КОРГОО МИНИСТРИ КУДАЙБЕРДИЕВ МИЛЛИОНДОРДУ КЫМЫРГАНБЫ?

№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж

Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге жана министрликтин бир катар жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголуп, президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Абибилла Алымович кызматынан бошотулду.
УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын маалыматына таянсак, коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин буйругу менен «Аскер курулушу» ишканасына министрликтин атайын каражаттарынын эсебинен 12 миллион сом  бөлүнгөн. Андан 2 миллион сом «Ояма», 3 миллион сом «Айти-Булак», 7 миллион сом «ЖКХ Коммунальщик сервис» ишканаларынын эсебине, алар «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасына 58 миллион 618 миң дебитордук карызы бар экенине карабай берилген. Ошондой эле аталган фирмалардын директорлору «Аскер курулушта» айдоочу, цехтин мастери, сантехник болуп иштеп келишкени белгилүү болгон.
Мунун негизинде Абибилла Кудайбердиевге жана Коргоо министрлигинин бир катар жооптуу кызматкерлерине карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «кызматтык жасалмачылык», «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» беренелери менен кылмыш иши козголду. Эске салсак, бир ай мурун УКМКнын коррупцияга каршы кызматы «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.Колжоев Коррупцияга каршы кызматтын кызматкерине бир катар аскер объектеринин курулушунда кеткен катачылыктар боюнча фактыларды текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган. 5-октябрда болсо коргоо министринин орун басары болуп келген Нуркалый Жумабаев кызматынан алынып, ага карата «мыйзамсыз баюу» беренеси менен иш козголгон.  Жумабаев кирешелери тууралуу декларацияга ага жана туугандарына тиешелүү болгон 5 автоунаа, 2 жер үй, 2 квартира, коттеджи бар жер тилкесин, адам жашабаган 2 имаратты көрсөтпөй койгон. 2014-жылдын ноябрь айында Жумабаев Коргоо министрлигинин имаратынан чыгып жатканда бутунан жаракат алган. Мындан улам ал өзүнүн демилгеси менен кызматтык иликтөөнү дайындаган. Кийин ага «кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда жаракат алган» деген жыйынтык  менен камсыздандыруу суммасын төлөө боюнча коргоо министринин буйругу чыккан.  Кийин камсыздандыруу төлөмдөрүн мыйзамсыз алууга жалган документтер даярдалганы  аныкталган.
Абибилла Кудайбердиев «мен күнөөлүү эмесмин, бул бирөөнүн буйругу» деп билдирди. Экс-министр ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун жана УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен соттошорун айтты. Эске салсак, Кудайбердиев 2014-жылдын апрель айынан тарта министрлик кызматты аркалап келген.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(7)
19.10.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жогору жактагыларга жакпай калса акырын козун тазалап коюшат бул ошондой оюндун бири
19.10.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушуга окшогон министр - депутаттар тойбой,мекенибиз онукпой жатат.
19.10.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул министр озунун айылынан СДПКга татыктуу добуш алып бере албай кызматтан жазалоо аркылуу алынып калды.Ажообуз тиш кайрап калган адамына эле иш козготкон адат таап алды окшойт?
22.10.2015. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев Бакиевдин бийлигин эки эселеп кайталап отурат.Озунун ийине келбегендерди кандай жол мн болбосун четтетип,жалган жалаа мн канчасын отургузуп койду.ХХХ ХХХ ХХХ!!!Мейли буларга да кудай бар.Тарых кечирбейт азыркы бийликти.Кыргызстанды сазга матырды ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-22 09:42:18
22.10.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuranna_93_kg, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
24.10.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ата бир уй булого жооп бесе, президент бир мамлекетке жооп берет, ошондуктан Алланын астында жооп беришет. Мейли азыр убактылуу дуйно, 2 дуйнодо качып кутула албайт, баарыбыз барабыз.
26.10.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aygul, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү сызыгыңыз толду! Түбөлүк БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-26 10:43:49
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо