БАШКА УЧАСТОКТОН ДОБУШ БЕРЕМ ДЕГЕНДЕРГЕ КОШУМЧА УБАКЫТ БЕРИЛБЕЙТ

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

Быйылкы парламенттик шайлоодо добуш берүүгө биометрикалык каттоодон өткөн адамдар гана катыша алары маалым. Мындай жаӊычылдык шайлоо процесстериндеги бир катар кемчиликтерди аныктап койду. Маселен, кичи мекенинде каттоодо туруп, бирок борбор калаада жашаган көптөгөн ички мигранттар кандай добуш беришери суроо жаратты. БШК мындай жагдай үчүн Бишкекте жана Ошто кошумча шайлоо участкаларын ачты. Каттоо дареги башка, жашаган жери башка адамдар дал ошол кошумча участокторго арыз менен кайрылып, добуш берүүгө катыша алышмак. Бирок 19-сентябрда биометрикалык каттоодон өтүү, кошумча участокторго арыз жазуу иштери токтотулду. Биз БШКга кайрылып, «Биометрикалык каттоодон өтүп, бирок айрым бир себептерден 19-сентябрда кошумча участоктон добуш берүү ниетин билдире албай калган жарандарга кошумча убакыт берилеби?» деген суроо менен кайрылдык.
БШКнын басма сөз кызматы: «Кошумча шайлоо участкаларынан добуш берүүнү каалагандарга добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн 19-сентябрь күнү айрым шайлоо участкаларында кечки саат 9-10го чейин иштер жүрүп жатты. Жетишпей калган адамдардын арызын алуу токтотулду. Дагы убакыт берилбейт»,- деп жооп беришти. Демек, БШКнын убакытты узартпаганы көптөгөн адамдарды шайлоо укугунан ажыратты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(3)
28.09.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон шаарлардагы ички мигранттар шайлай алышпайт экен
30.09.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз шайлоого катышпай калабызбы бир нерсе кылса болмок да
01.10.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка олкодо жургондор биометрика эмне экенин да толук тушунушкон жок,алар кандай катышат же алар оз добуштарын бере алышпайбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо