АТАМБАЕВ ЭЛДИ ШАЙЛООГО ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕ ЖАСАП, ДОБУШ САТПООГО ҮНДӨДҮ

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ысык-Көл облусуна барган эки күндүк жумушчу сапары жыйынтыкталды. Сапар алкагында дубандагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер тууралуу кеп салды. Мамлекет башчысы сөз арасында алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу да пикирин билдирди. Анын айтымында, бийлик шайлоону ачык айкын, демократиялык принциптердин чегинде өткөрүү үчүн бардык шартты түздү. Техникалык база заманбап техникалар менен жабдылды. Эми калганы карапайым шайлоочулардын колунда экенин баса белгилеген Атамбаев элди жаркын келечекти тандоого чакырды.
«Ар бириӊер өз келечегиӊер үчүн жоопкерчиликти моюнга алып, таза абийир менен татыктуулар үчүн добуш бересиздер деп ишенем. Бийликти эл өзү тандап алууга тийиш»,- деген президент жергиликтүү тургундарды Кыргызстандын келечегине кайдигер карабай, жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен добушун сатпоого үндөдү.
Мамлекет башчынын бул кеби колдоого аларлык. Жаӊы шайланчу парламенттин кезектеги курамы өлкөнүн алдыдагы 5 жылдык келечегин аныктайт. Кыргызстан 2020-жылга чейин кандай тагдырды баштан кечирери парламенттин жаӊы түзүмүнөн көз каранды. Добушту ар бир шайлоочу салмактап берүүсү зарыл.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
28.09.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келечек учун десек шайлоодон кийин баары айнып кетип жатышпайбы убадалар убактылуу эле
28.09.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажообуз ушинтип суйлогону жакшы дечи... Бирок,ушинтип айтып олтуруп,арттан "суу куюп"кеткен жайынар да бар эле...
28.09.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
EdikoKG,Жайлайсынго,Албетте туура,бирок бул заманда эки жуздуулор аябай коп сен айткандай Элдин козунчо ушинтип суйлошо берет,мынаны шайлабасан мындай болосун мынчадан беребиз деген ОЗУ анан эле Элдин козунчо жакшы создорду айтып акыл насаат айтып калышканы ичинди оорутатда...
29.09.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almaz2880, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
01.10.2015. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевдин партиясы СДПК,элдин баарын коркутуп,айрыкча бюджетниктерди оздоруно добуш берууго чакырып ОЗУ айткан закону бузуп жургонуно кандай карайсыздар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо