-

2015-жылдын 9 айында
КОРРУПЦИЯГА байланыштуу 662 кылмыш иши козголгон. Анын 260тан ашууну сотко өткөрүлгөн. Коррупциялык иштерден улам мамлекетке келтирилген зыян 225 миллион 223 миӊ сомду түзүп, анын 22 миллиону мамлекетке кайтарылган.
-
Мамлекеттик айыптоо экс-баш прокурор АИДА САЛЯНОВАНЫН күйөөсү Бакыт Абдыкапаровду 7 жылга кесүүнү суранды. Эске салсак, ага «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү», «алдамчылык» беренелери менен айып тагылган.
-
«ОРУСИЯ-2018» футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондугунун тандоо турунда Кыргызстан курамасы 8-октябрда саат 19:30да Тажикстан, 13-октябрда Бангладеш курамасы менен Бишкекте беттеш өткөрмөкчү. Буга карата Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион толугу менен оӊдоодон өтүп, уюштуруу иштери жогорку деӊгээлде болору күтүлүүдө.
-
ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО 607 байкоочу көз салат. Бул тууралуу БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.
-

«Дин башкармалыгын башкарып жүргөндө ажылыктан түшкөн кирешеден салыкты төлөбөй жашырып койгон» деп айыпталып жүргөн экс-муфтий
ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДУ Жогорку Сот күнөөсүз деп тапты.
-
28-сентябрда БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК БОРБОРУНУН 1959-жылы курулган түтүн чыгуучу мунарасы оӊдоо иштерине байланыштуу кулатылды. Анын ордуна бийиктиги 150 метрлик жаӊы мунара орнотулат.
-
Кыргызстанда жыл башынан бери 1 миллион 200 миӊ тонна КӨМҮР өндүрүлдү. Өлкөнүн көмүргө болгон жылдык керектөөсү 2 миллион 718 миӊ тоннаны түзөт.
-
Ош шаарындагы ЖАПАЛАК айылына биринчи жолу газ түтүктөрү тартылып, айылдын төрт көчөсү газ менен камсыз болду. Газ түтүктөрү айылдын 125 үйүнө тартылып, жалпы узундугу 4 чакырымга жетти.
-
Окуучуларга 10-октябрга чейин мектепке БИРДИКТҮҮ ФОРМА эмес, каалаган кийим менен барууга уруксат берилди. Эске салсак, окуучулар 30-сентябрдан тарта мектепке бирдиктүү форма менен баруусу керек болчу.
-

Адистердин айтымында, Кыргызстандагы
УНАА ЖОЛДОРУНУН 20 пайызы гана минималдык коопсуздук жана сапат нормаларына жооп берет. «Кыргызстандын унаа жолдорунун 52 пайызын жол деп айтууга кыйын»,- дейт өкмөт башчы Темир Сариев.
-
SIM-КАРТАЛАРДЫ каттоого алуу 2016-жылдын 1-февралына чейин узартылды. Уюлдук операторлордун абоненттик базасындагы 1 миллион 82 миӊ 601 абоненттин SIM-карталарынын каттоодон өтпөгөнү буга себеп болгон.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg