БИР БҮРКҮМ

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

  •  Жогорку Соттун төрайымы болуп Айнаш Токбаева шайланды. Эске салсак, 2012-жылдын сентябрь айында Жогорку Соттун төрайымы жана 3 орун басары шайланган, ушул жылдын сентябрында алардын кызмат мөөнөтү аяктады. Буга чейин Жогорку Соттун төрайымы кызматында Феруза Жамашева иштеп келген.
  •  Ош шаардык соту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Ош шаарындагы башкармалыгынын экс-башчысы, маркум Алманбет Анапияевдин агасы Галмамат Анапияевге 1000 доллар пара талап кылганы үчүн 4 миллион 200 миӊ сом айып пул салды. 
  •  Улуттук статистика комитети маалымдагандай, орус валютасынын кыргыз сомуна катышы жыл башынан бери 30 пайызга арзандады. Ал эми доллар 16 пайызга кымбаттаган.
  •  Кыргызстанда зергердик тармакта иштегендердин жылдык муктаждыгы 2 тонна алтын, 3 тонна күмүштөн турат. Бул тууралуу 23-сентябрда вице-премьер Валерий Диль «Кыргызалтын» ишканасынын абалы талкууланган жыйында билдирди.
  •  Ош облусунун Кара-Суу районунда 132 эшек короо ичинде багылып жаткандыгы, алардын ээси кытай жараны экендиги аныкталды. Ал эшектерди чогултуу, экспорттоо үчүн бардык уруксат кагаздары бар экендигин билдирген. 
  •  Москвада кыргыз кызы аны зордуктоого аракет жасаган мекендешинен качам деп 7-кабаттан кулап түштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашууда. Кыздын оор жаракат алгандыгы, сөөктөрү сынып, өпкөсү жабыр тартканы маалымдалды. Зордуктоого аракет кылган мекендеши камакка алынган.
  •  Кыргызстанда 2002-жылдан тарта интернет колдонуучулардын саны 53 эсе көбөйгөн. 2015-жылдын 1-январына карата интернет колдонуучулардын саны 4 миллиондон ашкан.
  •  Кыргызстанда 1787 адам экстремист деп каттоого алынган, булар тыюу салынган диний уюмдарга мүчө адамдар. Анын ичинен 178и террордук уюмдар менен тыгыз байланышта экени аныкталган. 
  •  Биометрикалык каттоодон өткөндөрдүн саны 23-сентябрга карата 2 миллион 751 миӊ 414 кишиге жетти. Эске салсак, биометрикалык каттоо 19-сентябрда убактылуу токтотулган, 5-октябрдан соӊ кайра жанданат.
  •  Анвар Артыков, Феликс Кулов, Анарбек Калматов, Каныбек Иманалиев, Каныбек Осмоналиев, Бөдөш Мамырова 2014-жыл ичинде эӊ көп айлык алган депутаттар экени айтылды. Алардын бир айлык маянасы 90 миӊ сомдон ашык болгон.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо