«ЖАРАНДАРДЫН БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТТАРЫН ТОПТОО КОНСТИТУЦИЯГА КАРШЫ КЕЛБЕЙТ»

№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы «жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келбейт» деген чечим чыгарды. Мындай чечим Конституциялык соттун 14-сентябрдагы отурумунда кабыл алынды. Конституциялык палатадан билдиришкенине караганда, чечим бир добуштан кабыл алынды.
Эске салсак, жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келерин аныктап берүүнү өтүнүп укук коргоочулар Токтайым Үмөталиева менен Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага кайрылышкан.
Шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев белгилегендей, биометрикалык маалыматтарды чогултуу шайлоо тизмесин так түзүүгө жана акыйкат добуш берүүгө шарт түзөт.
Жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо 2014-жылы августта башталган. Сарпашевдин билдиришинче, биометрикалык маалыматын тапшыргандардын саны учурда
2 миллион 614 миӊ адамдан ашып, шайлоочуларды идентификациялоо иши аяктоо алдында турат. Азыркы тапта өтүп жаткан «Өзүӊдү тизмеден такта!» аттуу акциянын алкагында жарандар шайлоо тизмесинен өздөрүн тактап жатышат.

Адилет Туратбеков
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
21.09.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биометрикалык маалыматтар коррупцияга айланып кетти. Себеби биометриядан откон жарандар, кайра тешерилгенде компьютерден чыкпай калып жатышпайыбы. Буга эмне себеп? Себеби чиновнитерибиз так иштей алышпай жатышпайбы.
21.09.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men otkon emesmin.zyan jagy jokpu joop berip koigula4y surany4???
23.09.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sumka, Зыяны жокко эсе, шайлоого катыша албайсыз, дагы бир эки чектоолор бар(((
22.09.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зыяны сиздин баардык маалыматыныз бийлик адамдарына жеткиликтуу болот. Бул соз-жипсиз байлап алуу. Бирок каранызчы кандай жол менен болсо да биометрикалык маалыматты тапшырууга мажбурлашып жатпайбы. Шайлоого катыштырбай, чет жакка чыгарбай ж.б.у.с. Бул адам укугун тебелегендик! Биометрическийден отобу отпойбу ар бир жаран озунун добушун берууго укуктуу, каалаган жагына учууга укуктуу. Мына жипсиз жетелегени уже ушул укуктан ажыратышты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо