САМАКОВДУН ЖЕР ЧЫРЫ ЧУДИНОВ МЕНЕН АЙДАРАЛИЕВДИН АЙЛАСЫН КЕТИРДИ

№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж

«Кыргызстан элдер конгресси» партиясынан депутаттыкка аттанган Карганбек Самаков, «Бир болдун» алдыӊкы катарында турган Игорь Чудинов жана «Замандаштын» таянар тоосу Искендер Айдаралиев шайлоо жарышынан четтеп кала жаздашты. Дегенибиз, депутат Карганбек Самаков 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоо кылмышына айыпталып жатат. Ал айдоо аянттарын трансформациялоого 2008-жылы премьер-министр Игорь Чудинов жана вице-премьер Искендер Айдаралиев кол коюп, макулдугун беришкен.
9-сентябрь күнү Баш прокуратура БШКга кайрылып, куйруктарындагы калбыры менен шайлоо жарышына аттанган бул үч азаматты кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. БШК буга макулдук берген жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 4-октябрда шайлоо өткөндөн кийин гана бул талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн деди. Кызыгы, Самаков, Чудинов, Айдаралиев триосу шайлоодо депутат болбой калышса, Баш прокуратура тергөөсүн кадимкидей эле уланта берет. А эгер депутаттык мандат алып калышса, Баш прокуратура буларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн депутаттар корпусунан уруксат алуусу керек болот. Өздөрүнүн да эртеӊин ойлогон депутаттар коллегасын кылмыш жообуна тартууга оӊой менен макулдук беришпесине Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышындагы окуяларда күбө болгонбуз. Демек, жогоруда аты аталган үчөө кантип да болсо парламент босогосун аттап, мандат алууга аракет кылары турган иш.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
21.09.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан Мелис Мырзакматовду не чыгарып коюшту шайлоого катыштырбай.Бардыгына тен болбойбу.Буларга караганда Мелис таза да жесе дагы кылды кыла тургандарды.Калганы оозу мурдуна батышынча жеп атпайбы,кылган ишинин дайыны жок
21.09.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карганбек Самаковдун эч кандай куноосу жок деп чыгышпады беле?
28.09.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда пример болуп кыйратпаган киши эми депутат болуп кыйратпаарын байкуш эл баамдаса керек деп умут кылам. ХХХХ ХХХХ ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-28 09:49:44
28.09.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdumalik, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 3 күн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо