КӨҢҮЛ КӨТӨРГӨН «КӨЧӨ» ТАСМАСЫ

№674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж

«Эй, аппагым, сен менен кетти жаш чагым»... Ушул кайрыкты укканымда «Көчө» тасмасы көз алдыма тартыла түшөт. Юморго бай, элеттиктердин турмушун чагылдырган тасма 1972-жылы тартылган. Анда фильмдин эсте калган эпизоддору кандай тартылганын сүрөт-баян аркылуу билип алыӊыз.

ТАСМАГА ЖАН БЕРГЕНДЕР
Режиссёру
– Геннадий Базаров
Сценарийин жазган – Мурза Гапаров
Операторлору – Марлест Туратбеков, Виктор Дурандин
БАШКЫ РОЛДОРДО:
Абаз – Чоро Думанаев
Малике – Мамлакат Кылычева
Туман – Насыр Кытаев
Борош аба – Муратбек Рыскулов
Бороштун зайыбы – Алиман Жангорозова
Сейил – Бакен Кыдыкеева
Унсун чоӊ эне – К.Рысмендиева
Ормотой – Советбек Жумадылов
Жалил – Нуртай Борбиев

«Бейиши болгур чоӊ атаӊ түшүмө кириптир, өлөт окшойм, кошок айтып койчу» деген Унсун чоӊ эне тасмадагы эсте калган каарман. Абаздын «сен өлүп чарчабадыӊ, мен кошок айтып тажабадым» деп айтканы кинодогу жылмайтчу эпизоддордун бири.

Ал учурда Токтогул районунун Көтөрмө айылында дүкөн жок болгондуктан, тартуучу топ 3-4 чакырым жол жүрүп Торкенден арак-шарап алып кетишчү экен.

Тасмадагы бука жетелеген абышка Абды Ибраимов режиссёрдун тапшырмасы менен короз сатып келет. Алар эт багытындагы короздор болгондуктан урушпай, экөө эки жакка басып кетип чыгармачылык топту тажатышат. «Балким, арак берип көрсөк чокушаттыр» деп 1 аш кашык арак ичиришсе да урушушпайт. Анан 1 пиала арак ичиргенде мас болгон короздор сулк жыгылышат. Акыры «Пионер» лагеринин кароолчусу келип короз уруштуруучу таптагычтар менен тартуучу топту тааныштырып, тасмага тапталган короздорду тартышкан.

«Эй, аппагым» деп ырдаган Абаз Маликеге сүйүүсүн ыр аркылуу билдирет. Чоро Думанаевдин айтуусунда, Маликенин ролун жараткан актриса Мамлакат Кылычева кара тору эле кыз болгон.

Аксакалдар киного тартылуудан сырткары бош учурларында отуруп алып карта ойношчу. Оюн башталганда Муратбек Рыскулов менен Тургун Бердалиев сүйлөшүп алышчу экен. Оюндун кызыгына киргенде Тургун Бердалиев ары-бери ар кимдин арт жагына өтүп, кимде кандай карта барын байкап туруп Муратбек Рыскуловго ырдап калат. Эгер колунда карга болсо «Каргалар учат кө-кө-лө-өп…» деп. Аны байкаган Муке ошого жараша жүрүш кылып, баарын утуп алганын Чоро Думанаев жылмаюу менен эскерди.

Бул тасмага залкар актёрлор тартылгандыктан, кино бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой келет.

Советбек Жумадылов Ормотойдун ролун ийинине жеткире аткарган. Тасмада корозу (басмачы) үчүн жубайы Сейилге кайтып келет.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(11)
05.10.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба мага абдан жагат бул кино
05.10.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба сонун кино мага абдан жагат!!
05.10.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба мага аябай жагат. Канча жолу корсом да коро берем
05.10.2015. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул тасма Токтогулда тартылганын эч билбепмин. Жакшы тасма негизи.
06.10.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коруш керек экен.
06.10.2015. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
HAPPY.GIRL
Сопсуз кор
06.10.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КЫргыз киносунун шедеврлеринин бири
15.10.2015. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кино тартылган кезде, азыркыдай сонун аппараттар болбосо да, кинону тарткандардын, ролдорду аткаруучулардын таланттары күчтүү болгондуктан, канчалаган сооонун кинолор тартылган. Азыр ошол деңгээлге жеткидей кино тартылаар бекен
25.10.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктан корсом болот админ?
25.10.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Titi,

google dan izdesener tabasynar
26.11.2015. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күндө кайталап көрөм. соонун тасма
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо