НУРЛАН НАСИП МЕНЕН КИЙИМ ТАНДАЙБЫЗ

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

Блиц-маек
Нурлан Насип, ырчы: «МОДА КУУП КИЙИНГЕНДИ ЖАМАН КӨРӨМ»

– Салам, Нурлан! Эл көзүндөгү адамдардын кийими баарынын көӊүл борборунда болот эмеспи. Кийим тандоодо кимден кеӊеш сурайсыӊ? Негизи эле өзүӊдүн стилиӊди таптым деп ойлойсуӊбу?
– Кандайсыздар? Өзүмдүн стилимди таап келе жатам деп ойлойм. 5-6 жыл мурун кандай кийим болсо кие берчүмүн, азыр элди, интернетти карап, табити мыкты досторум менен кеӊешип кийинип калдым. Чет мамлекетке чыкканда ошол жактан кийим алганга аракет кылам, анткени ал жактагы кийимдер бизде жок. Меникиндей кийимди башка бирөө кийип алса кызыктай боло берем. Эч кимге окшошкум келбейт, башкаларды туураган жакпайт. Мода кууп кийингенди жаман көрөм, мен үчүн кийим арзанбы, кымбатпы маанилүү эмес, жарашыктуу болуп турса сатып ала берем. Ар бир концертимде жаӊы формалар болот. Форма тиккен эжелер менен да кеӊешип, дизайнын чогуу талкуулайбыз.

– Жакында боло турган концертиӊ тууралуу кыскача айтып өтсөӊ?
– Бул концертти өзүм деле койсом болмок. Кээ бирөөлөр Кайрат Нуртас менен концерт берсе, эл көбүрөөк келет деген максатта коюп жатат деп ойлоп жатышат. Бирок андай эмес. Жөн гана жылда өзүм концерт бере бербей, быйыл өзгөчөлүк киргизейин дедим. Кайрат менин ырларымды ырдап жүрөт. Экөөбүз дуэт жаздыралы деп жатабыз. Ырчы бизди Казакстандагы үйүнө чакырып жакшы тосуп алды. Буюрса, концертибиз да мыкты деӊгээлде өтөт деп тилек кылып жатабыз.

Калыӊ токулган жемпердин сыртынан күрмө кийип алсаӊыз сиз үчүн ыӊгайлуу, жылуу жана жарашыктуу болот.


Кеч күздө жана кышта кийилчү пальтолордун сезону башталды. Пальтоӊуз күӊүрт түстө болсо, анда ичинен ачык түстөгү свитер же водолазка кийип алсаӊыз болот. Ал эми шарф тандоодо быйыл стилисттер мырзаларга кенен келген шарфтарды сунушташат. Кенен шарфтарды пальтонун сыртынан да оронуу ыӊгайлуу. Ал эми түсү пальтоӊуздун же жемпериӊиздин түсүнө окшош болсо, күндүн эӊ саркеч мырзасы сиз болосуз.


Мырзалар кышында токулган свитер, водолазка кие башташат. Түрдүү геометриялык фигуралардын сүрөтү түшүрүлгөн свитер, жемперлер быйылкы сезондун хити. А сиз свитердин ичинен көйнөк кийип алсаӊыз, кеӊсеге кийчү формаӊыз даяр.

МЫРЗАЛАР ҮЧҮН КАЙСЫ ТҮСТӨР МОДАДА?
Кочкул кызыл.
Кочкул кызыл түстөгү костюм, жемпер, футболкаларды кийип эле жүрөбүз. Бирок бул түс мырзаларды стилдүү жана кымбат баалуу кийим кийген адам катары көрсөтөрүн көбү байкабаса керек.


Ачык жашыл. Доллардын түсүндөй болгон кийимдер быйыл ар бир мырзанын гардеробунда болгону жакшы. Себеби стилисттер дал ушул түс адамды өзүнө тартып турат дешет.


Сары. Алтын же болбосо каныккан сары түс күндүн жана кубанычтын символу. Бул түстөгү кийим алсаӊыз, маанайыӊыз дайыма көтөрүӊкү жүрөрүнөн кам санабаӊыз.


Сыя көк. Аталган түс чыныгы классикалык болуп эсептелет. Мындай өӊдөгү кийимдерди жолугушууга, кеӊсеге көп кийишет. Көп жылдан бери актуалдуулугун жоготпой келген бул түстүн доору быйылкы күз-кышта да уланат.


Боз түс. Боз же болбосо графит түсү түбөлүк модадан кетпеген түстөрдүн бири. Анткени мындай өӊдүү кийимдерди бардык түстөр менен айкалыштырса болот.


Саргыч боз. Саргыч боз же жөн гана козу карындын түсү. Аталган түс көк жана кочкул кызыл түстөр менен идеалдуу дал келет. Ошондой эле мырзаларга элеганттуулук тартуулайт.


Күрөӊ түс. Мурун мырзалар көбүнчө күрөӊ түстөгү териден тигилген күрмөлөрдү жана бут кийимдерди көп кийишчү. Азыр күрөӊ түстөгү костюм, пальто, шымдар да трендге кире баштады.


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(47)
02.11.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфо нурландан жаны ыр качан чыгат сурабапсынарда. Такыр чыгарбай койдугооо
student-95 түзөттү 2015-11-02 16:55:54
02.11.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ото симпотичный!
02.11.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмдагы сөздү көбүңүздөр айтыпсыздар. Кантсе да ийгилик.
02.11.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
татынакай эле кийимдер. болгону Нурланга жарашпаптыр.. тигилер айткандай бою узун кең далылуу жигиттерге мыкты жараша турган кийимдер экен.
02.11.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет
мамлекетке чыкканда ошол жактан кийим
алганга аракет кылам, анткени ал жактагы
кийимдер бизде жок. Меникиндей кийимди
башка бирөө кийип алса кызыктай боло
берем. Эч кимге окшошкум келбейт,
башкаларды туураган жакпайт. Кызык меникиндей кийим кийсе кызыктай болом дейтго отоо мактанчаак жигит экен бул атактуулукту которо албайт экен. Азыркы ырчылар ырдап компьютерден ундорун ондоп койот экен Нурландын жандуу койгон концертинде уну жакшы эмес экенин билдим.
02.11.2015. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арамдык, кытмыр кыял, коро албастык, озунду ойдолотпой тартат артка. Бироону сындагандан мурун озубузду билейличи.
02.11.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы эле экен.Азамат
03.11.2015. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачык жашыл менен боз тус жакты мага.
03.11.2015. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай интер-ан кийин аброюн томондойт го Нурлан,создун ачыгын айтсам: ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ.Стилин,табитин ХХХ ХХХ ХХХ!Эркектин эркектей болгону жакшы!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-03 10:53:37
03.11.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
MOMPOSKA, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 10 күн БАН!
03.11.2015. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Класс! Атабеков мененда кийим тандагылачы,ошонун фигурасы Нурландыкына караганда жакшыраааак)))))
03.11.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Oceana,Койчу э ошону,Ал деле кем калбайт Нурландан,Омардын Гулжигит Калыковдун фигурасы норма!
07.11.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Oceana, сага минус бир добуш менден)))) Нурланга сайылвасан эй))
03.11.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Концерт качан болот экен.? 5 жаштагы балам Нурланды аябай жакшы корот. Концертине алып барам деп соз бердим эле.Айтып коюнуздарчы
03.11.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы эле жарашыптыр,көрө албастык жаман нерсе өзү.
03.11.2015. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздардын стилинда качан чыгарасынар ущинтип?
03.11.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sandrana, саламатсызбы!
Гезиттин ар санына ушул рубрикага чыгып жатат: http://www.super.kg/article/theme/14
03.11.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
соонун жарашыптыр
03.11.2015. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Деги эле баарынардын фигуранар,укмуш болгондой жазыптырсынар,Ар ким Кудай берген фигура менен жашайт.Нурландын фигурасындай коп балдар бар.Алар карап ушундай кийинсе жарашат экен деп калышат.Узун бойлуу, кен далылуулар интернетте газета-журналдарда толтура.Андайлардын эмне кереги бар,аларга кийим жарашары бештен-белгилуу да.Нурланга жакшынакай эле жарашып турат.Эми мындан артык кандай жарашыш керек.Нурлан биздин сыймыгыбыз болбосо эмнеге казактын ырчысы Нурландын ырын ырдайт.эл оозунда элек жок ж
Саби түзөттү 2015-11-03 16:01:18
03.11.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сопсонун эле жарашып турат го.озуно жараша симпатиясы бар бул баланын
03.11.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Очуп бара жаткан ырчылардан кобуроок маек алсанар,болбосо бул ырчыларды кайра кайра коро берип эл тажап кетет экен!
04.11.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
фигурасы деле жапжакшына, озу крассссавчик!
04.11.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кен далылуу ,бою узун балдарга караганда бою кыскалар коп ошолорго кенеш болдуго,тандаган кийимдер бир жакшына жарашып турат.Нурландын соогу ничке экенин эсепке албаганда бою талапко жооп бергидей элего,менин боюм 160см,бутума 7см каблук кийип Нурлан менен суротко тушкондо менин башым анын желкесинен болгон демек узун эле
04.11.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдоп кубаттагандын ордуна бутунан ылдый тартканды жакшы коробуз да кыргыздар. Нурланга ийгилик, концертин жакшы денгеелде отсун.
04.11.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшына эле жарашыптыр бирок Гулжигит Калыковду чыгарса болмок
04.11.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун бугун сенин тулган кунун деген ыр турктордун ыры экен. бироолордукун эле ырдайберет экенсинда ырчынын барар жери тозок.
04.11.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийген кийими жарашкан бирок жанагы созу жакпады меникиндей кийимди башкалар кийип журсо кызыктай боло берем деген созу.
04.11.2015. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ сиздерден сураныч!ар бир санында нурланды майда гозукарындарды горо берип супер инфонун баркы гетип атат, гулжигит сатыбековдон динара акуловадан венера ежеден айгерим ежеден интервю алыныздарчы сураныч кызыктуу болот.ато не болсоле ушуга окшогондорду жсзасчнар елда жадап гетти кечке коро берип
05.11.2015. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
.lonely-she-wolf., саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, дагы ушул сыяктуу сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, сунуш же суроолор болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтүп жүрсөңүз.
05.11.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да мактанчаак экен. Жылдыз оорусу мн ооруп жаткан гоо.
Мынчалык мактангандын кереги жок да.
Барган сайын баркы кете баштады Нурландын дагы.
05.11.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздиг ырчылар озулорунун стилин жакшы таба албагандыгы окундурот жакшынакай корунот сахнадан жакшылып конул бурсан созсуз бир кемчилиги козго урунат Нурлан Насипке келсек 2 фотосу озуно жарашпайт себеби бою кичинекей огош бетер кичине корсотуп койот экен а 3 чу суроту озуно жарашыктуу туура тандалган
05.11.2015. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай бою мойну узунураак ырчыларды тандап чыгарсанар,кичине бойлууларга коп кийим жарашпаарын баарыбыз билебиз!
06.11.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кицимдер бири-бирине айкалышкан эмес. Асельди ээрчите барса болмок экен дуконго.)
07.11.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
Айдин Шер тууралуу маалымат берип койсонуздар. Корунбой кетти го
09.11.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijamal001, саламатсызбы!
Айдин Шер тууралуу жазылган: http://www.super.kg/article/show/31319
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-09 12:28:41
07.11.2015. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ гезитиниздердин жаны саны интернетке качан чыгат.
09.11.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sely, саламатсызбы!
Дүйшөмбү күнү саат 9:00дө жарыяланат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо