ӨКМӨТ ЭЛГЕ АРЗАН ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ БААДА ҮЙ КУРУП БЕРЕТ

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик ипотеканын негизинде турак жайлуу болуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеште билдирди. Мамлекеттик ипотека тууралуу «Жеткиликтүү турак жай-2015- 2020» программасы боюнча Темир Сариев экономика министри болуп турганда эле кеп кылып баштаган. Өкмөт башчынын айтымында, мамлекеттик ипотека боюнча программа ушул жылдын июнь айында кабыл алынган. Анын уставдык капиталына бюджеттен 10 миллион сом бөлүнөт жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан каражаттар алынат.
«Азыр 7 миллиард сом бар. 1-2-3 бөлмөлүү батирлерди курууну пландап жатабыз. Аймактарда да ипотекалык насыялар бериле баштайт. Насыяны төлөө мөөнөтү 15 жылга созулат. Алдын ала төлөм жалпы баанын 10-30 пайызын түзөт»,- дейт өкмөт башчы. Маалыматтарга ылайык, ипотекалык турак жай боюнча жарандардын арызы тыкыр каралып, тийиштүү категорияларга киргизилет жана ар бир насыя алуучуну жеке түрдө насыялоо механизми аныкталат. Аталган программанын негизинде турак жайлардын 1 чарчы метринин баасы 600 доллардан ашпашы керек жана алар болжолу 12 пайыздык ченем менен берилет. Өкмөт башчынын айтымында, ипотекалык насыялар 2016-жылдын январь айынан тарта бериле баштайт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(15)
09.11.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгер 1 чарчы метри 600$ болсо бул мамлекеттик ипотека эмес, кадимки эле кымбат ипотека (15жылдык пайыз убактысы эле болбосо)
09.11.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sofy,туура айтасын. Азыр жайнап кетпедиби 1кв.м. 600$дан без процентная рассрочка деп.
09.11.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйлуу боло албай жургон жаштар канча
09.11.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул боюнча дагы кененирээк жазгылачы,кандай документтер керек жана кимдерге берилет?ушулар тууралуу
10.11.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aibosha13, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү дарекке жеткирип койдук.
10.11.2015. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биз ипотекадан там алдык бир жыл уч айда кутулушубуз к.к аю бирмасынын курулуш тамдарынын биринен 1 кв метр 550$ айланды.Окмоттуку арзандатууда дейт жеке ишкердикинен да кымбат ка туратко.
10.11.2015. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сураныч.Ипотека туралуу маалымат жазгылачы супер. Алдын ала рахмат.
10.11.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaskaaa, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
10.11.2015. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaskaaa Аю-Курулуш Адрес: ул. Московская, 121 (пер. ул. Панфилова) Телефон: +996 (312) 62-54-54 +996 (555) 35-71-40, ...
10.11.2015. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аibowa паспорт эле керек курулуш фирма менен договор тузулот куплю продажа через нотариус оформляется.
11.11.2015. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jeri88,ишеничтуу элеби?квадратурасы кандай экен,мисалы двушканыкы.
11.11.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
доллар которулсо эмне болот
11.11.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dubai ишеничтуу эле биз двух комн 67 кв метр 36750 $ болду .алдын ала 6000$ бердик калган сумманы бир жыл уч айга болу ай сайын толоп кутулуп каласын.договор тузуп через нотариус болду жакшеле .
15.11.2015. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер арызды кайсы дареке жана качан жазып калтырса болоорун тактап бериниздерчи
17.11.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sizge.kat, саламатсызбы!
Кененирээк маалымат: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=91103
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо