ЭЛЧИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ МАЛАЙЗИЯНЫН ТРАНСПОРТ МИНИСТРИ МЕНЕН ӨЛКӨЛӨР ОРТОСУНДА ТҮЗ АВИАКАТТАМ АЧУУНУ СҮЙЛӨШТҮ

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов 30-сентябрда Малайзиянын транспорт министри Лиоу Тионг Лай менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, жолугушуунун башкы максаты – министрликтин жетекчилиги менен таанышуу, транспорт жана авиабайланыш тармагында кызматташтык түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.
Жолугушууда тараптар Бишкек-Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу жана Куала-Лумпурдан Европа өлкөлөрүнө Бишкек шаары аркылуу авиабайланыш түзүү боюнча кыргыз тараптын сунушун талкуулашты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында малайзиялык тарап аталган сунушту тийиштүү комитетте карап, Малайзиянын алдыңкы авиакомпаниялары менен талкуулоого даяр экенин билдирди.
Эскерте кетсек, элчи Кылычбек Султанов жакында Кыргызстандагы Туроператорлор ассоциациясынын президенти Анвар Юсупов менен жолугушкан. Анда туризм жаатында мамилелердин мындан аркы өнүгүшү үчүн эки өлкө ортосунда түз аба байланышын ачуу боюнча Малайзиянын тийиштүү министрлиги менен жолугушууга аракет кыларын билдирген эле.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(4)
12.10.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кылычбек Султановду президент кылыш керек оз ишин мыкты билет кайсыл жумушта иштебесин результат корсотот
13.10.2015. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы кошулам. Башка элчилерден айырмаланып коп жерде активдуу журот.
15.10.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суперге рахматын айтсын элчи!
18.10.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мумкун айтып аткандыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо