Феликс Кулов: «БИР ТОП ДЕПУТАТТАРЫБЫЗ БАШКА ПАРТИЯГА КЕТИШТИ»

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

4-октябрь күнү өтчү парламенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Келерки 5 жыл ичинде өлкөнүн өнүгүү тагдырын чечүүгө белсенип шайлоого аттанган партиялардын үгүт кампаниясы кызуу жүрүүдө. Партия лидерлеринин «Азаттык» менен маектериндеги урунттуу учурларга бул санда да орун бердик.

– Сизге карата кыргызча жакшы билбейт деген сындар айтылып келе жатат. Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери кыргыз тилин жакшы үйрөнө албай жатканыӊызга өкүнбөйсүзбү?
– Эгерде мага сөз жетпесе, мен жүрөк менен сүйлөйм.
– Үйрөнө алдым деп ойлойсузбу?
– Жакшы адабий тил менен юридикалык терминдерди так айтуу кыйын болуп калат да. А эл менен кыргызча сүйлөшөм.
– «Ар-намыс» партиясы Орусияга ыктаган партия экени белгилүү. Анан эле шайлоого жакын батышчыл делген Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков менен бириктиӊиздер. Сиздерди шайлоо бириктирип жатабы же идеяӊыздар да төп келип калдыбы?
– Жээнбеков, Абдырахманов, Кубатбек Байболов, мен дагы биринчиден, Кыргызстандын кызыкчылыгын сакташыбыз керек. А азыр туура эмес айтып жатышат. Абдырахманов, Жээнбеков, Байболов демократия жагынан мыйзамдарды тияктан алып жатышат. Элге укук берүү, децентрализация, анан эркиндик жөнүндө. Мен да ошону колдойм. Бизде орусча айтканда «совпадение интересов» болуп калды.
– Сиздердин талапкерлер тизмесинде буга чейин «Ар-намыс» партиясынын жигердүү депутаты болуп келген ошол эле Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев башка партияга кетти. Алар сиз менен тил табыша алган жокпу же элегиӊизден өтпөй калдыбы?
– КСДПга Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев, Анвар Артыков, Айнуру Алтыбаева, Бакыт Жетигенов, «Ата Мекенге» Каныбек Иманалиев, Талант Узакбаев, «Замандашка» Замир Бекбоев, жалпысынан бир топ депутаттар башка партияларга киришти. Мен сүйлөшсөм баары «башка партияларда перспектива бар, сиз азыр бул партияны башкарасыз, бирок биз тигил жакта башка партияларды, буюрса, башкарабыз» деп жатышат.  
– Бирок азыр деле «Ар-намыс» партиясынын мандатын алып жүрүшөт да. Негизги себеби эмне?
– Чыр-чатак боло элек. Биздин депутаттар мыйзам чыгаруу боюнча биринчи орунду алды. Ошондуктан «Ар-намыстын» балдары даярдалган, билимдүү балдар деп айтып жатышат. Ар бир партия карап жатат. Биздин партиядан мына ушундай балдар көп чыкты. Ачык айтканда, бул жерде менин да эмгегим бар.

Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектерден түшүрүлүп, кыскартылып берилди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
28.09.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"совпадение интересов" дегени кызмат болуштургону да ээ окмотту министрлерди ээлеп алуубу
28.09.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кече КТРКдан Равшан Жээнбеков походу Бабановдун созун суйлоп ошонун партиясынын идеяларын мактап кирди го, анан эсине келе калганданда Ар Намыс ,Кулов деп ))))))))
28.09.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ деп атаса болот
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-28 14:09:41
28.09.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gerodot, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 10 күн БАН!
28.09.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кетет да эртенки келечеги жок болсо бул партия менен по истечении срока годности деп озун да кетириш керек кочукко тээп .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо