БЕЛГИЛҮҮ ТАСМАЛАРГА КИМДЕР ТАРТЫЛМАК?

№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж

Ырчыларды атактуулукка алардын ырдаган ыры жеткирсе, актёр, актрисанын жылдыз болушуна ойногон ролу себепкер эмеспи. Айрыкча дүйнөлүк деӊгээлдеги актёрлор арасында кээде сунушталган ролдон баш тартып алып, кийин аттиӊ кылган учурлар көп. Мындай жагдай кыргыз тасма талаасында да кезигет.

НИКОЛЬ КИДМАН БАШ ТАРТКАН РОЛЬ АНЖЕЛИНА ЖОЛИНИ АТАКТУУ КЫЛГАН
Баарыбызга белгилүү «Мистер жана миссис Смит» тас­масынын жаратуучулары алгач миссис Смиттин ролуна белги­лүү актриса Николь Кидманды бекитишкен. Тартуу иштери башталарга аз калганда белгисиз себептерден улам актриса бул тасмага тартылбасын айтып режиссёрдун айласын кетирген. Ал эле эмес, Николдун ролдон баш тартып жатканын уккан актёр Брэд Питт да ага кошулуп кете тургандыгын билдирген. Акыры режиссёр Питти көндүрүп, Николдун ордуна таланттуу актриса Анжелина Жолини тартууну чечет. Анын макулдугун алган соӊ тартуу иштери башталып, жыйынтыгы жаман болбогону кино сүйүүчүлөргө маалым. Баш каармандардын образын жараткан Питт менен Жоли дал ушул тасмага тартылуу учурунда табышып, ушул тапка чейин кол үзүшпөй жашап келишет. Ошол кезде жаӊыдан чыгып келе жаткан Анжелина бул фильм жарык көрөрү менен Голливуддун эӊ атактуу актрисаларынын бирине айланган.

«МАТРИЦАГА» УИЛЛ СМИТ ТАРТЫЛМАК
Өз убагында фантастика жанрындагы эӊ мыкты тасмалардын катарын толуктаган «Матрица» аттуу фильм эсиӊиздеби? Андагы баш каармандын образын жараткан Киану Ривзчи? Көптөгөн кыздардын жүрөгүнө чок салган келишимдүү актёр бул тасмага такыр тартылбай калышы мүмкүн эле. Себеби алгач бул ролго Уилл Смит бекитилген болчу. Уилл тасманын сценарийин окуп чыгып, мындай реалдуулуктан алыс фильмде образды жеткире ачып бере албасын айткан. Ал өзүнүн ордуна актёр Киану Ривзди сунуштап, жыйынтыгында фильмдин жаратуучулары Уиллдин оюна макул болушат. Тасма чоӊ экранга чыгар замат атактуулук боюнча рекорд коюп, Киану аталган тасманын ар бир бөлүгүнө тартылганы үчүн 100 миллион доллар гонорар алганы маалым.

«КАЙЫП БУЛАКТАГЫ» БАШКЫ РОЛЬ АКБАР СҮЙҮНБАЕВДИКИ БОЛЧУ
2007-жылы кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздарынын катышуусунда жарык көргөн «Кайып булак» тасмасы кандай «бум» жаратканын билсеӊиз керек? Аталган фильмдин режиссёру Рысбек Жабиров алгач баш каармандардын ролуна Акбар Сүйүнбаев менен Неляны дайындаганын айтат. Тартуу иштери башталар алдында Акбар мырзанын концерти чыгып, ырчы концерттен соӊ фильм тартылган Сары-Челек коругуна өзү жетип барууну чечкен. Жыйынтыгында ал адашып, режиссёрго байланышайын десе уюлдук телефону тартпай, кыскасы, бул ролдон куру калыптыр. Анын ордуна Нелянын сунушу менен ырчы Замир Мырза тартылып, Акбарга буюрмак ролду да, гонорарды да илип кеткен.
Режиссёрдун айтымында, анын иш тажрыйбасында мындай окуялар көп эле кездешиптир. Мисалы, «Талак» тасмасындагы негизги каармандын ролуна атактуу актрисалардын бири тартылуудан баш тартып, ордуна көлдө эжесинин тоюнда жүргөн жеринен бийчи Назик Исраилованы алып келип тартууга туура келген экен.

МАС БОЛУП РОЛДОН КУРУ КАЛГАН КАНЫБЕК БЕКБАТЫРОВ
«Айыл өкмөтү» фильминде «үйгө бара койчу, менде бир тыйын жок, кызым, ичпейм мен» деп кызын кубалаган каарманды эстесеӊиз. Бул ролду актёр Каныбек Бекбатыров ойногон.
Режиссёр Эрнест Абдыжапаров аталган актёрду «Боз салкын» тасмасына «бүктөп коём» деген фраза менен белгилүү болгон каармандын ролуна бекиткен экен. Тилекке каршы, Каныбек мырза ошол күнү спирт ичимдигин ичип мас болуп калгандыктан, анын ордуна Камчы Сарыбаев ойноп калган. Ошентсе да актёр аталган тасмага баары бир тартылган. Бирок башка образды жаратыптыр. Шорпо кайнатып жаткан мас киши Асемага «арак ичесиӊби? Тфу, шорпо ичесиӊби?» деп кайрылат эмеспи. Мына ошол Каныбек Бекбатыров.
Актёр тууралуу Эрнест Абдыжапаров: «Менин ак жолтой актёрум. Мындай жөнөкөй, тереӊ жана таасирдүү актёрду кезиктире элекмин. Андан сырткары продюсерлер баш каарман Асеманын ролуна да белгилүү эле башка актрисаны сунушташкан. Бирок мен көгөрүп жатып Асеманы тартканбыз. Анткени бул кызды бир көргөндө эле жактыргам. Бирок жаӊылбаптырмын, «Боз салкындан» кийин Асема атактуу болуп кетпедиби»,- дейт.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(4)
22.09.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нэля Замирдин ордуна башка тартылмак,бою кичине бп калып, Замир тартылды деген интервьюда. корсо, Акбар экен эле да. Акбар узундай эле го бою
23.09.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акбар келбей калып анын ордуна тарта турган ырчынын бою кыскараак болуп калып, андан узунураак Замирди тарткан деп уккан элем.
23.09.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бою кичираак десе Урмат окшойтда анда.
25.09.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akbar tartylsa kinonun korkuno chigarmak.Dostor degen kinonu da sonun atkardi ele go. emi dagi rol jaratsa suiunup kormokmun
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо