№677 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
16-октябрда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы «Ар-намыс» фракциясынан депутат Татьяна Левинанын коомдук жардамчысы, айдоочусу Василий Адамов маңзат менен кармалды. Анын жанынан 281 грамм гашиш табылган. Маалым болгондой, баңгизатты эл өкүлүнүн жардамчысы KG номерлүү мамлекеттик унаа менен барып сатып алган. Сурак учурунда ал: «Эки жылдан бери баңгизат колдоном. Өзүм колдонуу үчүн сатып алгам»,- деп айткан. Депутат Левина бул боюнча толук маалыматы жоктугуна шылтоолоп, комментарий берүүдөн баш тартууда. Салык төлөөчүлөрдүн акчасынын эсебинен депутаттардын машиналарына күйүүчү майга акча бөлүнөт. Депутаттар кызматтык унааны элдин кызыкчылыгы үчүн жумуштарга колдонуусу шарт. Алардын айрымдары болсо мына ушундай иштерге колдонуп жатышат. Мындан улам эл өкүлдөрүн унаалар менен камсыз кылуу бекер чыгым деген жыйынтык келип чыгат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |