КЕЧЕ КӨЙНӨКТӨРҮНӨ ЖАРАШЫКТУУ АКСЕССУАР ТАНДАҢЫЗ

№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж

Туулган күн, ар кандай той-кечелерге чакыруу алган кыз-келиндер эмне көйнөк кием деген суроого такалышат. Жөн гана көйнөктү кийип кете бербестен, ага жарашыктуу асем буюмдарды тандап, тагынуу өзүнчө искусство. Эмесе, бет түзүлүшүңүзгө, кийчү көйнөгүңүзгө жараша аксессуар тандоону үйрөнүңүз.

Ийини ачык көйнөк кийсеңиз, быйылкы мода менен моюнуңузга бермет колье тагыныңыз. Сөйкө болсо кичинекей топчу сымал болушу керек. Андан сырткары мындай көйнөк менен көлөмдүү, бирок кыска колье, шуру тагынуу зарыл. Чачыңызга кольеге жараша ободок тагынсаңыз ашыкча болбойт.

Жакасы үч бурчтук көйнөктөрдү ушундай эле үч бурчтук формасындагы узун колье, чынжырча, шурулар менен толуктаңыз. Басым моюнга жасалгандыктан сөйкө чоң болбошу керек. Тамчы же топчу түрүндөгү сөйкө тагынсаңыз жарашат.

Бир ийини ачык көйнөккө моюнга жасалга тагынуунун кажети жок. Ал эми кулагыңызга самсаалаган түрдүү фасондогу сөйкөлөрдү тагына бериңиз.

 Жакасы кайык сымал (лодочка), тордолгон, ар кандай таштар бастырылган, оймо түшүрүлгөн көйнөктөр менен моюнга шуру тагынууга болбойт. Кайык сымал жакалуу көйнөккө узун, чоң сөйкө жарашат. Ал эми оймолуу, таш бастырылган көйнөктөргө тамчы сымал тунук, кичинекей сөйкөлөр туура келет.

 Жакасы О сымал көйнөктөр менен кыска, тегерек, көлөмдүү моюн жасалгаларын тагынуу керек. Эгер сөйкөңүз да чоң болсо, ага кошумча чачыңызга ободок тагынсаңыз, моюндагы шуруну алып эле салганыңыз туура.

БЕТ ТҮЗҮЛҮШҮНӨ ЖАРАША СӨЙКӨ ТАНДАЙБЫЗ

Модель – "Супер сулуу-2013" Орункүл Шабралиева
Аксессуар тандоо боюнча кеңеш берген дизайнер – Аида Тойчуева
Аксессуарлар – Jannat accessories

Асыл Орозбекова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
19.10.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш екен
19.10.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн сонун маалымат экен абдан жакты сумка менен очкилер жонундо жазгылачы
19.10.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жерде эми кандай тагынуу кенеши берилген,бирок негедир моделге жараша бербептир же ачкан эмеспи,анан ободоктор дарашбаптыр бул жеке оюм,талап кетпегиле
19.10.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melante, кошулам сизге. лично мага ободок таккан жакпайт. анан той, майрамдык кечелерге ободок анча тагына беришпейтго копчулугу. биринчидеги шуру да жаккан жок.
20.10.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pakiistanka, талкуудан алыстабаңыз! Эскертүү! Эскертүү сызыгыңыз толду. Дагы эреже бузсаңыз, түбөлүк БАН!
20.10.2015. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара койнок Орункулго укмуш жарашып эле калыптыр. Бижутериялары сойкосуида тим эле соонун. Анан калганы анча жага бербеди. Ошентсе да соонун кенештер экен. Он келбетке жарашыктуу кийинууну да чыгаргылачы. Маселен толуктарга мындай арыктарга андай дегендей.
21.10.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apyyke, саламатсызбы!
Ал тууралуу макала бар:
http://www.super.kg/article/show/22913
21.10.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы коздору муздак модель кыз гоооо...кулмундоп турсан тиги койнок аксессуарлардын баары олло сонун жарашмак да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо