МИНИСТР ОКУУЧУЛАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ КАЛКАНЧ БОЛОМ ДЕЙТ

№677 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 20-октябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: «Урматтуу ата-энелер, эгер силер балдарыңар окуган мектепке ыктыярдуу түрдө берилүүчү төлөмдөрдү төлөөгө аргасыз болуп жатсаңар, кат же комментарий кылып жазышыңарды суранам. Бул нерсе кандайча ишке ашат, ошону айта кетсеңиздер (эмерек же башка жабдык аласыңарбы, банктагы эсепке акча которосуңарбы же класс жетекчиге алып барасыңарбы), буга кошумча мектептин номурун да жаза кеткиле» деп жазган. Министр айымдын посту #неисполнение#приказМОН деген хэштег менен берилген.
Ошентип министр айым мыйзамсыз акча чогултууларга ата-энелер менен катар каршы чыгууда. Посттун астына калтырылган комментарийлерге келсек, колдонуучулардын бири «Арыздансаң мектепте «ак карга» болуп каласың. Мындай көрүнүш мугалимдердин айлыгы 80 миң сом болмоюнча токтобойт» деп жазган. Бир катары канча сомдон берип турушарын жазышууда. Калтырылган постторго караганда, айрым мектептердин жыл бою 1 окуучудан «ыктыярдуу түрдө» алган акчасы 7 миң сомго чейин жетет.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
26.10.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Минитср эжебиз жудоп кеткенби?
26.10.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эльвира Кубанычбековна ушу маселени тууура которуп атасыз. Балдарыбызга залакасы тийбесин деп кобунчо ата-энелер унчукпайбыз.Быйыл биринчи класска 9 класс набор кылынды, ар бир класста 40 бала, ошондо 9×40=360бала. спонсорский взнос "Жактан"деп ар бир бала официально 5000 сомдон кееси 2000,4000,3000,8000,10000минден тологондор бар. Мисалы: польный тологондор:260б×5000с=1 300 000с. жетишпеген-жетимдер: 60б×2000=12 000с. тоголок жетимдер: 40×0=0. уборщицага: 360×300=108 000с охрана360×300=108
26.10.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
андан тышкары айына 400сомдон ошондо жылына 4000сомдон чогултат. телевизор алып бергиле деп 800 сомдон чогултту
26.10.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул биррнчи класстын мисалы андан тышкары 2-класстан 11- класска чейин эсептеп корсонор.
26.10.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
карапаыйм эл минтеп мектепти да каржылайбыз а биздин депутаттар даже озунун отурган креслосун элдин эсебинен алышат
26.10.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ии баса китепти польный сатып алышты биринчи класстар неге спонсорский кылып чогулткан акча каякка кетип атат
26.10.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин 4 балам тен окуйт озум ден соолукка байланыштуу иштебейм 37 школдо ремонтко 1000с кл.фонтко 1000с чогултат.мамлекеттин эсебинен ремонтко акча болунбойбу .ай сайын 400с ал акчалар кайда жумшалат?июнь айында окубаса деле эмнеге 400с чогултулат?мугалимдердин айлыгы ата энелердин эсебиненби? 9 гимназиядагы мугалимдер ар бир балага окууга киргизиш учун 5000 ден 10000 мин сомго чейин алышат буларды мамлект эмнеге козомолдобойт?Козомолдоп берсенер сага ата энелердин атынан бата беребиз сага.
26.10.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Китеп жонундо соз жок сентябрь келсе чуркамай башталат.
26.10.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айииий мынча акчаны алып жургон мугалимдер кандай иштеп жатышат?Бизде мектепте класстардын ичине пол жасатуу боюнча акча чогултулду,аны министр же окмот келип жасап бербейт экен да урматтуу Элвира айым,ата-энелердин колдоосу мн бутуп жатат.Анан жыгач шкафтарды да алышына кол кабыш кылдык,антпесе шкафтардын эскилиги жетип,жарактан чыгып калган,бул нерсеге ата-энелер мн чогулуп,кенешип ата-энелердин оз ыктыяры мн акча чогултушту.Эми сиз же министрликтен келип,окмоттон келип ии шкафын жок экен,
26.10.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
полун эскириптир,цемент экен,сыз отот деп кам корбогондон кийин,ата-энелерден кол кабыш суроого туура келип жатат да.Андан сырткары эч кандай акча чогултулбайт,бизде.Тех.персоналга акча чогултулат,анткени шыпыргысы мектепте эмес уйдо да бир жылда 2жолу алабыз,пол жууганы тряпкасын алып беребиз да,же министерстводон келип жатабы,тряпка,шыпыргы,калактар???Жардам сураганга,майда-чуйдого акча чогултканга мажбур болуп калабыз.Мугалимдин оз чонтогунон кете турган айлык албагандан кийин...
26.10.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу министр айым мектеп директору кол алдындагы мугалимдерди мектептин ремонтуна, кара жумуштарына иштеткенге укугу барбы? Урматтуу админ ушул суроону тиешелуу жерге жеткирип коюшунуздарды суранам.
01.11.2015. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылуу жерде,жумшак креслодо отуруп алып суйлой беретда министр айым, айылдын мектептеринде ахвал ото оор,мамлекет эч нерсе бербей,парданы да окуучулардан чогултуп алышаю да мамлекеттен эч жардам жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо