ШАЙЛООДО «БААРЫНА КАРШЫ» ДОБУШУ УТУП КЕТСЕ ЭМНЕ БОЛОТ?

№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж

Парламенттик шайлоого аттанган 14 партия үгүт кампаниясындагы эйфория абалында кыргызстандыктарга жомоктогудай жашоону убада кылып жатышкан кези. Албетте, ал кандай да болсо жеӊип чыгуунун, парламенттин босогосунан өтүүнүн аракети. Эгер бюллетендин эӊ аягына сөзсүз кошула турган «БААРЫНА КАРШЫ» деген добуш утуп кетсе кандай болот?

Биз БШКга ушул суроо менен кайрылдык. Мыйзамга ылайык, шайлоодо «баарына каршы» деген пункт талапкерлерден көп добуш топтосо, шайлоо болгон жок деп эсептелинет да, 30 күндүн аралыгында кайра өтүүчү шайлоо күнү белгилениши керек. Экинчи жолку шайлоого мурунку шайлоодо өтпөй калган, мисалы, учурда ат салышып жаткан 14 партия катыша алышпайт.
БШК өкүлдөрү: «Негизи андай «баарына каршы» деген пункт көп добуш ала турган болсо, кайра шайлоо жарыяланат. Боршайком ошол кырдаалга жараша аракет көрөт.  Азырынча андай жагдай тууралуу сөз кылуу эрте»,-  деп жооп берди.
Эске салсак, 2005-жылы парламенттик шайлоодо Кочкор шайлоо округунда «баарына каршы» деген пункт көп добушка ээ болуп, шайлоо өткөн жок деп жарыяланган. Депутаттыкка талапкер болгон Турдакун Усубалиев «талапкер Акылбек Жапаров элге тескери үгүт жүргүзүп ушундайга алып барды» деп сотко кайрылган. Сот анын арызын канааттандырып,  кайра өтүүчү шайлоого «баарына каршы» пунктунан кийин көп добуш алышкан Турдакун Усубалиев, Нарынбек Молдоисаев кайра шайлоого катыша алат деп чечим чыгарган. Бирок ал шайлоо жыйынтыктарын бурмалоо боюнча астына ат салдырбаган акаевдик заман болчу.
Биринчи шайлоодо өтпөй калган партиялар кийинки шайлоого катыша албай турган болсо, анда партиялардын тизмесиндеги талапкерлер башка партиялардын курамына кирип, кайра шайлоого катышышат. Эгерде өтпөй калган партиялардын талапкерлери да экинчи шайлоого катыша албай турган болсо, анда чынында эле саясий айдыӊда болуп көрбөгөндөй жаӊылануу болмок.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
14.09.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балит иштер коп болуп кетсе баарыбыз каршыны берсек керек
14.09.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимиси кыйратмак эле ишенбейбиз окмотту жегичтер баарына каршы берсек жарашат
14.09.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Автоматтык турду СДПКга тушсо керек
14.09.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бул мыйзамга арышымын:(Мыйзамга ылайык, шайлоодо «баарына каршы» деген пункт талапкерлерден көп добуш топтосо, шайлоо болгон жок деп эсептелинет да, 30 күндүн аралыгында кайра өтүүчү шайлоо күнү белгилениши керек.) дегенге. Отпой калгандан кийин, экинчи ал партиялар шайланбаш керек. Туз эле болок партияларды топтош керек. Анын устунон болок адамдарды дагы топтош керек. Себеби ошол партиялардагы адамдарды жактырбай баардыгына каршы коёот да.
15.09.2015. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу шайлоо качан
15.09.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnaz.GS,сен боорду эзесинго,сен Кыргызстанда эле жашайсынбы?
17.09.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык кечээ куну мага оронгон эже уйуму такылдатып бир партияны сунуштайт, ачык эле акча берем деп, уялбайспы оронуп алып деп тан калдым.
19.09.2015. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарына макулмун
19.09.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда баарына каршы дегенди койом . баары куру ле соз айта беришет иш жузундо колокосунда корбойсун


20.09.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына каршы деген добуш эле татыктууго дейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо