Коалиция кыл чайнашы: ТЕМИР САРИЕВ ОРДУН САКТАП КАЛА АЛАБЫ?

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөнү менен, жеӊип чыккан партиялардын талапкерлери 28-октябрда гана мандаттарын алышты. Алдыӊкы эки аптанын ичинде өкмөттү куроо, спикерди шайлоо, айтор, Ак үйдө абал ысык болот...

ДЕПУТАТ БОЛУУ ЖАРЫМ МИЛЛИОН ДОЛЛАР...
Өткөн аптада «Республика-Ата Журт» менен «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмесинен чыгып калган талапкерлердин нааразычылык чыры Жогорку Сотто каралган. Акыркы инстанция 23-октябрда БШКнын талапкерлерди тизмеден чыгаруу чечимин жокко чыгарып, 27-октябрда Боршайком буга чейин кабыл алган токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбур болду. БШК «Республика-Ата Журттун» тизмесинен чыгарылган Аида Исмаилова, Закир Шарапов, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов, Курманкул Зулушев жана Рада Туманбаеваны кайра киргизди. Бирок БШК Жогорку Кеӊештин V чакырылышында депутат болгон Жыргалбек Саматовдун орус жарандыгы бар экендигин айтып, ага мандат берүүдөн баш тартты. Саматов бул чечимди жокко чыгаруу үчүн БШКны сотко берди. Эгер Орусиянын жараны болсо V чакырылышта кантип мандат алганы жана бул шайлоодо кандайча талапкер болуп катталганы түшүнүксүз бойдон калууда. Баса, «Өнүгүү-Прогресстин» тизмесинен чыгарылган Нургазы Айдаров да кайрадан тизмеге кошулду.
Тизмеден күтүүсүз чыгып калуу чыры «Кыргызстан» партиясынан да тутанды. №8-болуп катталган талапкер Гүлмира Орозалиева 28-октябрь күнү маалымат жыйын өткөрүп, тизмеден мыйзамсыз чыгып калганын айтты. Ал: «Мен шайлоого 200 миӊ доллар короттум. Партияга кирердин алдында талапкерлер тизмеден чыгуудан баш тарта турган болушса 500 миӊ доллар төлөй турганын айтып, тил катка кол койгонбуз. Шайлоо болуп өткөндөн кийин чымыр денелүү жигиттер күйөөмө келип тизмеден өз эрки менен чыксын деп коркутуп башташты. Ошондуктан Казакстанда жашырынып жүрүүгө туура келди»,- деп чыкты. Эми Гүлмира Орозалиева сотко кайрылганы жатат. /

«РОМАНТИКТЕР» БОРТТУН СЫРТЫНДА КАЛДЫ
Ал эми Адахан Мадумаров баштаган «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» партиясынын добуштарды кайра санатуу талабын Жогорку Сот четке какты. Адахан Мадумаров Жогорку Соттун чечимин карап чыгуу маселеси менен Конституциялык палатага кайрыларын билдирди. Эгер тарапташтары митингге чыкса каршы эместигин айтып: «Тарапташтарым буга чейин «сен акыркы романтиксиӊ, ушуга чейин бул жашоодо адилеттүүлүк бар деп эсептейсиӊ» дешчү. Мен эми мурункудай каталарды кетирбейм. Буга чейин тарапташтарымдын катуу чабуулдарын токтотуп турчумун, эми алар укуктарын кандай жол менен коргошот, бул алардын эрки»,- деп жогору жакты митингге чыгам деп опузалады.

КСДП, «АТА МЕКЕН» КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
28-октябрь күнү жаӊы депутаттар ант беришти. Мандат алышары менен КСДП жана «Ата Мекен» фракциялары депутаттык кол тийбестиктен баш тартышарын жарыя кылышты. КСДП кызматтык унаалардан да баш тартып, бирден гана жардамчы калтыруу чечимине келишти. «Ата Мекен» болсо кызматтык унаалардан башка парламентарийлерди да баш тартууга чакырды. Ошондой эле депутаттардын жакын туугандары жогорку кызматтарга дайындалбашы керектигин билдиришти. Бул чечимдер азырынча мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек. Шайлоо алдында «депутаттык артыкчылыктарды жоёбуз!» деп ураан таштаган Бабановдун фракциясы азырынча дымып отурат.

САРИЕВ ӨКМӨТ БАШЧЫ БОЙДОН КАЛАБЫ?
Парламенттеги 6 фракциянын теӊ башчылары шайланды. КСДПга Чыныбай Турсунбеков, «Ата Мекенге» Өмүрбек Текебаев, «Республика-Ата Журтка» Өмүрбек Бабанов, «Кыргызстанга» Канат Исаев, «Бир болго» Алтынбек Сулайманов, «Өнүгүү-Прогресске» Бакыт Төрөбаев башчылык кылмай болушту. 28-октябрда президент министрлер кабинетин отставкага кетирди. Ак үйдө жүрүп жаткан сөздөргө караганда, Темир Сариев кайрадан эле өкмөт башчылыкка отурат. Жогорку Кеӊештин төрагалыгына болсо Асылбек Жээнбеков же Иса Өмүркулов келери божомолдонууда. Коалиция куроо укугун 29-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Чыныбай Турсунбековго берди. Ушул эле күнү «Ата Мекен» коалицияга кирүү тууралуу КСДПнын сунушун кабыл алды. «Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» менен да сүйлөшүүлөр болуп өттү. Ошондо «Республика-Ата Журт» менен «Бир бол» оппозицияда калганы жатат.  

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
02.11.2015. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сариев жакшы эле иштеп жатат. жаштарга да орун бериш керек.
02.11.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жакшы эле иштеп жатат, калсын. Ушул нугунан тайбаса болду!!!
02.11.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сариев калса жакшы болмок анткени бул болочокто президентке татыктуу
02.11.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
туура айтасынар калышы керек Сариевдей кадр жок эсе бизде!
02.11.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Isa Omurkulovdu torogalykka alyp kelbei ele koisun
03.11.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асылбек Жеенбеков жана Иса Омуркуловтон башка жокбу?
06.11.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shanson, сын-пикирлерди тиешелүү дарекке жөнөтүңүз! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо