-

Синоптиктер «
ОКТЯБРЬ айы климаттык нормадан суук болот» дешүүдө.
-
Бишкек шаарында 6-октябрда жаш балдардын ХОСПИСИ ачылды. Хоспис – бул айыкпас дарттан жабыркагандарга бекер медициналык жардам көрсөтүүчү мекеме.
-
Өлкөдөгү 16 жатак үйдө 2350 адам күн кечирет. Анын ичинде 6 КАРЫЛАР үйүндө 766 карыя бар. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
-
"4-октябрга карата ОРУСИЯДА жүргөн кыргызстандыктардын саны 520 328 кишини түздү. Бул өткөн айга салыштырмалуу 1,3 пайызга көбүрөөк",- дейт аталган өлкөнүн Федералдык миграциялык кызматы.
-
Кыргызстандын Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 5-октябрда Беларусь президенти АЛЕКСАНДР ЛУКАШЕНКОГО ишеним грамотасын тапшырды. Беларусь Курманбек Бакиевди экстрадициялоодон баш тарткан соң 2012-жылы Кыргызстан элчисин чакыртып алган эле.
-
Кыргызстанда коррупцияга айыпталып издөөдө жүргөн, Болгариядан кармалып, камакта отурган «КУМТӨРДҮН» экс-башчысы Леонардо Хоменюкту болгар соту экстрадициялоодон баш тартты.
-
Өлкөдө 10 миң адамга 19 ВРАЧ туура келет. Врачтарга эң көп жетишсиздик Кадамжай, Чаткал, Ала-Бука, Жети-Өгүз, Түп, Жумгал, Ак-Талаа, Алай, Чоң Алай, Ноокат жана Манас райондорунда.
-
Казакстанда 3 жашар БАЛАНЫ зордуктап, кийин өлтүрүп салган Кыргызстандын 54 жаштагы жараны Жамбыл облустук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылды.
-
«Сулайман тоо» музей комплексинин башкы адиси Х.Ибайдуллаевдин айтымында, «ӨЗГӨН ОАЗИСИ» ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизилгени жатат. «Өзгөн оазиси» – мунара, күмбөз, мечит жана медреседен турат.
-
Ветеринардык жана фитосанитардык кызматы тарабынан өлкөдө жыл сайын үч миңге жакын ЖОЛБУН ИТ атылат. Бул тууралуу башкы ветеринардык инспектор Ашырбай Жусупов билдирди.
-
Бишкекте бет капчан белгисиз адамдар инкассаторго кол салып, 612 МИҢ ДОЛЛАР УУРДАП кетишти. Окуя 7-октябрда түнү Жумабек көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин короосунда орун алган. Иликтөөнү Свердлов РИИБи жүргүзүүдө.
-
Малайзиянын ТV3 телеканалынын "Primeworks" студиясы Кыргызстандын УЛУТТУК АШКАНАСЫ тууралуу документалдуу фильм тартат. Тасманы тартуу үчүн Кыргызстанга Малайзиядан 3 ашпоз келет жана өлкөнү кыдырып жергиликтүү ашкананын, маданияттын уникалдуулугу тууралуу айтып беришет.
Мирлан Өмүралиев,
Эльвира Караева
politika@super.kg