Алтынбек Сулайманов: «БИЗДИ УКПАСА, КЕСКИН ЧАРАЛАРГА БАРАБЫЗ»

№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж

Кыргызстан жакынкы 5 жылдык тагдырын аныктоочу окуянын алдында турат. Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын лидерлеринде эмне максат-мүдөө бар? Буга чейин эмне кемчиликтерди кетиришти, эми кантип аларды жоюшмакчы? Алардын сыймыктана турган кандай жетишкендиктери бар? «Азаттыктын» партия лидерлери менен болгон маектеринин урунттуу учурларына бул санда да орун бердик.

– Алтынбек мырза, «Бир бол» парламентке өтөт деп ишенип турасыздарбы?
– Атаандаштарыбыздын баары күчтүү партиялар. Албетте, өтөбүз деген ишеничибиз бар.
– Мен эсептеп бара жатып жаӊылып кеттим, аябай көп сандагы «Ак жолдун» мурдагы депутаттары, Бакиев бийлигинин акыркы күнүндө аны менен иштешип жаткан премьер-министр, министр, прокурорлор жүрөт. Ушундай эски кадрлар менен парламентке өтөбүз деп ишенип турасыздарбы?
– Албетте.
– Эл 2010-жылы ыӊкылап кылып бул кишилерди тараткан болчу да...
– 2010-жылы тарагандан кийин Акаевдин же Бакиевдин кезинде иштегендердин баары иштебей калдыбы? Ар бири өз мезгилинде Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкон. Азыр жакшы иштеген инсандардын баары өз ордун таап, ар жерде иштеп жүрүшөт. Биздин тизмеде да ошондой кишилер бар.
– Талапкерлер арасында криминалга тиешеси барлар тууралуу көп сөздөр жүрүп жатат. Сиздердикине келсек, «Душка» деген каймана аттуу Дүйшөн Төрөкулов криминалга тиешеси бар делип жатат. Ошто көбү тааныйт экен. Ал тургай Кара-Суу районун кармайт, карайт деп айтып жүрүшөт...
– Дагы жаӊылышып жатасыӊар. Маалыматыӊарга журналисттик жакшы анализ жүргүзүп алсаӊар болмок. Ал жигит Ошто спорт комитетин башкарат.
– Ооба, аны билебиз. Андан тышкары...
– Ал жигит бул күнгө чейин спорт тармагында жүргөн. Криминалдык дүйнөдө жүргөн болсо иликтеп көргүлө, кимдер менен жүргөн, кайсы кылмышты кылган? Жөн эле спортчуларды же көчөдө тентегирээк жүргөн балдарды криминалга такай берген туура эмес.
– Сиздин атыӊыз деле аралашып жүрөт...
– Ооба, меники да көптөн бери аралашып жүрөт. Дагы айтам: иш козголмок түгүл бир күн да милиция кызматкерине сурак берип көргөн жигит эмесмин.
– Ош аэропортундагы карактоо боюнча мурдагы партиялашыӊыз Жусуп Коргонбай уулу жана анын иниси Жоомарт «каракчылыкка шектелгендердин бирөөсү менен байланышыбыз болгон, катташып жүргөнбүз» деп моюнга алышты. Сиздин дагы бир өнөктөшүӊүз, партиялашыӊыз Замир Сыргабаевдин бир тууган иниси да каракчылыкка шектелип кармалды. Ошол миллиондогон долларды карактаган ишти бийликте отурган чоӊ жетекчилер болбосо, таасирдүү топ болбосо жасай алмак эмес деп багытты сиздер тарапка буруп койгон болчу. Сиз кандай жооп бересиз, байланыш бар болуп калган жокпу, же жөн гана дал келүүчүлүкпү?
– Замир Сыргабаев көп жылдар бою жанымда жүргөн. Иниси ошол ишке аралашып жаткан болсо, ал азыр түрмөдө отурат. Ал ишти жасагандар бүт ачыкка чыгып, камалганы камалып, качканы качып, керек болсо ал ишке байланыштуу казактар да кармалды. Бүт аягына чейин чыкты да. Чыккандан кийин ошол сөз да токтободубу. Аралашкан болсок бизди эбак эле жеп коймок да?!
– Бир тыйын дагы алган эмессизби?
– Кандайча бир тыйын алышым керек?! Сен мындай кичине сөзүӊдү оӊдоп койсоӊ...
– Жок-жок, колуӊузга бир тыйын да тийген эмеспи?
– Тийген эмес. Керек болсо биз ал ишти билген эмеспиз, кийин билип жатпайбызбы.
– Сиздин кирешеӊиз кайдан түшөт, эл билсе болобу ушуну?
– Менин кирешем... Менин компаньон досторум бар, депутаттыкка келгенге чейин жасап жүргөн бизнесимди уланткан инилерим бар. Бизнесим көбүнчө курулуш тармагында. Өндүрүш жакта да бар. Түрдүү иштерди кылган «Карго» бар.
– Декларация толтурганда жалаӊ эле айлыгыӊызды көрсөтүпсүз. 2014-жылга 721 миӊ сом деп эсептелиптир. Сиз анчалык кедей эмессиз да?
– Көрүп жатпайсыӊарбы, мыйзам иштебей жатса, элдин бардыгы байлыгын көрсөткөндөн коркушса, анан журналисттер алып чыгып көрсөтүп жатсаӊар, ким кепилдик берет?.. Эртеӊ аларды кимдер келип тоноп кетет? Бул деген жашыруун болушу керек да. Декларация деген менен ар бир жарандын коопсуздугу сакталышы керек...
– Сиз мамлекеттик кызматкер катары мыйзам боюнча ачык болушу керек да.
– Ооба, меники боюнча эч бир мыйзамды бузган эмесмин. Мүлктөрүмдү өзүмдүн атыма жаздырган эмесмин. Мен азыр бизнес менен алектенбейм, бүгүн депутат катары мамлекеттен маянадан тышкары эч нерсе алган жокмун. Бизнесимдин өзүнүн менеджерлери бар, бир тууган иним бар, ошол жумуштарды жүргүзүп жатат.
– «Жаш күч» деген спорт клубуӊуз Ошто көп. Парламенттик шайлоодон кийин башкача натыйжалар чыгып калса, «Жаш күчтүн» спортчулары кокусунан ошол иштерге аралашпайбы?
– Жеӊгенди да, жеӊилгенди да билиш керек. Эгерде биз чындап жеӊген болсок, тийиштүү добушубузду алган болсок, бирок жыйынтык бурмаланса, анда биз ар бир шайлоочубуздун добушун коргоого милдеттүүбүз.
– Кантип коргойсуздар?
– Кеттик, согуштук, мушташтык деген сөз болбойт. Биз мыйзам чегинде барышыбыз мүмкүн. Эгерде талабыбызды талашып, добушубузду сактап бергиле дегенибизди укпаган болсо, анда башка нерселерге да барышыбыз мүмкүн.
– Мисалы, эмнеге барышыӊыздар мүмкүн?
– Биз анда бүгүнкү бийликтин кетишин талап кылабыз.
– Сиздер айтсаӊыздар эле кетпейт да...
– Кетпесе... Кандай кетпейт? Биздин туура койгон талаптарыбызды укпаган болсо, анда биз деле «крайний» жолдорго барышыбыз мүмкүн. Буга эч ким кепилдик бере албайт.

Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектен түшүрүлүп,
кыскартылып берилди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(46)
14.09.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
уят деле жок экен!
14.09.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
элдер билип алгыла ким олкодо жанжал салышка кызыкдар экенин!!!
14.09.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
барышыбыз мумкун деп булар элди,бийликти коркутканы да ушуларды шайлайлы...уяты жок адамдын денгеели корунуп турат кантип бийликти алыш керек оюунда...
14.09.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Парламенткке келе элек жатып коркутатго. Бир болго мурдаагы бийликте жана азыркы бийликте иштеп тамагына чейин жеп тойуп калган коруционерлер бириккени мынаке далил. Бирболдун тузгон составын карагылачы кимиси жыргатты эле? Алтынбек Сулайманов,Игор Чудинов,Марат Султанов,Акылбек Жапаров ж.б.у.с. Толтура мындайлар...уялбай оз байлыгын жашырбай айтып койот кимге кантип жаздырганын. БИРБОЛ деп суусап колдоп атышкандарга сабак болсун,мындай мамлекеткке зыян алып келуучулорго парламентте оорун жок!
14.09.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Журналист ке чоон рахмат,ушундай ынгайсыз суроолор ду бериптир ишине ийгилик. Кулуп атып окудум бир тыйын алган жоксузбу деген суроосу жакты. Ушундай иштеш керек журналист деген .
14.09.2015. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баардык партия ларга ушундай ынгайсыз суроо лорду бергилечи, эл угуп ким кандай иштегенин билсин. Талыкпай иштеген журналистер кобойсунчу.
14.09.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кой терисин жамынган карышкырларго булар.. Элим эч качан акчага добушубузду сатпайлычы...
14.09.2015. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кримдуйносуз жашоо керек Кыргызстанга!
14.09.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эки созду жондой албагандар,депутаттын "шоопуру"эле болсо жарашат негизичи.
15.09.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльвира Караева, Мен "Бир Бол" СПсын колдойм же колдобойм ошондой эле СДПК жакбайт деген оюм эмес жон эле суроолорун таразага тартып корсонуз. Мисалы: БАТУКАЕВ жонундо суроолор канчалаган акчалар кайтарымсыз келип атат ошолор ж/до бир ооз ачылбайт. Ошолорду эске алсаныз
15.09.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят эле. Эл жонундо бир ооз созу жок, коздогону бийлик. Эми ушу кантип болсун?
15.09.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Мулкторумду озумдун атыма жаздырган эмесмин" дейт, анда мулкторумду дебей эле койсо болмок, же оз мулку болгон сон озуно жаздыруусу абзел.
15.09.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Али Токтакунов деп эле атын жазып койбойсунарбы интервью алган журналисттин.
15.09.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу азаттыктын журналисттерине кеп жок.Мыктылар.Анан мына политиктин маегине"ич чыккан"жок.Бир соз менен айтканда,ачык эле ЖЕГИЧТЕР.
15.09.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журналистке сө3 жок!!! Ишине ийгилик
15.09.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эптеп эле бийлике жетиш керек,жетпей калса пикет кылың керек го мунун максаты.
15.09.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
супер неге озунордо мындай журналист жок.силер аябай сылыксынар.черезчур
15.09.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантет бу киши!? Кекетип мокотуп коркутатго чиркин!)))) Короче отстой.
16.09.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Макаланы окуй элекмин, бирок темасын окуп эле иренжий түштүм.Коркутат го, ушинтип анан "капа" кылышат да...
16.09.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айткылачы кимге салсак жарашат?
Партиялар мага сал деп талашат.
Канааттанбай добушума негедир.
Кемпиримдин добушун да самашат.
Кошуна, дос жүрөт мени үгүттөп.
Мобуга сал ушул мыкты жигит деп.
Кимге ишенип, кимисине салайын?
Кетишпесе экен шайлоо бүткүчө жиликтеп.
Сөзүн угуп Ажыбыз Чубактын.
Миң сомун албай койдум чунактын.
Күнөө кылбай жүрдүң беле мурда деп.
Кемпир жеди кужурун кулактын.
Кетсе дагы кээбирөөнөн ишеним.
Калп айтса ишенебиз биз элим.
Калың элди кан какшата бербезтен.
Кагылайын депутаттар түзөлүң.
Ошкадан ашып өттү жарнамаң.
Акчаңарга ичим ачып арданам.
Добушумдун аямакмын эмнесин.
Эл катары берүүгө камданам.
Элге окшоп мен деле алданам.
16.09.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ОО дерский ыр болуптур эркек
16.09.2015. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кебетесинен эле корунуп турат кандай киши экени кыргызстанга мындайдын барынан жогу жакшы
17.09.2015. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журналистке ийгилик!
17.09.2015. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Мал аласы сыртында, адам аласы ичиндеее"-деп бекер айтылбаган...
18.09.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Medina87,бирок мунун аласы деле билинип калды го,өтө коркунучтуу киши экен, өзүнүн партиясына антиреклама жасап алдыбы дейм
18.09.2015. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу деле азыркы бийликте отурбайбы.
18.09.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу башында кандай комент калтырылса баары ошону кыска,женил ой менен ээрчип кете беришет бул табияттан ошондой, суроого жараша жооп берилген жебеген жердин астында жеседа ишин так аткарган адамдар чонгулган деп айта алам Бир болго,анан да СДПКны эмне чукушпайт деген суроону берген кайран ооз ал бештен белгилуу темболее азаттыктын 2журналистти ушул партиядан кетип жатса... Мен алдыдагы шайлоодо оз добушумду Онугуу прогресс учун коротом!

20.09.2015. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир бол андай , бир бол мындай деп аябай жамандапсынарго. Кимди мактагынар келип атат? Атамбаев СДПК, Текебаев АТА МЕКЕН, Ташиев АТА Журт, Мадумаров Бутун эмгек? Кыргызстанды бир Бакиев, Бир Акаев жеп кетти дегени турасынарбы? Ошол учурда иштеген айыл окмот, мектептин директору, райондун бухгалтер начальниктери,мээрияда иштеген ар бир кызматкер, жаза берсен коп баардык мамлекеттик иште иштеген адамдар курттай олконун казынасын жеп ошол менен жашап келишкен. Азыр да жашап жатышат.
20.09.2015. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир болдо эмес баардык партияда жегендер журот. Соо Адам содагер болобу? Дегендей эле соз да. Баары жейт. Олконун кызыкчылыгы кимге керек. Ар кандай бизнестери бар. Ошол учун депутатыка ат салышып жатат. Карапайым Ким бар?
20.09.2015. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан онолушу учун 6 млн адамдын 1,5млн ХХХ ХХХ керек. Ошондо гана мамлекет онолот.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-21 10:39:55
21.09.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mani, провокация билдирүүлөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
21.09.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikyn93, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо