БИР БҮРКҮМ

№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж

  • «КАРА ТИЗМЕДЕН» чыгуунун мыйзамдуу жолдорун камтыган маалымат баракчалары паспорт столдорунда, жарандарды каттоо бөлүмдөрүндө, калкты тейлөө борборлорунда, миграциялык өкүлчүлүктөрдө, республиканын чек арасындагы көзөмөлдөө пункттарында жана Бишкек, Ош шаарларынын аэропортторунда кагаз толтуруучу жерлерге илинет.
  • Жогорку Сот коррупция боюнча айыпталган ДАНИЯР НАРЫМБАЕВДИ 2015-жылдын 15-сентябрына чейин камакта кармоо чечимин күчүндө калтырды.
  • 2015-жылдын 8 айынын ичинде республиканын унаа жолдорунда 4462 ЖОЛ КЫРСЫГЫ орун алды. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 1,8 пайызга аз.
  • СИРИЯДАГЫ жана Ирактагы кагылышууларга Кыргызстандан кеткендердин арасында 122 аял, 83 жашы жете элек өспүрүм бар. Кагылышууларда 45 кыргыз жараны өлгөндүгү жөнүндө да маалымат бар.
  • Быйыл КУРМАН АЙТ майрамы болжолдуу түрдө 24-сентябрда белгиленет. Бирок айдын чыгышына карап бир күнгө айырма болушу мүмкүн экенин муфтияттан кабарлашты.
  • Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, Баткен районунда 22, Лейлек районунда 9 жана Кадамжай районунда 56 айыл ТАЗА СУУГА муктаж.
  • Жыл башынан бери ОРУСИЯДАН Кыргызстанга 570 миллион доллар которулганын Орусиянын Борбордук банкы маалымдайт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 40 пайызга аз.
  • 10-сентябрда Бишкекте ДОЛЛАРДЫН наркы дагы кымбаттады. 10-сентябрда акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 67 сом 50 тыйындан сатылды.
  • Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү ЭМИЛБЕК КАПТАГАЕВ жана анын орун басарлары эки жылдан бери мыйзамсыз кошумча акы алып, мамлекетке 781 миӊ сом зыян келтиришкен деп шектелишүүдө. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо