ФАРИД НИЯЗОВ ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТТЫН БАШЧЫСЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

Ак үйдүн 7-кабатында парламенттик шайлоодон кийин эле маанилүү кызматтык дайындоолор болуп өттү. Эсиңиздерде болсо, ири коррупциялык иштерге  шектелип кармалган Данияр Нарымбаевдин ордуна Президенттик аппараттын башчысы болуп Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров 
дайындалган болчу. 7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Темир Жумакадыровду кайрадан Коргоо кеңешинин катчылыгына дайындап, Темир мырзанын ал жакта жасап бүтүрө турган иштери көп экенин айтып өттү. Ал эми Президенттик аппараттын башчылыгына тар чөйрөдө ажонун ишенимине кирген кадр катары айтылып жүргөн, 2011-жылдан тарта президенттин кеңешчиси болуп иштеп келе жаткан Фарид Ниязов дайындалды.
Фарид Ниязовдун улуту кыргыз, 57 жашта, бир уул, бир кыздын атасы. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн, кесиби инженер-гидротехник. 1991-1993-жылдары «Комсомольская правда» гезитинин Борбордук Азия боюнча атайын кабарчысы, 1995-1996-жылдары Аскар Акаевдин басма сөз кызматынын жетекчиси, 2001-2005-жылдары "Комсомольская правда-Азия" ЖЧКсынын өнүктүрүү долбоорлору боюнча директору, 2005-2010-жылдары «Коммерсантъ» гезитинин Бишкектеги өз кабарчысы болуп турган. 2010-жылдын 24-апрелинен тарта Убактылуу өкмөттүн маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси, 2011-жылкы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин штабын жетектеген.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(4)
12.10.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
че та окшобойт го кыргызга ушу туугандарды бийлике алып келип өзүбүзгө эле таш болуп атышат,Өзбекстандан кичине болсо да сабак алгылачы ээ бийликтегилер
12.10.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Warsaw туура айтасын, буларды бийлике жолотуп болбойт! Кийин окунобуз анда кеч болот.
13.10.2015. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акажон деп туруп жайлап кететкооооо
18.10.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой деги силерге эмне жагат же силерди креслого отургузуп коюш керекби камент жазгандарга тан каламда. Оздору кыргызстанга чооон салымын кошуп койшонсуп баардык нерсеге нааразы болоберишет. Анда айткылачы президенттик аппараттын башчысына кимди дайындоо керек эле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо