№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
Таӊ ата төшөгүнүн суусунан ойгонгон баланын биринчи ойлогон ою: «бүгүн да сийип коюптурмун, эми апам дагы урушат...» Чоӊойгон баланын төшөккө заара ушатуусун кемчилик же эркелик катары көрүп, анын дарт экенине назар сала бербейбиз. Билинбегени менен элдин калыӊ катмарына тараган бул оору – энурез деп аталат.
Айзада Суранчиева, 28 жашта: «ТӨШӨГҮМ СУУ БОЛУП, ҮШҮГӨНҮМДӨН ОЙГОНЧУМУН»
– Мен 14 жашка чыккыча түнкүсүн төшөккө сийип коюп жүрдүм. Кээ бир күндөрү эле төшөгүм кургак калбаса, көбүнчө суу болуп, үшүгөнүмдөн ойгончумун. Мунун оору экенин билбейм да, ата-энем деле дарыгерлерге көрсөткөн эмес. Эс тарткан сайын уялып, өзүмдү күнөөлүү сезип, чүнчүп кеткем. Конокко барганда «өз үйүмө кетем» деп конбогонго аракет кылам. Кеч киргенде эле маанайым түшчү, суюктук ичпей жатсам деле заара ушатып койчумун. Жакшы жери, үйдөгүлөр менин сийгектигимди эч кимге айтышчу эмес. Апам табарсыгыма сарымсак менен койдун майын аралаштырып сүйкөп, дагы башка ырым-жырымдарды кылчу. Эмнеден улам токтогонун билбейм, бирок 8-класстан кийин гана басылды. Ага чейин кандай гана азап жебедим.«ЭНУРЕЗ ЧОӉ КИШИЛЕРДЕ ДА КЕЗДЕШЕТ»
Энурез дарты тууралуу №2-Үй-бүлөлүк бейтапкананын уролог-врачы Тилек Муратов кенен маалымат берди:
– Энурез (enureo) – грек тилинен которгондо «сийип коюу» дегенди түшүндүрөт. Бул оору менен жабыркаган бала уктап жатканда өзүн-өзү башкара албай заара ушатып коёт. Негизинен, энурез күндүзгү жана кечки (кээ бир балдар күндүзү уктап жатканда, айрымдар түнкү уйку учурунда сийип коюшат) деген топторго бөлүнөт. Эгер ата-энеси экөө теӊ энурез менен ооруган болсо, баланын бул дартка кабылуу мүмкүндүгү 80-90 пайыз. Ал эми атасы же энеси эле ооруган болсо, дарттын балага өтүүсү 30-40 пайызды түзөт. Бала төрөлгөндөн баштап табарсык калыбына келгиче, башкача айтканда, 6 айга чейин энурез менен ооруганы билинбейт. 6 айдан кийин бала сийгиси келгенде чукуранып же ыйлап белги бере баштайт. Эгер эч кандай белги бербесе анда врачка текшерилип коюу ашыкча болбойт. Энурез дарты менен төрөлгөндөн баштап (айрымдары кандайдыр бир себептерден улам чоӊойгондо деле) оорушат, бирок 2-3 жаштан кийин гана маани бериле баштайт. Бул дарт менен мынча жаштан мынчага чейинкилер ооруйт деген чектөө жок, чоӊ кишилерде да кездешет.
Бала энурез менен жабыркаганын билүү үчүн?
Алгач өзү жашаган аймактагы педиатрга көрүнүү зарыл. Врач энурез экенин аныктаса, дарттын келип чыгуу себебине жараша балдар урологуна же эндокринолог, невропатолог, психотерапевтке жиберет.
Дарылоо:
Элнура Мусанаева, психолог: «ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛЫШЫ МҮМКҮН»
– Уктап жатканда төшөгүнө сийип коюу өтө оор маселе. Ким үчүн? Эӊ алгач оорулуу адам үчүн. Өзгөчө акыл-эси токтолуп, айланасындагылардын ою менен эсептешип калган бала төшөккө заара ушатып коюп жүрсө өзүн-өзү күнөөлөп, башкалардан кем сезе баштайт. Бул, албетте, анын депрессияга түшүп, психикасынын жабыркашына алып келет. Адам түнт тартып, көпчүлүктөн качып жалгыздыкка ыктайт. Айрым учурда өз өмүрүнө кол салууга чейин барат.
Асыл Орозбекова
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Төмөнкү шилтеме менен өтүп тема ачыңыз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=131
Же kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз.