30-октябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЖЫРГАЛБЕК САМАТОВДУН жарандыгы боюнча иш каралып, сот БШКнын пайдасына чечим чыгарды. Экс-депутат Орусиянын жараны эместигин сотто далилдей албады.
- Өлкөдөгү УН ЧЫГАРУУЧУ ИШКАНАЛАР кыргызстандыктарды ата мекендик товарды сатып алууга чакырып жатышат. «Биздин ун казактардын унунан кем эмес» дейт Ишкерлер союзунун комитет башчысы Батыр Төрөбаев.
- 2015-жылдын 9 айынын ичинде ӨСПҮРҮМДӨРДҮ ЗОРДУКТООГО байланыштуу 73 факты катталды. 2014-жылы мындай 46 кылмыш орун алган болчу.
- Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченконун айтымында, борбордо ЭКСТРЕМИСТТИК мүнөздөгү бала бакчалар ачылып жатат.
- Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ Нарын облусунда карышкыларды атуу боюнча иштерге фондунан 2,5 миллион сом бөлдү.
- Кыргызстандын КАЛКЫНЫН САНЫ 6 миллион кишиге жакындап бара жатат. Ал цифрага жетүүгө дагы 30 миңге жакын наристе төрөлүшү керек. 6 МИЛЛИОНУНЧУ жаран ноябрь айынын ортосунда төрөлөрү күтүлүүдө.
- Мектеп окуучулары кыш мезгилинде 25 күндүк КАНИКУЛГА чыгышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
- Казакстандын Кытай менен чектеш аймагында «Хоргос» базары ачылары менен Бишкектеги «ДОРДОЙ» базарынын доору бүтөт. Мындай пикирди Инвестицияны тартуу агенттигинин директорунун орун басары Нурбек Максүтов билдирди.
- Британиялык Legatum Institute аналитикалык борборунун бакубаттуулук боюнча рейтингинде КЫРГЫЗСТАН 66-орунду ээледи. Ал Мексикадан бир сап жогорку орунда.
- Өлкөдө жыл башынан бери ЖАНЫБАРЛАР ТИШТЕП АЛЫП ооруканага кайрылгандардын саны 10 миң кишиден ашты.
- 2016-жылдын 1-сентябрынан баштап Олимпиадага даярдоо боюнча республикалык окуу жайы СПОРТ МЕКТЕБИ гана болуп, анын милдеттери Дене тарбия институтуна өткөрүлөт.
- 5-ноябрда 1 АКШ ДОЛЛАРЫНЫН баасы 71 сомдон ашты. Буга чейин америкалык акча 70 сомдун тегерегинде бааланып жаткан.
- 4-ноябрда Ош шаарында 37 жаштагы аял Курманжан датка көчөсүнө жакын жайгашкан көпүрөдөн секирип каза тапты. Айрым маалыматтарга караганда, ал маркум БАЯМАН ЭРКИНБАЕВДИН жакын туугандарынан болгон.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg