ҮЙДҮН СЫРТЫН ЖЫЛУУЛАП, КООЗДОО

№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж

Гезитибиздин буга чейинки санында времянка курууга канча каражат кетерин жазган элек. Бул сапар ошол чакан үйдүн сыртын кооздоп шыбайбыз. Сыртын кооздоп шыбоого орто эсеп менен канча каражат кетет жана кандай түрлөрү бар экенин билип алсаӊыз, эч качан ашык болбойт. Бүгүн болбосо эртеӊ сөзсүз ар бир адамдын башына келүүчү жагымдуу түйшүк туурасында Рахат Ажиев кеӊеш берет.

ЖЫЛУУЛОО
Клей – 20 мүшөк, 1 мүшөгү 170 сомдон – 3400 сом.
Пенопласт (2 чарчы метрлик) – 40 даана, 1 даанасы 140 сомдон – 5600 сом.
Бекитүүчү мык – 200 даана, 1 даанасы 70 тыйын – 140 сом.
Тор – 1 түрмөк, 1 түрмөгү 900 сом.
Жылуулаштын кереги жок десеӊиз, кум шыбактан кийин табитиӊизге жараша кооздоп шыбак (декоративная штукатурка) тарта бериӊиз.

Жалпы – 10 040 сом

Пенопласттын чарчы метри 150 сомдон чапталат (79 чарчы метр).

Кызмат акысы – 11 850 сом

ЖАМГЫР (дождик)
Кальцит – 15 мүшөк, 1 мүшөгү 200 сомдон – 3000 сом.
Боёк (колер)– 1 бөтөлкө (эгер кочкул кылам десеӊиз 2 бөтөлкө) – 1 даанасы 50 сом.
Кожоюндун табитине жараша ар түрдүү (кызыл, сары, көк, жашыл, күрөӊ) боёк кошууга болот.
Кальцитти суу менен аралаштырып, боёк кошуп, калак (шпатель) менен тартат.

Жалпы – 3050 сом

Шыбактын чарчы метри 200 сомдон шыбалат (79 чарчы метр).

Кызмат акысы – 15 800 сом

ШУБА
Ак цемент – 1 мүшөк (50 килограммдык), 1 мүшөгү 1500 сом.
Мрамор ташынын куму – 2 мүшөк, 1 мүшөгү 400 сомдон – 800 сом.
ПВА клей – 2 литр, 1 литри 120 сомдон – 240 сом.
Ак цемент, мрамор ташынын куму, клей сууга аралаштырылып, атайын машинка (шарманка) менен чачылат.

Жалпы – 2540 сом

Шыбактын чарчы метри 50 сомдон шыбалат (79 чарчы метр).

Кызмат акысы – 3950 сом

МАРЖАН РИФИ (коралловый риф)
Кальцит – 15 мүшөк, 1 мүшөгү 200 сомдон – 3000 сом.
Боёк – 1 бөтөлкө (эгер кочкул кылам десеӊиз 2 бөтөлкө), 1 даанасы 50 сом.
Кальцитти суу менен аралаштырып, боёк кошуп атайын аппарат менен чачат.

Жалпы – 3050 сом

Шыбактын чарчы метри 200 сомдон тартылат (79 чарчы метр).

Кызмат акысы – 15 800 сом

Мындай шыбактар бир нече жылга чейин жаӊы жасалгандай көркүнөн кетпей тура берет. Андан кийин кайрадан жаӊыртам десеӊиз, кооздолгон шыбактын үстүнөн берилүүчү сыр алып (водоэмульсионная краска), валик же щётка менен сырдап салыӊыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(10)
14.09.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааа жакшыы рахмат кенешинерге.
14.09.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо гезити капустаны остуруу анан турлору азыр жана кышка сакталчу капустаны баасы канача кышында канча болот ушул жонундо маалымат берип койунуздарчы айылга барсам баары ушул жонундо суйлошот дыйкандарга жардам болот беле бир аз да болсо алдын ала чоон рахмат.
14.09.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beben, саламатсызбы!
Сунушуңузга чоң рахмат, аракет кылабыз.
14.09.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чооң рахмат.
15.09.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat silerge kop kop paidaluu kenesh berip juro bergile
15.09.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
усталарды кайдан табабыз Шаарда
16.09.2015. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо азаматсынар!ийгилик!жашоо турмушка керектуу нерселерди подробно жазганынар,кубандырат жана ыраазы кылат.Оркундой бергиле!
16.09.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен супер инфочулар ракмат.Дагы коп коп кенештерден жазып тургула.
17.09.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимде ким уйунун сыртын ушундай кылып жасаткысы келсе 0773521988. 0702142295 звандасаныздар болот качественный кылып беребиз. гарантя бар
30.09.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу кенештер экен,рахмат супер инфо!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо