Адахан Мадумаров: «АТАМБАЕВ МЕНЕН АКЫЛДАШЫП ТУРАМ»

№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж

Өткөн сандарыбызда Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Бабанов жана Алтынбек Сулаймановдун «Азаттык» менен болгон маектерине орун берген элек. Бул сапар Бакыт Төрөбаев менен Адахан Мадумаровго токтолуу менен, алардын маектеринин урунттуу учурларына баам салалы.

– Биринчи эле суроо, «Бүтүн Кыргызстан» менен «Эмгек» партиясын эмне бириктирди?
– Биздин негизги максатыбыз – бир билек, бир күч, бир тирек болуу. Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан саясий окуяларга таасири күчтүү партия бололу деп бириктик.
– Телеканалдардын бирине берген маегиӊизде «Салымбековдун акчасынан менин билимим, тилим, чечендигим жогору турат» деген таризде жооп бериптирсиз да...
– Маанисин ар ким ар кандай түшүнөт. Өзүнүн саясий, маданий деӊгээлине жараша. Менин айткан оюм – бүгүн акча баалуулугунан руханий баалуулук, маданий баалуулуктар бийик турган заман. Мына ушул багытта айттым, ар ким өзүнө жараша түшүнөт.
– Сиздин Түрк тилдүү мамлекеттердин кеӊешинин катчысы кызматында жүргөнүӊүздү баары билет. Анан сиз шайлоочулар менен жолукканда «мен мамлекеттик кызматта иштеген жокмун» деп айтып келесиз да. Атамбаев колдоо көрсөттү да, жарлык чыгарып жатат. Эмнеге аны жокко чыгаргыӊыз келе берет?
– Аны жокко чыгаргандык эмес, аны сиздер кемчонтойлук менен түшүнбөй жатасыздар. Мадумаров толук кандуу кызматка кириш үчүн бир мамлекеттин президентинин буйругу жетишсиз, ал төрт мамлекеттин буйругунун негизинде расмий ишке кирет. Түшүнүп жатасызбы?
– Ал түшүнүктүү.
– Ал эл аралык кызмат, мамлекеттик кызмат деп эсептелбейт.
– Кемчонтой деп бизге чейин асылып жатасыз. Бирок иш жүзүндө сиз президент Атамбаев менен жолугушуп, жакшы мамиледе экениӊизди танбайсыз да? Сиз убагында оппозиционер болуп бийликке катуу-катуу сындарды айтып келгенсиз. 
– Иним, бул жол менен бара турган болсоӊор жакшылыкка алып барбайсыӊар силер. Сын-пикир дегенди сөзсүз көчөгө чыгып алып эмес, гезит-журналдардан ой-пикирди окусаӊар. Ошол жерде катуу сын-пикирлер бар, бүгүнкү күндөгү мамлекеттик башкаруу системасы боюнча, бүгүнкү күндөгү кадр саясаты боюнча, бүгүнкү күндөгү ички жана тышкы кээ бир саясаттар боюнча. Анан силер ойлойт окшойсуӊар сын-пикир айтса сөзсүз эле көчөгө чыгып алып Чүй проспектисинен ары-бери чуркап кыйкырыш керек деп. Кеп анда эмес, ар бир киши өзүнүн оппозициялык көз карашын өзүнүн маданиятына жараша көргөзөт. Унчукпай отургандын өзүнүн позициясы бар. Акырын жумшак айтып отуруп бир жолдорду түзөтүүнүн позициялары бар. Сөзсүз мен айтып жаткандай «Ала-Тоо» аянтына чыгып алып кыйкыруунун кажети жок.
– Адахан мырза, 2010-жылкы шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясы парламентке өткөн деп бир топко чейин чырдап жүрдүӊүз...
– Токто, токто. Чырдап жүрдүӊүз эмес, талап коюп жүрдүӊүз де.
– Талап коюп жүрдүӊүз. Эмне үчүн сотко кайрылып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламентке өткөндүгүн тастыктаган жоксуз?
– Ошол мезгилде кыргыз соту бар беле? Кыргыз бийлиги бар беле? Өзүн-өзү президент кылып дайындап алган аял бар эле. Легитимдүүлүгү чоӊ бир талашты жараткан бийлик бар эле. Ал легитимдүүлүктү Мадумаров эмес, Жамааттык коопсуздук кеӊешинин 2010-жылдын 8-май күнүндөгү жыйынында Москвада «Кыргыз республикасында куралдуу төӊкөрүш болду» деп жарыя салышкан. Түшүнүп жатасызбы? Терикпе. Ошон үчүн айтып жатам, суроо берерде түбүнө чейин иликтеп алып суроо берсеӊ, өзүӊө да жакшы болот. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы ошол кезде жеӊишке жетишкендиги жөнүндө, ошол кездеги борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ошол кездеги утурумдук бийликтин өкүлдөрү бүгүнкү күндө ачыктан-ачык гезиттерге интервью берип жатышат. Эмне үчүн аягына чыкпадыӊыз дегенде, сен эмнени каалайсыӊ? Ак таяк, көк таяк алып кагышууну каалайсыӊбы? Биз маданияттуу элбиз, мен маданияттуу, мыйзамга баш ийген инсан катарында Жогорку Сотко чейин бардым, сот ошондой чечим чыгаргандан кийин бир гана жолу калат. Ал күрөш, кагылышуу. Кайсы бир инсан ошол жерден жаракат алган болсо сенин көкүрөгүӊө тагып жүргөн мандатыӊ да, значогуӊ да жерге кирсин. Биз өтө чоӊ сабырдуулукту, маданияттуулукту көрсөттүк. Биз шайтандын азгырыгына барган жокпуз.
– Азыркы учурда президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеӊиз кандай?
– Мамилем саясий ишмерлер менен кандай болгон болсо, дал ошондой. Туура жумуш аткарылып жатса ким экендигине карабай колдоо көрсөтөбүз. Туура эмес аракеттер болуп кетсе, ким экендигине карабастан өзүбүздүн каршы пикирибизди билдиребиз.
– Демек, жолугушуп турасыздар, ээ?
– Эгер жолугушуу керек болгон, мажбур болуп калган болсо. Мамлекеттик иштин кызыкчылыгында жолугушуу болсо, жолугабыз. Жеке отуруп алып чай ичишүү, же болбосо аӊгеме куруу деген болбойт. Акылдашуу, позицияларды дагы бир жолу аныктап, мына шайлоо болуп жаткан мезгилде шайлоого тийиштүү маселелер чыкса, сөзсүз түрдө жолугабыз. Мамлекетке тийиштүү маселе болсо сөзсүз жолугабыз.
– Демек, кеӊешип, акылдашып турат турбайсыздарбы?
– Сөзсүз түрдө кеӊешебиз дагы, акылдашабыз дагы. Кайсы бир маселелер болсо чогуу талкуулайбыз.
– Бакиевдин убагында ачуу сындарды айттым деп жатасыз. Сиздин Жаныш Бакиевдин тоюндагы таттуу сөздөрүӊүз дагы эле кулактын учунда...
– Бүгүн эгерде Роза Отунбаева той кылып 70ке чыктым десе, барып башына жоолук салмакмын. Мен кыргызмын. Чакырган жерден калбайм, чакырбаган жерге барбайм. 
– Кыргыз деген принциптерге уюбайбы сиздин оюӊузча?
– Ошол мезгилде Жанышка салам айтканга баары муктаж болуп жүргөн. Дагы бир жолу айтам, өзүн-өзү президент кылган «самозванка» деп айттым Отунбаеваны, эртеӊ 70ке чыгып той берсе жоолук салып, тилегимди тилеп коём. Күрөш өзүнүн жолу менен, той өзүнүн жолу менен, адамгерчилик өзүнүн жолу менен болушу керек.

Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектен түшүрүлүп, кыскартылып берилди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
21.09.2015. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун маек болуптур. Жооптор так жана тура айтылыптыр. Алга бутун Кыргызстан
21.09.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сонун маек,дерский дерский жооп бериптирго ,азамат))
21.09.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Адахан ака азаматсыз.Жоопторуңуз жогорку денгээлде болгон.Журналист чабалдыгын көрсөтүп,суроолору да кандайдыр кычык издеп, сизди каралагандай болуп калыптыр. Кыргыздын алдыңкы эр-азаматтарынын бирисиз.
21.09.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тилинен чан чыгып озун озу котормолоп озунон башканын баарын созго тушунбогон маданиятсыз кемчонтойлорго тенегени озунун маданиятсыз кемчонтой экендигин билдирет.Отунбаеваны абысынынан беш бетер жамандаптыр го эркек башы менен ошондой кыйын эркек экен Жаныш Бакиевдин ХХХ жашынбай кыйын кезде Отунбаевадай иш кылдыбы кыргызга. Аял да болсо эркекмин деп мактанган сенден он эсе ойдо турду ар бийликтин колтугуна кирип кошомат кылбай кыргызды мал деп Жанышка камчы белек берген жок сенчилеп жагалданып.Кудайым кыргызды колдоп сага окшогондордун парламентке бийликке келуусунон сактасын.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-21 16:13:39
21.09.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жоолук тартуулайм дейсин тартууга берчу ХХХ ХХХ ХХХ жарашат Адахан акеси.Адамкерчилик актык тууралуу суйлогонго кантип дити бара берет тушунбойм ушундай адамдардын.Бакиевдерге кошоматтан башка сын айтканын укпаптырмын кечээ эле ошолордун акырынан чоп жеп журуп бугун башкача суйлогон эркекчиликке жатпаса керек.Атамбаевге керек болсо акыл айтам деп сенден акыл угуп калган куну жон гана ордун бошотуп кетип калганы он болоор Атамбаевге .
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-21 16:14:46
21.09.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubat_1973, коомдук адепке туура келбеген билдирүү жазуудан, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
21.09.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президентке татыктуу адам. Ийгилик!
21.09.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суйлосо тилинен чан чыгак, иш жузундо 0
21.09.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ото эле орой, адамдардын устунон коркутуп сулойт
21.09.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйлогонду эле билет!!! Колунан келбейт. Баласындай болгон журналист жигит бурчка.катуу такады,чычалап жатып аран жооп берди.
21.09.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чычалаганы билинип калды.
21.09.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тоту куш 20 жыл кандай сайрабасын , ал баарибир Булбул боло албайт. Капаста кожоюну берген тамакты жейт,бербесе жок. Адахан мырзанын оюн ушундай тушундум. Кызык озунун айылы Куршаб айылындагы айткан убадаларын унутуптур. Аман эле болунуз.
21.09.2015. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында акебиздин тили эле бар. Озгон районун мындай кой, озунун кенедей Куршаб айылы учун эмне иш кылды.
21.09.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аттан тушсо да актанып ээрден тушпогондор бар. Мен жаш кезимде баалачумун мадумаровду.чонойгон сон коп нерсеге козум жетти.
21.09.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым да бийликти которгонго, суйгон пендесине берет дейт. Отуруп алып сынаш оной бирок ошол нерсени жасаш кыйын, ошол адамдардын денгээлине жетиш да кыйын. Куурайдын башын сындыра албай жатып бироого сын тагып акыл уйротуп кыйынсынбай эле коелукчу.
dobrajelatel түзөттү 2015-09-21 23:07:30
21.09.2015. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мадумаровду анын партиялаштарын сыйлайм. Ийгилик каалайм.
22.09.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адахан мырза депутат болуп калса, баарын талкалайт, ошону депутаттар коркконунан Адаханды кысып жатат. Адахан кыргызстандын патриоту ийгилик агабызга.
22.09.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
altynbek_canto, андан коркушпайт, просто депутаттыкка келген менен деле толк жок деп ошого кысышат, уйундо жылуу-жумшак отурсун деп
22.09.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызстан боюнча один нормальный мужчина и политик.суйомго
22.09.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Gulnaz.GS, каяктагы мужчина и политик жалагандан башка эч нерсени билбейт, эл душманы деп койсо деле болот
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-22 15:16:22
22.09.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Маданияттуу адам (тем более эл козундогу) эч качан маектешин сен деп суйлобойт! Теледен болобу, гезит журналдардан болобу ушул кишинин бир сылык суйлогонун корбодум. Адахан Кимсанбаевич эмгек жолун журналистикадан баштаган. Журналист болуп эле кала бербеди да...........
22.09.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым сакта ушундай созго чечен адамдардан 20 жылдан бери эле алдап келатат. Жаман оратор киши да Отунбаеаада не очу бар же Бакиевдердин кеткенине окунуп жаткан го
22.09.2015. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунан бир иш келбейт,тили эле бар сайраган,
22.09.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бийлекке жолотушпай жатышат го, шайлоо болгон сайын алыстатып. Анан кантип иштесин?
23.09.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай груба суйлоптур Бакиевтердин ески достору
23.09.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журналист сайылып эле туруп алыптырго
25.09.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашыкча оройлук, бой которуусу, амбияциясы жогорку дненгээлде, билимдуу маданияты томон инсан экен. Жеке оюм мындай адамдар ЖК келбегени дурус. Анда эле баарыбыз кемчонтой болуп жатып калабыз.
25.09.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нак озу кемчонтой, берген жообун карасан, андан коро сыпайы кылып жооп бер, кесиптешин суроо берип атканда, сайраган тилиндин пайдасы не, ЖКга барып сайрап сайрап келесин, андан коро Озгонго бир жакшылык кыл!
27.09.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур алга Бутун Кыргызстан суйлогонду да билиш керек анан каяктагы президенттер чогулган жерде ай менен кундун тенелгенин суйлобой
egiz-jigit түзөттү 2015-09-27 17:42:12
28.09.2015. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маданияттуулуктун чон белгиси сыпаалыкта. Озунуз Зектерге окшоп коркутуп суйлобонуз, чычаоабай суроого суроодой жооп бериниз Адахан мырза!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо