БАЛЧЫЛЫК – ОҢОЙ БИЗНЕС

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

Бал – ичсең дары, сатсаң акча болуп берүүчү азык. Андыктан балчылыкты акча табуунун булагына айлантууну көздөгөндөр эмнелерди билүү керектигин Токтогул районунун Толук айылынын тургуну, 10 жылдан бери балчылык менен алектенген Азамат Кулукеев айтып бермекчи.

ААРЫНЫН 1 ҮЙ-БҮЛӨСҮ ҮЧҮН ЧЫГЫМ
Балчылыкты жаңы баштагандар май айынын башында 1 үй-бүлө аары менен баштаса жетиштүү. Кийин аарылар көбөйгөндө эне аарыларды бөлүп алып, бал челекти көбөйтсө болот.

  • 1 бал челек (ящик) – 2500 сом (24 рамка сыят).
  • Аарынын уясы (вощина, аарынын табигый момунан жасалат, анын бетинде аары жашап, жумуртка тууп, бал чогултат) – 1 кутусу 2750 сом (ичинде 60 даана болот).
    Уясы рамкага бекитилип, 4-5 жыл колдонгонго жетет.
  • Бал аарылардын бир үй-бүлөсү (эне аарыны уруктандыруучу эркек аары, эне аары жана жумушчу аарылар) – 3000 сом . Үй-бүлө уясы бекитилген 3 рамкада келет.
  • Рамка – 21 даана. Ар бири 75 сомдон. 21х75= 1575 сом
  • Аарылар үчүн жаздыкча (сууктан коргоо үчүн керек) – 200 сом.

Чыгаша: 10 025 сом
Эскертүү: Эгер эне аарынын тукумун алмаштыргыңыз келсе, карпатка (Украина) жана карника (Германия) тукумундагысы – 1000-1500 сомдон. Ал эми жергиликтүү эне аары – 750 сом. Салып келүү үчүн кутуча – 50 сом.

БАЛЧЫЛЫККА КЕРЕКТҮҮЛӨР
Балчынын кийими
(комплектиси) – 2000 сом
Бычак – 300 сом
Шпатель – 300 сом
Стамеска – 300 сом
Бал айдагыч (же бал тарткыч) – 20 000 сом
Бал чыпкалагыч – 500 сом
Сироп куйгуч идиш – 70 сом
Түтөткүч – 500 сом
Чыгаша: 23 970 сом

БАГУУ, КӨБӨЙТҮҮ
Ошентип керектүүлөрдү алып, аарыларды сатып келдиңиз. Эми андан ары эмнелерди жасоо керек?
Майдан тартып июндун башына чейин аарыларга 2 күндө бир 500 грамм кумшекерге 500 грамм кайнаган суу куюп (сироп) беребиз. 1 айда 7,5 килограмм кумшекер кетет. 7,5х50 (кумшекердин баасы)=375 сом.
Тамактанган сайын эне аары жумуртка тууй баштап, июлдун башына чейин 24 рамка толот.
•Июлдун башында аарылар бал чогултууга өтөт.
•10-15-июлда алгачкы бал жыйналат (тартылат). 12 килограммдай бал чогулат. 1 килограммын 300 сомдон сатсаң – 3600 сом.
•25-июлда бал экинчи ирет жыйналып, 20 килограммдын тегерегинде бал алынат. 20х300=6000 сом.
•Июнь-июль айларында ара-чолодо жамгыр жаап турса, анда августта бал берүүчү өсүмдүктөр катып, гүлү куурап кетпей, дагы бир ирет бал чогултулат. Бирок 7 килограммча жыйнап, калганын кышкы азыгына калтыруу керек. 7х300=2100 сом. Жамгыр жаабаса, анда бал аарыларга калтырылат.
•Күздө (сентябрь) 2 жолу, жазда (апрель-май) 2 жолу ич өткөк (тетрациклин) менен битке (бипин) каршы дары берилет. Буга 190 сом кетет.
•Сентябрда рамкаларды кыскартабыз. Бул кезде эне аары жумуртка тууганын азайтат. Анын үстүнө аарылар 30-35 күн жашагандыктан өлгөндөрү өлүп, 10-11 рамка калат. Аарылардын уясы бекитилген рамкаларды күбө, чычкан кирбей тургандай атайын жайга сактайбыз.
•Жазга чейин аарылар бал челектеги балды жеп жата берет.
Чыгаша: 565 сом
Киреше: 11 700

КИЙИНКИ ЖАЗДА

  • Жазында 1-10-март аралыгында бал челекти ачып, рамкалардын санын кыскартабыз. Анткени январь айында эне аары туубай калат да, февралдын жыйырмаларынан баштап кайра жумуртка тууй баштайт. Ошентип өлгөндөрүнөн калгандары 5-6 рамка чыгат.
  • Май айынын башында аарылардын саны көбөйүп, 12 рамкага жетет. Муну 3 үй-бүлөгө бөлөбүз. 1 үй-бүлө ошол бал челекте калат.
    Жаңы 2 бал челек 2500 сомдон 5000 сом.
    48 рамка 75 сомдон 3600 сом. Аарынын уясы (вощина) мурунку жылдан артып калгандары колдонулат.
  • Майдан тартып июндун башына чейин аарыларды кайра тамактандырууга өтөбүз. 3 бал челекке 22,5 килограмм кумшекер кетет. 22,5х50= 1125 сом.
  • Ич өткөк менен битке каршы 4 ирет дарылоого – 190 сом.
  • 10-15-июлда 3 бал челектен 36 килограмм бал чогултулат. 36х300=10 800 сом.
  • 25-июлда 3 бал челектен 60 килограмм бал жыйналат. 60х300=18 000 сом.
  • 3-ирет бал чогултулса, анда 3 бал челектен 21 килограмм бал алынат. 21х300=6300 сом.

Калган иш мурункудай улана берет.
Чыгаша: 9915 сом
Киреше: 35 100 сом
2 жыл ичиндеги жалпы чыгаша: 44 475 сом
2 жыл ичиндеги жалпы киреше: 46 800 сом

СОҢКУ СӨЗ
Ошентип 1 бал челек өзүн 2 жылдан кийин толук актай баштайт. 3-жылы 3 үй-бүлө аары 9 үй-бүлөгө бөлүнүп, жыйналган балдар 288 килограммга жетет. Эгер бизнес көбүрөөк киреше алып келсин десеңиз, анда дароо 3 жана андан көп бал челек багуу менен баштасаңыз болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
12.10.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кенеш экен мекениме барып эле ушундай жумуш жасайт окшойм ар жерде тентибей эх Кыргызстаным.
12.10.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун кенештер экен,буюрса ушундай бал челек кылгым келет,ар кандай интернет сайттардан окуп коруп коюп журом.Ракмат супер инфо жамааты ушундай жана башка айыл жерине керектуу маалыматтарды кенештерди берип турганынарга.Эми алма орукторду кыйыштырып багбанчылык жонундо да жазсаныздар эн жакшы кенеш болмок баарыбызга.Ракмат
12.10.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolotbai3, саламатсызбы!
Мөмө-жемиш дарактарды туура бутоо тууралуу макала:
http://www.super.kg/article/show/14407
12.10.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теплица туралуу маалымат
12.10.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islam14, саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/show/31095
12.10.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
айыл чарбасын онуктуруп,анын ичинде мал чарба менен агрардык ондурушту жолго койсо башка жагы анчейин деле керек эмес болчу элге.
13.10.2015. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул жерде балчылык боюнча ото эле аз маалымат берилген.Баарын оз башынан откормойунчо эч баляясын тушунбойсун.Эгер бул бизнести баштайм десенер жок дегенде 5 челектен башташ керек.
13.10.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бизнести жарыялап салыпсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо