АБАКТАН КАЧУУ КЫЛМЫШКЕРЛЕРГЕ ТҮККӨ АРЗЫБАГАН ИШ БОЛУП КАЛДЫ

№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж

Бул аптадагы окуялардан улам Кыргызстанда абактан качуу кылмышкерлер үчүн түккө арзыбаган көрүнүшпү деген кооптуу ой жаралууда. 9 өзгөчө кооптуу кылмышкер камалып турган жайынан качып, анын бешөө кармалса, төртөө качып кетти...
Эсиңиздерде болсо, ушул жылдын июнь айында жатак абактан качып чыккан казакстандык 2 жаран милицияга куралдуу каршылык көрсөтүп, бири өзүн өзү жардырып жиберген. Алардын Бишкекте жардыруу уюштуруу пландары бар экени, Ислам мамлекети террордук тобунун мүчөлөрү болгону кийин гана билинди. Депутат Руслан Шаботоев жана Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановдун өлүмүнө шектелген Жумабек Зикирбаевдин тобу 2010-жылы Жаза аткаруу кызматынын кызматкерин атып, Биринчи Май райондук сотунан качып кетишкен. Кийин кармоо учурунда каршылык көрсөтүлүп, Зикирбаев окуя болгон жерде каза тапкан. 2012-жылы Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, улуттар аралык каршылыкты козутту деп соттолгон Акмат Бакиев жатак абактан качып кеткен. Бул окуя коомчулукта резонанс жараткан болчу. Ошол убакта депутат Анвар Артыков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып: «Бир адамды кайтара албаган кандай мамлекетпиз? Жатак абактан 1200 киши качып кетиптир»,- деп чебелектеген. Андан бери абал жакшы жакка өзгөрдү деп айтууга болбойт.
2014-жылдын октябрь айында да Александр Саякин аттуу кылмышкер жатак абактан качып кеткени качан ал милициянын опер кызматкери 28 жаштагы Бакытбек Сыдыгалиевди атып өлтүргөндөн кийин маалым болгон.
Ал эми мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин изин суутуп кеткенин коомчулук али унута элек. Башкалардан айырмаланып Батукаев оорусун шылтоо кылып, өлкөдөн «мыйзамдуу» чыгып кеткен. Бирок анын «мыйзамдуу» качуусу жогорку эшелондогу кызмат адамдарынын бетине көө жапкан.
Чет жерлик кылмышкерлер Кыргызстанга келип өздөрүнө паспорт жасатышканы да бизге чоочун көрүнүш эмес. Азыр Жаза аткаруу кызматына доо коюп, аларды күнөөлөө туура эмес. Себеби Союз мезгилинде курулган абактардын эскилиги жеткени, коррупция, кызматкерлердин татыктуу айлык акы албагандыгы жаза аткаруу кызматынын жөнөкөй кызматкери чече ала турган маселе эмес. Маселени чеччү башкалар.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(13)
19.10.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстандын абактары курорт сыяктуу эле кылмышкерлер келип каалганча жатып нашааны уучтап жеп кааласа кой сойдуруп сойкуларды киргизип эс алышат анан тажаганда шашпай чыгып кетишет.
19.10.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Кыргызстан кылмышкерлердин курорту" деп бирде укканым бар. Корсо,чын эле экен. Бизде жен ичинен уюшулган топ тузумдору бар. Алар жогорку кызматтарда олтурушат. Мына,ошолор аркылуу турмодон ээн эркин качып кетишет. " Озоктон чыккан орт жаман" деп бекеринен айтылбайт да.
19.10.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ммм эмне кылабыз баары кайдигер болуп акчаны биринчи орунга коюп атышса.
19.10.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Досум түрмөдө,айтта достор чогулуп бардык,эт,май кыскасы майда чүйдө алып.барсак этти жөн эле койсоңор болмок бүгүн кой сойгонбуз дейт.айттым анан сен бизден укмуш жашайсың го деп,сыртта жүрүп биз кой сойо алган жокпуз деп.
19.10.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ссср убагында курулган бардык нерселердин эскилиги жетип бутту
19.10.2015. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан кайда баратат озу, кылмышкерлер ээн эркин кирип чыгып журсо
19.10.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
коч бара бара тузолот
20.10.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба,билгенинен биле элегин коп деген создун мааниси озгорду.Булардын кошого артында канча былыктары бар.Бизге чыгып жон эле артист болуп коюшат да.Менин да таанышым турмодо жатат.Фотосун салып ийиптир.Ичинде тв.dvd,килем салынган,холодильник.Алар да кой союшат экен ичинде.Ал айтат болгону эшке чыга албайбыз калганынын баары бар дейт.Ошо жердеги кызматкерлер м.н жакшыбыз дейт.
21.10.2015. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупция! Коррупция! Коррупция!
21.10.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликтегилердин оздорунун эле иши.Оюн, оюн. Саясат арты смертельная гонка!
Залга чыгып Бакиевти жамандаса, Беларусияга барып таманын ооп келишет.
22.10.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл аман болсо болду..
23.10.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абактан кылмышкерлер качып жатса бул олконун алсызддыгын билдирет
24.10.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечера куноосу жок камаландар азап чегип жатат,куноосу менен камалгандар жон эле эркин качып чыгышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо