БИР БҮРКҮМ

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

  • Freedom House эл аралык уюмунун 2015-жылдагы отчётунда Кыргызстан ИНТЕРНЕТТЕГИ ЭРКИНДИК деӊгээли боюнча 35-орунду ээледи.
  • ИИМдин атайын каттоосунда 640 УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН мүчөсү бар. Алардын ичинен 464ү Камчы Көлбаевдин, 53ү Азиз Батукаевдин, 74ү Максат Абакировдун, 50сү Алмаз Бокушевдин тобунда.
  • Дүйнөлүк банктын «ИШКЕРДИК КЫЛУУ-2016» рейтингинде кыргыз мамлекети 35 орунга көтөрүлүп, 67-орунду ээледи. Буга чейин Кыргызстан 102-орунда эле.
  • 7-НОЯБРЬ – Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү дем алыш күнгө туш келгендиктен, 5 күн иштеген мекемелер үчүн 9-ноябрь эс алуу күнү деп белгиленди.
  • Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы болуп КСДПнын өкүлү АЛМАЗ КЕНЕНБАЕВ шайланды. Буга чейинки төрага Марат Аманкулов Жогорку Кеӊештин депутаты болду.
  • 27-октябрь күнү Мамлекеттик каттоо кызматы өткөргөн аукциондо B 7777 BB комбинациясындагы номур 2 миллион сомго сатылды. Бул тууралуу аталган аукционго катышкан Жеӊиш Токоев интернеттеги баракчасына жазып чыкты.
  • Сырттан көчүп келген 1158 этникалык кыргыздарга «Кайрылман» статусу берилди. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.
  • КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАР Кыргызстан менен болгон визалык режимди жеӊилдетүүнү суранышууда. Бул тууралуу алар Кытайда журналисттер менен жолугушууда айтышкан. Алар кытайлык казактарга виза бекер экенин мисал кылышты.
  • 30-октябрдан тарта Бишкекте бир тараптуу болгон унаа жолдордун айрымдарына өзгөртүүлөр кирди. БӨКӨНБАЕВ КӨЧӨСҮНДӨ Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки аралык кайрадан эки тараптуу болот. Ал эми Киев көчөсүндө Жаш Гвардиядан Ибраимов көчөсүнө чейинки аралык бир тараптуу болот.
  • Муфтий МАКСАТБЕК АЖЫ ТОКТОМУШЕВ диний окуу жайларда бирдиктүү окуу планын бекитүүнү талап кылды.
  • Бишкек жана Чүй облусундагы жол-кайгуул кызматкерлерине көкүрөккө тагылуучу 500 ВИДЕОРЕГИСТРАТОР сатып алынат. Адегенде тартып алынган материалдар сакталат, бара-бара алар онлайн режимде көрсөтүлө баштайт.
  • 2015-жылдын январь айындагы маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин каттоосунда 9077 БАҢГИЗАТ колдонгон адамдар бар. 2011-жылы бул көрсөткүч 10 705 адамды түзгөн.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо