйзам бузууларга каршы күрөштө өзүн көргөзө алган өз алдынча саясатчы болду. Сиз Мелис Мырзакматовду эски режимдин адамы деп айтып жатасыз. Жок, ал эски режимдин адамы эмес. Атамбаев баш болгон бүгүнкү партиялык лидерлер Бакиевдин колтугунда, Бабанов, Ташиевдер баары... Менден башкасынын баары Бакиевдин алдында иштегенин айтып өттүк. Ушулардын фонунда 2010-жылга чейин Мелис Мырзакматов перифериядагы, аймактагы, элге таанылбаган катардагы чиновник болгон. Анын Кыргызстандын саясий асманындагы жылдызы 2010-жылдан кийин жанды. 2010-жылдан кийин ал өзүн кризис менеджер катары, патриот катары көрсөтө алды. Эл сыйлаган саясатчы катары көргөзүп, жергиликтүү шайлоолордо Ош шаардык кеӊешин утуп алды. Бизди, бийликти утуп алды. Мына ошонун баары Мырзакматов Бакиевдики эмес, 2010-жылдан кийин жаӊы пайда болгон, жаӊы генерациядагы саясатчы экендигин көргөзөт. Атамбаевдин жана сиздин «Мырзакматов Бакиевдин кадры» дегениӊерге таптакыр каршымын.
– Ошол эле учурда «Ата Мекендин» камчысын 20 жылдан бери чаап келаткан, мисалы, Дүйшөн Чотонов...
– Угуп туруӊуз, Дүйшөн Чотонов «депутаттыкка коём» деп сизден сурандыбы?
– Менден суранган жок.
– Менден да суранган жок.
– Өмүрбек мырза...
– Депутаттыкка баруу бул ар бир адамдын өз ыктыярына жараша. Бирөөлөр коюп шагын сындыргысы келбейт. Биздин принцип башка партиялардай эле шайлоочуга барып добуш алып келген адам гана депутат болот деп жатабыз. Адам өзүнүн элине барып добуш алып келерине ишениш керек. Койгон тобокелчилиги акталарын билиши зарыл.
– Ошол эле учурда Калыкбек Султанов сиздин партиянын мүчөсү, алар партиядан чыкканбы? Мисалы, азыркы депутат Бактыбек Калмаматовдун айланасында да ар кандай сөздөр болуп жатат. Алар шайлоого катышабыз деп аракет кылышкан жокпу?
– Бардыгына шайлоого катышканга «Ата Мекен» мүмкүндүк берди. Биз ошол принцибибизде турдук, округ алып шайлоого барабыз деген депутаттарыбыз, партиянын мүчөлөрү барды. Округ алып шайлоого барып тобокел кылбайм дегендер барбады.
– Демек...
– Шайлоого катышуу – бул ыктыярдуу иш.
– Демек, мен айткан адамдар баргысы келген жок анда?
– Сиз алардан сураӊыз. Мен айтып жатпаймынбы, бул ыктыярдуу иш. Бирөөнү зордой да, алдай да албайсыӊ.
– Ошол эле учурда «Ата Мекенге» шайлоодон көп добуш алуу үчүн көптөгөн ар кандай позициядагы адамдар чогулгандай...
– Мисалы?
– Мисалы, эл ичинде ошол эле Салянова, Мырзакматов боюнча ар кандай ойлор айтылып жатпайбы...
– Ар кандай ой айтылган жок. Накта бириге турган адамдар бирикти деп акыл-эстүү адамдар ынанып жатат. Бул адамдардын баары бийликти, Атамбаев жана анын командасын башкалардай болуп «хоп майли» деп укпаган адамдар. Өзүлөрүнүн мүнөзү, принциптери бар адамдар. Принциптер бул патриотизм менен мыйзамдуулук экендигин билген адамдар. Элде авторитети бар адамдар. Алар «Ата Мекен» партиясынын тутунган принциптерин, программаларын колдойбуз деп эл алдында айтып отурат. Ошондуктан «Ата Мекенде» идеялуу адамдар, позициялары негизинен дал келген адамдар жыйналып отурат. Ал эми идеялары ар башка, табакташ болгонго умтулган, эптеп эле Жогорку Кеӊешке келип калгысы келген адамдар башка партияларга биригип жатышат.
– Ушул суроого эле улай, сиз партиянын Курултайында «бул бийликтин өгөй баласы болдук» дегендей пикир айттыӊыз. Бирок «Ата Мекен» коалициялык көпчүлүктө. Керек болсо «Ата Мекен» өкмөт башчысын шайлады. Сиздер бийликтин өгөй баласы болуп жатсаӊыздар, эмне үчүн коалициядан чыгып кеткен жоксуздар?
– Мындай да, премьер-министрди бир фракция шайлабайт, Жогорку Кеӊеш шайлайт. Жогорку Кеӊешке коалиция сунуш кылат.
– Бирок «Ата Мекендин» мүчөсү...
– Ал башка кеп. Бул бир. Экинчиси, коалициялык өкмөт түзүү зарыл. Кыргызстанда өкмөтсүз болбойт. Бир партия, эки партия түзө албайт, ага үч партия болушу керек. Кыргызстандын 5 фракциясынын экөө тарап кетти. 3 фракция калдык. Өкмөт түзүп, кыргызда айтып коёт «жебеген самсага пул төлөп» депчи, ошентип бийлик бизде болбосо дагы жоопкерчилигин алып Кыргызстан үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн, бийликти эмес, жоопкерчиликти алып, бийликтин жыргалын эмес, ишин өзүбүзгө алып, коалицияга кошулуп иштеп жаттык. Коалицияда туруп, биз мыйзамдуулук үчүн, экологиябыздын тазалыгы үчүн, чет элдик ири компаниялар Кыргызстандын байлыгын талап-тоноосуна каршы ошол жерде туруп күрөшүп келдик. Сиздин оюӊузча, биз Атамбаевдин айтканын ойлонбой эле көздү жумуп жаcай беришибиз керек экен да. Коалицияга кирген адам президентти угат деп Конституцияда жазылыптырбы? Коалицияга кирген адам теӊ ата болуп өзүнүн оюн айтып, ошону өткөргөнгө аракет кылыш керек. Парламентте ошону коргош керек, өкмөттө ошону коргош керек. Эгер парламент кабыл алса, анан мамлекеттин саясаты болуп калат. Бүгүн айтат «сен коалицияда туруп Атамбаевди укпайсыӊ, сен коалицияда туруп Чыныбайды укпайсыӊ, чыгып кетпейсиӊби» деп. Эгер мен жакпасам, «Ата Мекендин» позициясы жакпаса, өзүлөрү чыгып кетсин. Мен маселени так ушундай коёт элем.

Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектен түшүрүлүп, кыскартылып берилди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(23)
07.09.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Текебаевтей чечен саясатчы жокко Кыргызстанда чиркин,Мырзакматов жонундо айтканына кошулам чындыгында 2010-жылдан кийин жанды анын жылдызы!!!
07.09.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
tilek-x,мырзакматовдун жылдызы жанса ал асмандан жерге карап пул чачып жылдыз долгое жок. Ош июнь окуясынан кийин шаардын абалы ит коргус болуп калган. Азыр кандай кылып койду. Туура акча жеди бирок ишти да кылды. Аял киши деле кухняда тамак кылганча аны мунусунан жейт да туурабы. Ошол сыяктуу мырзакматов да жеди бирок ишти да кылды. Текебаев бул жерде умныйлык кылды. Мырзаакматовду Ош жана Жалалабад ошондой эле Баткен областары колдойт. а текебаевге добуш керек мелис озу жок бирок аты аталып текебаевге
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-07 14:39:24
07.09.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Titi - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөгө тыюу салынат.
07.09.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевди мен саясатчы катары корбойм бул урушчаак киши! Бирок мындай киши керек бизге любой кишине алып тушот
07.09.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен эс тарткандан бери бийликте ушул киши,бир кыйратканын корбодум. Тили эле бар 25 жылдан бери депутат. Алгылыктуу бир да иш аткара элек.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-07 12:18:41
07.09.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул кишинин бары да жакшы, жок болсо кимди сөз кылмак элеңер
07.09.2015. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумторду улутташтырам деген ушул киши Бир болдогу байларга салыштырмалуу Текебаев бир топ алдыда
07.09.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ мурда ата мекенди жактырбашчу эле , эми мырзакматов атамекенчи болгондон бери , тим эле ал партияга суйусун арнап жатышат.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-08 10:25:21
08.09.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chr1s8rown - 3 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
07.09.2015. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Текебаев,сиздей саясатчы керек.Парламентте 120 депутат болсо,119 оозунан эч нерсе чыкбайт эле,креслодо ургулоп жабышканы жабышкан эле.Сиз Текебаев эн алдынкы номер биринчи адамсыз Кыргызстанда.Ит уро берет Текебаев Мырзакматов журо берет.Алга Ата мекен и Улуттар биримдиги.
07.09.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевти колдойм,Атамбаевтин шайкасы эмес!
07.09.2015. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жигитсинби бир созундон кайтпагын....Мырзакматовду эч кимге карабай депутат кылып таштагын...
08.09.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiba91kg,ыр токуп жибердинго.
08.09.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу калайык калк,Онугуу-Кыргызстан партиясы мн Республика+Ата-журтту колдогула демекчимин,партиялардын арасынан ушул эки партия гана тузукроок деп ишенем!
08.09.2015. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Текебаевди президент кылып шайлаш керек тартипти катуу караса керек саясаттыда семичкедей чагат
08.09.2015. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул киши мага жакпайт сеники меники деп болгон адам. бир нерсе айта кетейин сузак районунда барпы деген айыл бар ошол барпы айылынын комсомол деген жерин шаарга чейин жолун ондоп асфальтап калган жагын ташиевдин жолу озу кылып алсын деп таштап койду эми ушундай да болобу
08.09.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттардын бизге кереги деле жок,элге пайдасы тийбесе элдин акысынан жашашса эмне кереги бар шайлап. Мырзакматовду соттоп жок кылышса эл учун дегендерди.
10.09.2015. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш интервью бериптирго))))) Омурбек Чиркешович только вперед!!!
11.09.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулкумду келтрбегилечи.. Мен 100%гарантия берем булар шайлоодон кийин убадасын унутат. Эчтеке кылбайт муну мен айтып жатам!!!!!!!!!!!!!!!
11.09.2015. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобоо,уялбай кантип убада берип жатат,ушунча жылдан бери кылбаган
эми кылатбекен.кантип жомок айтасынар,шайлоо жакындадыда.эл деле ишенбей калды силердин убаданарга.
12.09.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх туугандар чондордун бирине да ишенбегиле баары озун и капчыгын ойлойт андан коро оз кучунорго дос туугандарынарга жана конушу колонго ишенгиле ошолор жардам берет. Ушунча жылдан бари креслодон тушпой олтуруп жасабаган эми жасайт беле баягы эле карапайым эл кыйналат ушунчалык эл учун иштесе кана кылган иштерин корсотсун эл алдында ОТЧЕТ берсин бул чондор элдин адамыбы ОТЧЕТ берстн мен тигини кылдым буну кылдым деп анан эл оздору баалап тандайт булар эч качан элдин кызыкчылыгын ойлобойт.
12.09.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл учун иштейт экен кана эн биринчи эл учун дуйнолук талапка жооп берчу жабдыктар менен медицинаны камсыз кылсын бир адамды куткаруу учун РОССИЯГА бар анан Америкага бар ошол жакта операция жасалат бизде андай техника жок дебей и качанкы УАЗИК машыналар турат ошолорду алмаштырсын эл учун иштесе таза суу чыгарсын ар бир айылга шаарга ар кочого. Шайлоо учурунда миллион акчаны чачкыча ошондо эл баалайт ушул кылган деп оздору шайлап алат анан кайдагы сказканы айтпай элди тупой деп ойлошот окшойт.
18.09.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүрбек Текебаев биз 22-жылдан бери сизди колдойбуз алга.
Ата Мекен учканга канат, укканга санат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо