Чынар Капарова, диктор: «БОШ, БООРУКЕР АДАМ ТЕЛЕДЕ ИШТЕЙ АЛБАЙТ»

№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж

«Ала-Тоо» маалымат программасы аркылуу элди жаӊылыктар менен кабардар кылып келе жаткан диктор Чынар Капарова бүгүн бизде мейманда. Биз бул айым менен анын жеке жашоосу, жумушу жана максаттары тууралуу баарлаштык.

– Саламатсызбы? Сизди социалдык тармактардан издеп таппай койдум. Интернетке убакыт коротпогондордун катарында окшойсуз?
– Саламатчылык! Ооба, туура айттыӊыз, интернетке убактымды коротуп, ар кандай комментарийлерге башымды ооруткум келбейт. Анын үстүнө убактым да тар. Телевидениеден сырткары Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүндө сабак берем. Эртеӊ менен башталган жумушум түнкү саат 11лерде аяктайт.
– Балдарыӊыз бой жетип, сизге жардам бергенге жарап калгандыр?
– Кызым Бермет 14 жашта, «Айчүрөк» кыздар лицейинде окуйт. Келечекте эл аралык деӊгээлдеги журналист болсом дейт. Уулум Кубат 6-класстын окуучусу, спорт менен машыгат. Жакында эле Кореяда өткөн мелдешке катышып, таэквондо боюнча алтын медаль тагынып кайтты. Балдарымдын жеӊиштерин өзүмдүн жетишкендигим деп эсептейм.
– Ушул жерден балдарыӊыздын атасы жөнүндө да айта кетпесеӊиз болбойт...
– Жолдошум экөөбүз кесибимдин арты менен таанышып калганбыз. 3-курста теледе алып баруучу, кабарчы болуп иштечүмүн. Бир күнү мага «коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинен интервью алып кел» деген тапшырма берилди. Жетекчиге кирип маек алгам. Кийин ошол адам менин жолдошум болуп калды. Кубанычбек Жумакеев – милициянын полковниги, Таластын кулуну. Өзүнүн айылында аты чыккан, өз ишин мыкты билген тыӊ адам болчу. Бирок күтүлбөгөн ооруга чалдыгып, аны менен жарым жыл күрөштү. Жубай дегенди ошондо түшүндүм. Анткени оорусаӊ ата-энеӊ күйөт, бир тууганыӊ ыйлайт, балдарыӊ аталайт, бир гана жубайыӊ сенин бардык кыйынчылыгыӊа чыдап жаныӊда болот экен. Жолдошумдун дарты менен күрөшүп жүрүп баламдын тили кантип чыкканын деле баамдабай калдым. Тилекке каршы, балдарымдын атасына эркелей турган учурда анын көзү өтүп кетти. Ошентип 30 жашымда жесир калгам.
– Кайын журтуӊуз менен катышып турасызбы?
– Жолдошумдун көзү өткөндөн кийин кайненемди, кайнагамды жерге бердик. Таласта кайним, бул жакта кайын сиӊдилерим бар, катышып турабыз. Жолдошумдун экинчи жубайы болчумун. Бири-бирибизди жактырып, жаш айырмачылыгыбызга карабай баш кошкон элек.
– 9 жылдан бери жалгыз экенсиз, кайра турмуш куруу жөнүндө ойлонгон жоксузбу?
– Эл адамы болгондуктан элдин оозун карап жашап калат экенсиӊ. Кыргыз жек-жааттуу, тууган-уруктуу келет эмеспи. Эмне десе ошо десин деп кол шилтей албайм. Анын үстүнө балдарым да чоӊоюп калышты. Мен жөнүндөгү жаман ушактарды өзүм түшүнгөнүм менен балдарым түшүнбөйт. Алардын жүрөгү ооруйт деп кабатырланам. Ошондуктан көп нерседен өзүмдү чектеп келем. Азырынча турмуш куруу жөнүндө ойлоно элекмин. Бирок жалгыз эмесмин, мени түшүнгөн, колдогон адамым бар.
– Кээде элдин сөзүнөн тажап үй кожойкесине айлангыӊыз келеби?
– Бардык аялзаты сыяктуу мен деле бир учурда үй-бүлөнү тандап, үй кожойкесине айлангам. Бирок жолдошумдун көзү өткөндөн кийин белимди бекем бууп, жумушка чыгууга туура келди. Болбосо үйдө эле отурмакмын. Анткени ал мага бардык шартты түзүп берген.
– Келиӊиз, кесибиӊиз тууралуу кеп кылалы. Телеге кантип келип калдыӊыз эле?
– Бала кезде эле телевидениеге чыксам деп кыялданчумун. Максатыма жетүү үчүн Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырдым. 1-курста телеге практикага келсем, «Баластан» студиясына жиберишти. Ал жактагы эжелер «чай алып кел, нан алып кел» деп жумшашса, ошол мен үчүн чоӊ бакыттай сезилчү. 2-курста аракетчил деп коммерциялык каналга которушту. «Арноо концертин» алып барып көрдүм. Анан жетекчилик «жаш экен, улуу адамдарды жаш кызга окутканыбыз туура эмес болуп калат» деп чыгарбай коюшту.
3-курста «Ала-Тоо» студиясында штаттан сырткаркы кабарчы болуп иштей баштадым. Бир күнү жетекчилик «сен эфирди алып бара аласыӊбы?» деп калды, «алып барам» десем, «анда эртеӊ даярданып кел, эфирге чыгасыӊ» деди. Толкунданып түнү бою уктабай чыккам. Чачым узун болчу, эфирге чыгам деп узун чачымды кыркууга туура келген.
– Теледе жүргөнүӊүзгө 19 жыл болуптур, ордуӊузду жаштарга бошотуп берчү күн келет дегендей...
– Өмүрүм телеге байланып калган. Ошондуктан бул жактан кеткенде кантем деп кооптоном. Бирок ал нерсеге да даяр болушум зарыл. Андыктан билгенимди жаштарга үйрөтүүдөмүн. Эртеӊки күнү артыма кылчайып, балдарды тарбиялаган турбаймынбы деп сыймыктанышым керек.
– Кесиптештериӊиздин арасында депутаттыкка аттангандары да бар, сизде андай ой жокпу?
– Мурунку жана азыркы чакырылышта сунуштар түшкөн. Мен ойлонуп көрдүм, учурда мен телевидениеге, теле мага керек экен. Жетекчилик эфирди ишенип берип жаткандан кийин азырынча иштешим керек. 5 жыл мурун саясатка аябай кызыккам. Эмнегедир менде аралашып алгандан кийин ошол багыт менен кете аламбы, 5 жылдан кийин эмне жумуш кылам деген суроо пайда болду. Бул суроого жооп табылбаган соӊ азырынча саясатка аралашуунун кажети жок го дейм.
– Түз эфирде иштеген ары кызыктуу, ары жоопкерчиликтүү болсо керек?
– Илимпоздор «түз эфирде иштеген алып баруучунун жумушу, кан басымы космоско учуп келген учкучтукундай» деп салыштырышкан экен. Бизге деле космоско учуп бара жаткандай «үч, эки, бир, нөл, кеттик!» дейт да. Команда менен космоско учуп кеткендей болобуз.
Бир жолу түз эфирде кабарларды окуп жатсам лампочка жарылып, сыныктары башыма түшө баштады. Чочуганымдан башымды кыймылдатып жиберип сөзүмдү уланта бердим. Лампочканын калдыктары желкеме түштү эле, аябай ысык экен, ошого да чыдап отурганым эсимде. Негизи теледе темирдей бекем киши гана иштей алат, жүрөгү бош, боорукер адам оорукчан болуп калышы мүмкүн. Башында ар кандай ушактарды угуп апама ыйлап барган күндөрүм болгон. «Кагылып, кагылып жүрүп как баш болосуӊ» дегендей, такшалып ордумду таптым.
– Маегиӊизге рахмат!

"Өмүрүм телеге байланып калган, мындан кетсем кантем деп кооптоном".

"Эфирге чыгам деп узун чачымды кырктыргам".

"Кызым эл аралык деӊгээлдеги журналист болсом дейт".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Чынар Капарова: "Ушул айылдан келген кыз эмнени кыйратат дешчү"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(43)
Медиа-портал
19.09.2015. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир нерсеге жини келгендей, же коп туйшуктон сон "звезда"лыка жеткен адамдай интервью бериптир. Позитив негедир аз сезилди. Айзат кыз суйкаясын, азаматсын!
SUPER.KG видео
19.09.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кымбат машина айдаган адам кирешеси коп болуш керек менин машинам 45$деп суперге чыккан интервьюсун окудум эле
Медиа-портал
19.09.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжелика,Омардын менеджери Миргулдон да интервю алып койгулачы.
Медиа-портал
21.09.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
r.bek,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
Медиа-портал
22.09.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
r.bek,Койгулачы ошо Анжеликаны...
Медиа-портал
19.09.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуннннндай соонун адам экен машаАллах!
SUPER.KG видео
19.09.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну жакшы, бирок жанылыктарды окуп жатканда иннтонацияларды туура эмес коет.
SUPER.KG видео
19.09.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
студент кезде Кызыласкерде жашадым эле,бул эженин ата энеси,бир туугандары ошол биздин кошуналар эле,эже дагы келип журчу,ошондо эле крутой машиналарды айдачу:)
SUPER.KG видео
19.09.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТВдагы алдынкы айым деп эсептейм,суйлогону журуш-турушу баары озуно жарашат мыкты диктор.
Медиа-портал
19.09.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nusichka, cайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Медиа-портал
19.09.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тушунуктуу
Медиа-портал
20.09.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм жакшы маек болуптур,ишинизге ийгилик.
Медиа-портал
21.09.2015. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маган бул маек жакты. Алып баруучу кыз да суроолорун орундуу узатып, Чынар эже да бир калыптагыдай кылып жооп берген экен. Тажатма эмес.
Медиа-портал
21.09.2015. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ала Тоо жанылыктарын айылда жургондо ушул Чынар Капарованын алып барганын кутуп олтура берет болчумун.Аябай сонун окуйт жанылыкты.Качан корор экенмин деп кызыкчуумун жашоодо кандай экен деп. Кийин шаарга келгенде сыртынан кордум жашоосунда деле теледегидей экен. Негизи журналистен интервью алганда угуп же коруп олтура бергин келет. Маанилуу суйлойт башкаларга окшоп такалып тукалып тантырабай. Негизи диктор катары аябай сыйлайм сизди .Озунуз айткандай кыргыз телевидениясына сиз али копко керексиз
21.09.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо азыркы Самара менен куйоосу жолдо калабы, ХХХ ХХХ ХХХ....
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-21 11:13:20
21.09.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasgul, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, провокация жарата турчу билдирүүлөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
21.09.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир Гулшан Молдоевага жетпейт!
21.09.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маеги аябай жакты создору маанилуу орду менен суйлогон айрыкча " апамда махабаттын кулу болуп"-деген жери аябай таасирлуу,Жолдошу канча жаш улуу экен?билгендер айтып койгулачы... жашы тууралуу эч эле ооз ачпаптыр.Айзат бул маекте башкачасын ийгилик.
21.09.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
куйоосуу биздин началнигибиз боолуп турган ичинде кири жоок адам болчу.жакшы адамдын омуру кыска болот екен
21.09.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосунон 20 жашка кичуу экен.
21.09.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйын суйлойт бул эже мага жагат,диктор катары анан башкача тушунуп албагыла дагын.
21.09.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекеринен журналист эместа, созго чебер оз орду менен суйлойт экен.
21.09.2015. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aiiabai boi kotorup suiloptur suz,meerimi jok, kekketip joop beriptir. Ar bir ele ene enelik statusuna syimyktanabyz. Teleden jakshy alyp barat no interviusu oto ele tili tak , keketip joop beriptir. Men .... men ....men Muzdak aial.
Медиа-портал
21.09.2015. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи аял жесе эле иренжий тушом да, артист, журналист кыздар эмнеге эле ар кимге экинчи аял болуп чыга беришет.
Медиа-портал
25.09.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ASELENOK,не суди ,да не судим будешь.
21.09.2015. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канчанчы жылы торолду экен?
24.09.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek.,1974 болсо керек.
22.09.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сонун маек болуптур мага жакты бул эженин стили да укмуш сонун жарашыктуу кийинет озун таза, тыккан алып журот! Турмушу тууралуу билбейт элем окунучтуу экен ушундай аялдын жан шериги жоктугу окундурот балдарына боорун ооруйт экен бирок жакшы колдоочусу бар экен! Теледен кетпей эле журо берсе болчудй анчалык деле чон эмес кээ брлерге караганда жаш корунот телеге созсуз керек!
Медиа-портал
22.09.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкты журналист балдарыныз менен бактылуу болунуз.
22.09.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Журналист менен жанылыктардын алып баруучусу дегенди чаташтырбасак жакшы болмок,бул диктор эжебизди сыйлаймын, мага жагат!
22.09.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо, сиздерге сунуш,ТОПТАШ ток шоу программасынын алып баруучусу МИРБЕК кожоев деген кайда,эмнеге теледен кеткен,интервью алыныздарчы,менин апам дайыма ошол кайда экен деп сурай берет....
22.09.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza.janybekova, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
23.09.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,саламатчылык,ырахмат
23.09.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чечен айым менин Эжем болот да...
25.09.2015. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сизге игилик мен да сиздей журналист болгум келет
25.09.2015. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи кучтуу айым деп эсептейм. Ишине ийгилик каалайм.
26.09.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эхх Чынара эже качанкы бир унутта калган сезимди козгоду интервьюнуз. Менда журналист болууну энсеп бирок башка багытка бел байлаган элем.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо