Француз жазуучусу Луи Арагон Чыӊгыз Айтматовдун «Жамийла» повести тууралуу «Махабат жөнүндөгү эӊ мыкты баян» деп айткан. 1968-жылы орус режиссёру Ирина Поплавская чыгармага жан киргизип тасма кылып тартып, ал махабат тууралуу мыкты фильмге айланды. Аны азыр да баары сүйүп көрүшөт. Кайра-кайра көргөндөн тажабаган «Жамийла» тасмасынын таржымалына кайрылып көрдүк.
ТАСМАГА ЖАН БЕРГЕНДЕР
Режиссёру – Ирина Поплавская
Сценарийин жазган жана текстти окуган – Чыӊгыз Айтматов
Оператору – Кадыржан Кыдыралиев
Жанры – Драма, мелодрама
Узактыгы – 1 саат 22 мүнөт
БАШКЫ РОЛДОРДО:
Жамийла – Наталья Аринбасарова
Данияр – Сүймөнкул Чокморов
Садык – Алтынбек Кенжеков
Сейит – Назрет Дубашев
Жаӊыл – Алиман Жангорозова
Осмон – Мухтар Бахтыгереев
«Чамдагыла-чамдагыла, келиндер, Ана-мына дегиче келип калат эриӊер». Бул согуш убагындагы кемпир-кесектин келиндерди сооротуп айткан саптары. Ушул сыяктуу түгөйүн зарыгып күткөн жаш келиндердин оюн, зарын, муӊун, сагынычын жазуучу Жамийланын образы аркылуу ачып берген жана бул тасмада да мыкты чагылдырылган.
Согуш учурунда Осмонго окшош катынпоздор да болгон. Жеӊесин кызганган Сейитти Осмон ыргытып жиберет эмеспи. Назрет Дубашевдин айтуусунда, бул эпизодго даярданып жатканда аны түртүп эле койгон экен. Тартуу учурунда чындап эле ыргытып жибергенде денеси бир топко чейин ооруптур. Аталган эпизодду актёр бир дубль менен ойногон.
Даниярды тамашага салабыз дешип чоӊ капка толтура буудай салышат эмеспи.Тасмадан көргөндө качан кулап кетет экен деп аяп отурасыӊ. Бул эпизоддо актёр Сүймөнкул Чокморов жыгачтын таарындысын (опилка) көтөргөн.
Бул үйлөрдү атайын согуш маалындагыдай кылып жасашкан. Тасманын ушул бөлүгү Ысык-Көл облусуна караштуу Кажы-Сай айылында тартылган.
Жамийла Даниярга ырдап кой деп кайрылган эпизод Чүй облусунун Кой-Таш айылында тартылган.
Садык согуштан кайтып келип Сейит тарткан сүрөт аркылуу колуктусу башка менен кеткенин билет. Тасмадагы сүрөттөрдүн айрымдарын Назрет Дубашев өзү тарткан.
Данияр менен Жамийла ээрчишип кетип калган эпизодду тартуу учурунда Сейиттин ыйлаган жери бар. Актёр образга кирүү үчүн 15 мүнөт даярданып, чын эле жеӊеси кетип жаткандай ыйлаган экен.
Султан Төрөбеков
star@super.kg
Мен ойноштук деп тушуном . Жакшы жаман болсо да никедеги келин .