КАН ТОБУ – МҮНӨЗДҮ ЖАНА ООРУНУ ЧАГЫЛДЫРУУЧУ КҮЗГҮ

№677 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж

Адистер «кан тобу – адамдын күзгүсү» дешет. Андыктан адамдын кан тобуна карап ал адам тууралуу көп нерселерди айтып берсе болот. Анда сиз күзгүдөн кандай чагыларыңызды карап көрөлү.

I кан тобу – O (I).
АҢЧЫЛАР
Качан пайда болгон?
Бул эң байыркы кан тобу болуп эсептелет (биздин доорго чейинки 60 000-40 000 жыл мурун). Ал кезде адамдар ири жаныбарларга (түндүк бугусу, мамонт жана башка) аңчылык кылышкан. Бөтөн эл-жер менен байланышы жок америкалык индейлер I кан тобундагы канды гана алып жүрүшкөн. Бүгүнкү күндө да таза кандуу индейлерде башка кан тобу кездешпейт.
Мүнөзү
Энергиялуу, чечкиндүү, эрки күчтүү, түйшүкчүл, дайыма лидерликке умтулган жандар. Эл менен бат тил табыша алышат. Өзүн барктап, көбү менменсинип жүрүшөт. Дарегине айтылган сындарды кабыл алгылары келбейт. Булардан жетекчилер көп чыгат. Эт жана эттен жасалган тамактарга басым жасашат.

Кайсы оорулар менен көп оорушат?
Жогорку кан басым, бронхит, невроз, ашказан жана он эки эли ичегинин жарасы, атеросклероз, гемофилия.

Сүйүү, сексуалдык жашоо
Эркектер.
Булар – Казановалар. Аялдардын жүрөгүн түрдүү жолдор менен багынтууга маш келишкендиктен «баскынчылар» аталышат. Андыктан өздөрүнүн мындай талантын иш жүзүнө ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү аялдарды жактырышат. Токтоо аялдарга жолукса, үй-бүлө чеби кулабайт.
Аялдар. Орточо сексуалдуу айымдар. Өздөрүн жагымдуу алып жүрүшкөнү менен, кызганчаак болушат. Сүйүктүүсү мындай мүнөздөгү айымга ак экенин далилдеп турушу зарыл.

II кан тобу – A (II).
ДЫЙКАНДАР
Качан пайда болгон?
Бул кан тобу биздин заманга чейинки 25 000 жана 15 000 жылдар аралыгында адамдар жер иштетип, жапайы жаныбарларды колго үйрөтүп баштаган учурда жаралган. Учурда аталган топтогулар көбүнчө Япония, Батыш Европа өлкөлөрүндө жашашат.

Мүнөзү
Жашыруун лидерлик касиетке ээ. Ички туюму күчтүү, тартип менен тазалыкты сүйгөн эмгекчилдер. Жаңы нерселерди бат өздөштүрүшөт. Жан дүйнөсү назик болгондуктан сынды, жаман сөздөрдү оор кабыл алышат. Уяң, кыялкеч жана кежир болушат. Булардан врач, мугалимдер көп чыгат. Жашылча-жемиштерге, дандан жасалган тамак-ашка басым жасашат.

Кайсы оорулар менен көп оорушат?
Ак кан, кызыл жүгүрүк, богок, миокарддын инфаркты, көк боор, көз, жүрөк, бөйрөк, өт жана жыныстык органдардын оорулары.

Сүйүү, сексуалдык жашоо
Эркектер.
Тартынчаак келип, сезимдерин көз карашы, кол-далыны акырын кармалап, сылагылоо аркылуу билдиришет. Эгер жан биргеси чынчыл болуп, эркектерге көз кыспай түз жүрсө, анда аны сыйлап, ала жипти аттоодон алыс болушат.
Аялдар. Мүнөзүнөн улам бул топтогу айымдарды сүйдүрүп алуу кыйын. Кокус бул ишке ашса, анда камкор, күйүмдүү түгөйлүү болосуз. Бирок шекчил жактары болгондуктан күйөөсү солго баспай, урушка жем таштабоосу зарыл.

III кан тобу – B (III).
КӨЧМӨНДӨР

Качан пайда болгон?
Бул кан тобундагы адамдар климаттын алмашуусунун натыйжасында мындан 10 000 жыл мурун жаралгандар. Башкача айтканда, ысык климаттуу Африкадан Европага, Азияга көчүп жашай баштаган кезде. Учурда бул топтогу канды алып жүрүүчүлөр көбүнчө Чыгыш Европада жашашат.

Мүнөзү
Оптимист, ачык-айрым, окуяларга кабылууну сүйгөн, азга деле топук кылып жашагандар. Эркиндикти жана өз алдынчалыкты сүйүшөт. Милдетин чыдамкайлык менен аткарышкандыктан зергер, хирург, экономист, адвокат, тергөөчү болуп чыккандары көп. Сүт азыктарына, жашылча-жемишке, нанга басым жасашат.

Кайсы оорулар менен көп оорушат?
Ооз, мурун, кулак, уйку бези оорулары, миокарддын инфаркты, ашказандын жана жыныстык бездин шишиги, психоз.

Сүйүү, сексуалдык жашоо
Эркектер.
Жакындан билбегендерге сыртынан Дон Жуандардай таасир калтырышат. Бирок булар үчүн секс башкы орунда болбогондуктан кичине романдар менен гана чектелишет. Жашоодо аялдарына чоң жөлөк-таяк болуп беришет.
Аялдар. Экстраваганттуу айымдар. Сыртынан жеңил ойлуу, көпкөлөң көрүнүшкөндүктөн, башында эркектердин ишенимине анчалык кире беришпейт. Бирок убакыттын өтүүсү менен алардан мыкты кожойке, камкор аял чыга турганына көзүңүз жетет.

IV кан тобу – AB (IV).
ТАБЫШМАКТУУЛАР

Качан пайда болгон?
Эң жаңы кан тобу болуп эсептелет. Мындан 2000 жыл мурун I I жана I I I кан тобунун (индоевропалык менен монголоид расасынын) аралашуусунан келип чыккан. Дүйнөдөгү элдин 7 пайызы гана бул топтогу канды алып жүрүшкөндүктөн сейрек кездешүүчү жана табышмактууларга кирет. Иммунитеттери абдан бекем.

Мүнөзү
Мүнөзү жумшак, ойчул, ак көңүл, тынчтыкты сүйгөн адамдар. Жаңы нерселерди өздөштүрүүдөн коркуп турушат. Эмоцияга бат алдырып, чечимди кыйындык менен чыгарышат. Бир орунда узакка отуруп иштөөдөн тажашпайт, ошол себептүү окумуштуулар, ойлоп табуучулар, архив кызматкерлери көп чыгат. II жана
III кан тобундагылар жактырган тамак-аштарды булар да баалашат.

Кайсы оорулар менен көп оорушат?
Уйку бези, ашказан-ичеги, жүрөк-кан тамыр, муун жана жыныстык органдардын оорулары. Гайморит, анемия, экзема да буларга тиешелүү.

Сүйүү, сексуалдык жашоо
Эркектер.
Аял менен мамиле түзүп, көңүл бурдурууда алдына ат салдырбаган сексуалдуулар. Бирок ызы-чуудан коркушкандыктан жаңы сезимдерге кабылуудан качышат. Аялынын башка эркек менен көз ымдашуусуна жол бербей көзөмөлдөп турушат.
Аялдар. Эркектен көп көңүл бурууну талап кылган жагымдуу жана сексуалдуу айымдар. Көпчүлүк эркектердин бул топтогу аялдарга колдору жете бербейт. Колу жетип үйлөнгөн күндө да, үйдө жана төшөктө лидерликти тартып ала алышпайт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(39)
26.10.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
-+деп экиге болунчу элего алар кандай болот?
26.10.2015. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
stal.ks,ал деген положительный же отрицательный деген,ал деген кандын группасы эмес. Каны таза болсо адамдын отрицательный чыгыш керек, эгер канында кандайдыр бир оорунун инфекциясы болсо положительный чыгат. Тушундуро алдымбы?
26.10.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
only_progress, эч кандай инфекция эмемес ал резус фактор дуйнодо коп адамдарда положительный болот
27.10.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ainaz1996, ал эми резус фактор деген эмне?
27.10.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ainaz1996,сен кан тапшырып коргон белен,кан негизи отрицательный болуп чыгыш керек,эгер таза болсо...
30.10.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
only_progress,эгер положительный болсо ар кандай кырдаалда озунон жогорку топтогу жана ошол топтогу канды куюга болот, б.а. кабыл алат. эгер отрицательный болсо анда абал чатак
30.10.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
only_progress,башка органдардын диагнозунда отрицательный болсо жакшы, а кан тобу бащка иш
31.10.2015. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stal.ks,ал резус фактор
26.10.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники дал келбеди
26.10.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таптакыр туура эмес го
26.10.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
меники туура келди тан калычтуу
26.10.2015. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздики да туура келди. Жакшы маалымат экен.
26.10.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кандарда изилденип анан жазылса керек жон эле жазып койушпагандыр. Бирок коп нерсе озубуздон коз каранды жакшы жашоого умтулсан,лидерлике аракет кылсан ,коркуну женип максат койуп жет сен болот ко. Каным ушундай экен деп отура бербестен.
26.10.2015. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм. 70% туура келди.
26.10.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде дал келди
27.10.2015. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 3-группа, куйоом 2-группа, апам 1- группа, баардык муноздор дал келди.
27.10.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
меники 1 группа дал келди))))
27.10.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туптуура го
27.10.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
резус фактор Д антиген канда кездешсе резус+ жок болсо резус – болот + – баш кошсо резус конфликт болотда балалуу боло алышпайт
27.10.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууру чыгып калды го,табышмактуулар барсыздарбы
27.10.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тууру чыгып калды,табышмактуулар барсыздарбы
27.10.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кан тапшыргам бирок кайсы топко кирерин билбейт экем менимче в3 болуш керек апамдан сурасам атандыкы 3сеники дагын 3деп койгон бираз туура келди
29.10.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulya21,atasynyky 3 bolso kyzynykyda 3 bolboit
30.10.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saipi, Негизи баланын канынын группасы же атасынын канынын группасына, же апасынын канынын группасына дал келет. Мисалы атасынын канынын группасы I болсо, ал эми апасынын канынын группасы III болсо, анда баласынын канынын группасы I же III болот,II же IV болушу мумкун эмес.
29.10.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rezus faktor degen nerseni men med.akademiyada okup aran tuwungom a siler tem bolee azyr tuwunboisunor u4oonordun ten aitkanynar tuura emes
29.10.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары туура, жолдошум 1, менин каным 2 группада.
Баары 100% дал келди Рахмат. Окум алып тан калдым,жолдошумдун жана озумдун мунозумду окудум
29.10.2015. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам!туугандар Бишкекте Гэс 2 де табып аял бар дешет инсульт болуп ооругандарды айыктырат экен деп уктук.ким ал табып тууралу билген болсо дарегин айтып кое аласыздарбы?алдын ала рахмат!
30.10.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура чыкты менин канымдын группасы 4эле баары ошондойго дейм
30.10.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Админ менин бир байкемдин колуна песдейби же ала дейби ошондой чыгып алыптыр канча даары дармек ичсе да айыкпады ошол жонундо маалымат берип коесуздарбы сураныч
30.10.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guzi88, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат.
30.10.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
70% туура эле келди го.. Айрыкча мүнөзү деген.. Менин каным II чи групада эле. Анан оору дегени кичине ойлондуруп коёот экен.. Негизи баарыбызда эле ден соолук болсун
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2015-10-30 12:52:42
31.10.2015. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
+4 меники
31.10.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники туура келди
31.10.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кан группам жок го
01.11.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киста матки белгилерин эмнеден экенин жазгылачы сураныч
02.11.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazi-kadyrovna, саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/show/12471
10.11.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ ала дак (пес)жонундо сурадым эле качан чыгарасыздар
10.11.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guzi88, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде. Чыгарууга аракет кылабыз. Бир билдирүүнү кайталап жаза бербеңиз.
14.11.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
меники бир аз тууракелди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо