#120КРЕСЛО #УЯТБАРБЫ #МЕНИНОТУРГУЧУМ

№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж

Парламенттик шайлоодо утуп чыккан партиядан депутат болчуларга 2 миллион 682 миң сом каражатка кресло алынары белгилүү болуп, коомчулук буга активдүү каршылыгын билдирди. Социалдык тармактарда «#120кресло#уят барбы# менинотургучум» деген хэштеги бар флешмоб башталып кетти. Флешмобдо ар ким өзүнүн жөнөкөй отургучун сүрөткө тартып, муну менен жогорудагыдай чыгымдуу иш-аракетке каршылык көрсөтүштү. Парламентке барчу Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева өңдүү жаштар да 2 миллион сомдон ашык каражатка отургуч алууга каршы экенин билдиришти. Ал эми «Рак оорусуна каршы кыймылы» отургуч алуу үчүн жумшала турган акчаны онкологиялык борборлорду жаңы жабдыктар менен камсыздоого коротууну сунуштап, кол топтоп баштады.
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын эски отургучтар жетим балдар үйүнө берилет деген маалыматы нааразычылыкты ого бетер күчөттү. Негизгиси, коомчулуктун активдүү пикиринин жыйынтыгы жаман болгон жок. Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жалаң булгаарыдан жасалган, 120 килограммды көтөрө алчу 120 кресло сатып алуу боюнча 2-октябрда жарыяланган тендер спикер Асылбек Жээнбековдун буйругу менен токтотулуп, депутаттар мурунку отургучтарды колдоно турган болушту. Коомдун каршы пикиринен улам максатсыз чыгымдарды токтоткон учур Кыргызстанда биринчи болуп жатканын да баса белгилей кетүү керек. Башкысы, коомчулук кайдигер болбосо, жыйынтык чыгарууга болот.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
19.10.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
кресло тандашып тим эле келеалбай жатышып биротоло диваны менен заказ кылышпаптыр эле да күйдүргүлөр...
19.10.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
150 килограммдык здоровый депутаттар булкунуп суйлоп жатып отургучтарды сындырып жиберишсе керек.
19.10.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
eliza5566,Мейли булкунуп суйлоп жыртса дегиз ошого жараша майнап чыкса экен булардан
19.10.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иш баштай элек жатып,кресло тандашат. Ушундай максатсыз чыгымдар коп жумшалып,канчалаган акчалар ысырап болууда. Уялгыла айланайын чондор!
19.10.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким билет, дагы эмнелерди башташат креслону коюп? Шайлоо таза отту деп эле кыйкырышат. Чынында кандай откону тууралуу интернетте толтура материалдар журот. Уят да оз элин алдагандары...
Кечээ эле Республиканын тизмесиндегилер журушот эле нааразы болуп биз жазбаган арызды жазды деп тизмеден чыгарып салышты деп.
Wave. түзөттү 2015-10-19 10:31:20
19.10.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Това кулкуну эле келтирет. Эми ХХХ пахтадай жумшак отургуч каалап калыптырвы))
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-19 14:25:47
19.10.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tavanova.sarah, коомдук адепке туура келбеген билдирүү жазуудан алыс болуңуз!
19.10.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иштейм деген кишиге кресло кереги жок ал туруп деле ишти бутуро берет!
19.10.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ZHaziko,Ошшода иш колунан келбесе же иштегиси келбесе крресло деле жардам бербейт тескерисинче ныксыратып уктатат
19.10.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
анда- санда 1 отурушса отургучтары эскирип кетмек беле.кичине кудайды карашса боло. кээ бир мектептерде союздан калган парталарда окуп жатышат. андан коро ошолорго жардам бербейби.
19.10.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
120 килограмм болгуча жеп жутабы баары ошондо депутат эмес эле жепжутат го анда
19.10.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойииий 120 кг стандарт фигура экен да депутаттар арасында
20.10.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ааз иштегенден кийин алышсада мейли эле.
20.10.2015. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
простой деле креслого отурушса эмне болот? и так эле уйлорундо укмуш мебельдерде жатышат болуш керек.
22.10.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик Жанар Акаев...Барыбир Алайлыксын да
24.10.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар Акаевды Куудай сактасын бир кун тынчытып кетпесе болту. Ким жакшы иштесе жок кылатко. Оорукчан балдарды ойлоп жан куйдургону жакшы,керектуу опараттар алынып калсын.
25.10.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 Жыл элди унутушат эми шайлоо откучо андай кылып жиберебиз мындай кылып жиберебиз жыргатабыз дешип эми оздорунун кызыкчылыгын ойлошот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо