№38-МЕКТЕПКЕ БАСТЫРЫП КИРИП БЕЙБАШТЫК КЫЛГАНДАРДЫН БЕШӨӨ КАМАЛДЫ

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

№38-мектепке кирип барып окуучуларды сабап, терезени талкалаган Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын тарбиялануучуларынын экөө 18 жашка чыкканына байланыштуу 2 айга СИЗОго камакка алынышты. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды. Аталган окуу жайдын тарбиялануучусу болгон 16-17 жаштагы дагы үч өспүрүм балдар колониясына жиберилди. Негизинен аталган окуя боюнча шектүү катары 7 өспүрүм айыпталууда. Алардын экөө ата-энесинин кепилдиги менен коё берилген.
Эске салсак, 20-октябрда Бишкекте спорт мектебинин тарбиялануучулары №38-мектепке кирип келишип окуучуларды сабап кетишкен. Окуя боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 47 бала катыштыгы бар деп кармалып, суракка алынган. Коомчулукта аталган спорт мектебин жаап салуу керек деген ойду кармангандар да чыкты. Бирок азыркы өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Темир Сариев, ИИМ жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Мелис Турганбаев өӊдүү үлкөндөрдү тарбиялап чыккан спорт мектептин жабылышы күмөн.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
02.11.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мектептин ызы-чуусу бутпой койду го.
02.11.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет жака алып барып салсын, эч жака жибербей, негизи эле мындай от алган балдардын окуган жери жонокой мектептен алыс болушу зарыл!
03.11.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапканга вообще болбойт. Просто тартипти дагы да бекемиреек кылып кучотуп койсун!!!
05.11.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 бала ата-энесинин кепилдиги менен чыгарылгандай ''өзгөчө'' балдаи бекен эмне?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо