КОРКМАЗОВДУН ЧЕТ ЖЕРДЕ ДАРЫЛАНУУСУНА НАРЫМБАЕВДИН ЖАКТООЧУСУ КАРШЫ ЧЫКТЫ

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

23-сентябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча биринчи соттук отурум өттү. Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миӊ доллар пара алып жатканда кармалган. Депутат тергөөдө бул ишке Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Андан кийин 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге «опузалап пара талап кылуу», «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу»  беренелери боюнча, ал эми Хажимурат Коркмазовго «опузалап пара талап кылуу» айыбы тагылган.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Данияр Нарымбаев өзүнүн күнөөсүз экендигин айтты. Ал эми Хажимурат Коркмазов: «Мен ортомчу болгом. Мени күнөөлөп жатышкандай эмес. Жактоочуларым менен кеӊешейин, анан толук көрсөтмө берем»,- деп айрым так эмес жагдайлар болуп жатканын билдирди. Коркмазовдун жактоочусу депутаттын ден соолугу начардыгын, жакын арада чет өлкөгө чыгып жүрөгүнө операция жасоо зарылчылыгы бар экенин айтты эле, Нарымбаевдин жактоочусу менен мамлекеттик айыптоо буга каршы чыгышты.
Сот иши 28-сентябрда уланмай болду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
28.09.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун баары сайсий оюн Тулеевди каматышты эле анын кызын курал кылып Коркмазов менен Нарымбаевди каматышыптыр эми Коркмазовду куткарыш учун операцияны суйлоп жатышат бул жагы шахматтык журуш го эл учун кызмат кылабыз деп келишип ар кимиси оз байлыгын гана коргошот.
28.09.2015. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп ичкенде Кыргызстандан жеп ичсин дарыланганда эле кандайча чет олко экен.Журогу ошол параны алып атканда неге оорубайт жооп берээрде эле ооруп калышат.Койо бербеш керек олсо андан кыргыз азайбайт да кемибейт.Эмнеге эле ушундай паракорлорго келгенде эле кыргыз соттору гумандуу боорукер болуп калышат тушунуксуз.Мындайларды керек болсо олсо олугун соттош керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо