Коалиция куроо: ЖИЛИКТЕР КАНТИП БӨЛҮШТҮРҮЛӨТ?

№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж

15-октябрь күнү Боршайком парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Аны менен кошо коалиция кайсы партиялардан курулушу мүмкүн экендиги да белгилүү болуп баштады.

БАБАНОВ МЕНЕН ТАШИЕВ ТИЗМЕДЕН 70 КИШИНИ «КУУП» ЧЫКТЫ


Шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча, республикалык жана аймактык босого чектен 6 партия өттү. Жеңген партиялар тизмесиндеги талапкерлерин кошкон акчасы, алган добуштары жана башка эмгегине жараша сорттоого киришкен эле. Тизмеде ылдыйда жайгашкан талапкерге мандат берүү үчүн жогоруда тургандар өз ыктыяры менен тизмеден чыгуу же мандаттан баш тартуу боюнча арыз жазып, ордун бошотуп берүү керек.
Тизмеден талапкерлерди чыгаруу боюнча «Республика-Ата Журт» рекорд коюп жатат. Аталган партиянын катарынан чыккандардын саны 70 кишиге жетти. Жыйынтыктын эсеби боюнча, Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев баштаган партия 28 мандат алды.   
«Кыргызстан» партиясынын мандат алуучу тизмесинен чыккандардын саны 45 киши болду. Канатбек Исаев жетектеген партияга 18 мандат тийди.    
«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмесинен 16 талапкер чыкты. 13 мандат алгандардын ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов өз каалоосу менен ордун бошотту.
«Бир бол» партиясынан негизинен аялдар депутат болуудан баш тартышкан, анын бири диктор Лунара Мамытова. Алтынбек Сулайманов баштаган партияга 12 кресло бөлүндү. 11 мандатка араң илинген «Ата Мекендин» тизмесинен Жоомарт Оторбаев менен Асия Сасыкбаева чыкты. Ал эми эң көп мандат, тагыраагы, 38 орунду багындырган КСДПнын катарынан 3 талапкер чыкты.

КОАЛИЦИЯ КАЙСЫ ПАРТИЯЛАРДАН КУРАЛАТ?
Учурда көп сөз болуп жаткан конфигурациялардын арасынан КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен» деген версия ишке ашчудай болуп турат. Мындай биригүүдө КСДПга салыштырмалуу 2-3 эсе аз мандатка ээ болгон үч фракция өкмөт башчылыкты талап кылбашы мүмкүн. Анда бийликти бөлүштүрүүгө 80 депутат аралашса, оппозицияда «Республика-Ата Журт» менен «Бир болдун» 40 эл өкүлү калат. «Ата Мекен» оппозицияда калат деген пикирлер алгач басымдуу болчу. Өмүрбек Бабанов менен кошо Өмүрбек Текебаевди да оппозицияда калтыруу бийлик үчүн бир топ түйшүк болору анык. Ошондуктан жогорудагыдай версия чындыкка жакын.

КИМ ПРЕМЬЕР БОЛОТ?
Жогорку Кеңештин VI чакырылышына кезинде өкмөт башчы болуп иштеген 3 депутат келген жатат. Алар: Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов жана Өмүрбек Бабанов. Марага экинчи болуп келген «Республика-Ата Журттун» тең төрагасы Өмүрбек Бабановдун премьер-министр болууга дымагы да, каалоосу да күч. Атүгүл коалицияга кирүүгө кызыкдар экенин шайлоо өткөндөн кийинки күнү эле билдирген. КСДП аны коалицияга кошсо, Бабановдун командасы премьерлик орунду талап кылары анык. Премьер катары Бабанов Конституцияда жазылган бардык укукту пайдаланып, өз алдынча иштейт. Ал эми анын өз алдынчалыгы КСДПга жакпашы мүмкүн.
Жеңишке жетишкен партиялардын ичинен «Кыргызстандын» лидери Канатбек Исаев да премьер болушу мүмкүн деген кептер айтылууда. Анткен менен өзүнүн креслосун сактап калууга Темир Сариев аракет кылары турган кеп. Азыркы өкмөт башчы шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн садагага чапкан. Эгер ага алдын ала кепилдик берилбесе, мындай кампаниядан сыртта калмак эмес. Демек, анын премьерлик креслосун сактап калуу мүмкүндүгү жогору.
Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевге келсек, анын салмагы парламенттик шайлоону жаңы систем менен өткөргөндөн кийин бир топ өстү. Азыр анын мүмкүнчүлүгү Темир Сариев менен тең тайлашып турат.

Мирлан Өмүралиев,
Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
19.10.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири олуп бири калса да элге баарыбир шайлоо бутту булар баягысын кайра башташат.
19.10.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз алдынарча "жилик " талашпай,элге качан "устукан"тартасынар? Тоюп ХХХ го бу!?
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-19 10:22:18
19.10.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG, этика нормаларын сактаңыз!
19.10.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,эсте болот.
19.10.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп отуп алышты дагы 5 жылга. Мындан биягына уруп ойнобойт эч кимди. Голосту по честному 1,000-3,000 сомго сатып алышты, демек келечегибизди озубуз саттык. Кайран элим, дагы эле ан сезимибиз томон да. Дагы качан онолобуз деп кыйкырабыз...
19.10.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин, кайран элим, дагы келечекти саттык, 5 жылдык омурду, бир мешок унга сатты, эми буга элим озун кунолусун, кытайлар биздин заманга чейин 1203-жылы эле жазган кыргыздарда гянгуны деп, бул соз жапайы эл деп, вот ошо созду дагы да болсо далилдеп койдук, келечекти сатпаш керек эле, тазасын шайлаш керек эле, эми болду Сабрр, чыдаш керек,Кудайым буюрса мен каалаган олкодо жашайм, озум ошо олкону тузом,ал олко оннуукон эркин Кыргызстан!
23.10.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына ийгилик.
23.10.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүрбек Бабановдун премьер-министр болуусун мен колдойм!!!
24.10.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай создорду жазгым келип турат "банга" дейт. Баары ак уйдо иштегедер бир заммата жок болуп кетсе, ордуна таптаза жаштар иш алып барса. Андан башка мечтам жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо