ЭМНЕ ҮЧҮН ҮШҮКЧӨӨЛМҮН?

№680 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж

Жылуу бөлмөдө деле үшүп, кат-кат күпшүйүп кийинип, ал тургай төшөккө оронуп-чулганып алгандар бар. Андайлардын колу-буту жыландай муздак болуп, түндө жылыткычтарды кайтарып укташат. Башкалар үчүн калыптагыдай болуп эсептелген температурада алардын үшүй берүүсүнүн себептерин чечмелейбиз.

АНЕМИЯ
Эгер адам анемиядан жабыркаса же гемоглобиндин өлчөмү төмөндөп кетсе үшүй баштайт. Анткени кандын айланышы жайлап, организмди кычкылтек жана керектүү азык-заттар менен жабдуу процесси бузулат. Мындай болгондо организм жылынуусу үчүн аргасыз кан тамырларды кеӊейтип, кандын айланышын батыраак жүргүзөт. Кан менен кошо жылуулук берүү күчөп, адамдагы жылуулук запасы жоголот да, адам үшүкчөөл болуп чыга келет.
Эмне кылуу керек?
Гемоглобиндин запасын толтуруу үчүн доктурга кеӊешке кайрылып, курамында темири көп азыктарды көбүрөөк жеш керек. Аларга эт, боор, бөйрөк, акшактар (гречка, күрүч, акталган арпа), кургатылган жемиштер, жумуртка, алма, сыр, капуста жана укроп кирет.


ВИТАМИНДЕРДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ
A жана E витаминдери боордун тамак-ашты сиӊирүүсүндө, жылуулуктун иштелип чыгуусунда чоӊ роль ойнойт. Эгер алар тартыш болсо, демек, жылуулук аз иштелет да, адам үшүйт.
Эмне кылуу керек?
Аталган витаминдер уйдун боору, жумуртка,быштак, балык, сүт, шпинат, сабиз, петрушка, сүт, өнгөн буудай, өсүмдүк майында бар. Андыктан азыкка буларды көп колдонуу сунушталат.

АШЫКЧА СЕМИЗДИК
Кээ бирлер толук адамдар дайыма ысып жүрүшсө керек деп ойлошот. Тескерисинче, алар үшүкчөөл келишет. Себеби ашыкча семиргенде май катмарлары кан тамырларды кысып, кандын жүрүшүн жайлатат. Андыктан организм өзү жылынышы үчүн кан тамырларды кеӊейтип, канды батыраак жүргүзө баштайт. Кан менен кошо жылуулук берүү жогорулап, адамдагы жылуулук запасы жоголуп, адам үшүкчөөлгө айланат.
Эмне кылуу керек?
Диетологго кайрылып, фитнеске же машыгуу залына барып, арыктоо үчүн аракет жасоо зарыл.

ТОЛУК КАНДУУ ТАМАКТАНБОО
Тоӊуп жүрүүнүн дагы бир себеби – организмде калориянын жетишпестиги. Аз өлчөмдө, толук кандуу эмес тамактангандардын организминде жылынуу үчүн энергия өтө аз. Көбүнчө арык жана аз кыймылдаган адамдардын дене табы төмөн болот.
Эмне кылуу керек?
Жумушу жеӊилдер 1 суткада жалпы суммасы 2800 калорийди, оор жумуштагылар (мисалы, шахтёр, механизатор) 3700 калорийдин тегерегин түзө турган витаминдүү тамак-ашты кабыл алуусу кажет. 3 маал толук, ал эми 2 маал жеӊил шам-шум этүү талап кылынат.

КАНТ ДИАБЕТИ
Аталган оору жаралганда организмдеги зат алмашуу бузулуп, нерв жана жүрөк-кан тамыр системинде да маселелер пайда болот. Өзгөчө кол-буттун учтарындагы нервдер жакшы иштебегендиктен бөлмө жылуу болсо да адам үшүй берет.
Эмне кылуу керек?
Эндокринологго убак-убагы менен көрүнүп, дарыланып, врач сунуштаган гана тамак-ашты жеш керек.

КАН БАСЫМДЫН ТӨМӨНДҮГҮ
Гипотонияда (кан басымдын төмөндүгү) организмдин кан менен жабдылышы бузулуп, адам дайыма үшүп жүрө баштайт. Өзгөчө кан менен жылуулук кол менен буттун учуна жетишерлик деӊгээлде жетпей калгандыктан адам кабат-кабат байпак кийип, колун коюнуна катып жүрөт. "Көгөрүп үшүгөн" деген сөз анык ушуларга таандык.
Эмне кылуу керек?
Дарыгерге жазылып, текшерилүү менен витаминдердин курсун алуу зарыл. Ошондой эле оор эмес кара жумуш жасоо, эртеӊ менен чуркоо, таза абада сейилдөө, жашылча-жемишке, кышкысын кактарга жана жаӊгактарга басым жасоо зарыл.
Кан басымды көтөрүү үчүн калориялуу тамактануу керек экендиги да эсте болуусу оӊ.

КАЛКАН СЫМАЛ БЕЗДИН ООРУСУ
Калкан сымал без кичинекей экенине карабастан организмде энергиянын запасын туура бөлүштүрүүдө башкы орунга ээ. Эгер ошол безде оору, мисалы, гипотиреоз жаралса (йоддун жетишсиздигинен келип чыккан богок) без жарым күчү менен иштеп калат да, денеде зат алмашуу бузулуп, адам үшүкчөөл тартат. Өзгөчө буту дайыма муздайт.
Эмне кылуу керек?
Эндокринологго көрүнүп, дарылануу кажет. Ошондой эле курамында йод бар азыктар – курма, деӊиз капустасы, креветка, балык (өзгөчө сом, хек, сельд, горбуша, минтай, окунь, треска, камбала, лосось), жүзүм, кызылча, сүт азыктары дасторкондо болушу шарт.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(34)
16.11.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ гайморит тууралуу Кайсы жерден окуса болот.
16.11.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalguzum, саламатсызбы!
Гайморит тууралуу: http://www.super.kg/article/show/445
16.11.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Үшүкчөөлдөрдүн катарында мен да бар елем, абдан пайдалуу кеңешке жана көрсөтмөгө ее болгонум үчүн, жазма еесине көп ыракмат!
16.11.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат супер инфо менде да ушундай койгой бар эле.
16.11.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу jalguzum дартыбыз бир экен гайморит тажаттыыыы
16.11.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо соз мн айтып буткус рахмат мен дайым ушуп журом
16.11.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озум билбейм деле, бирок жакындарымды чоочутам гп колу-бутумду тийгизе коюп
16.11.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер инфо жамааты, тизе, билек муздап какшап ооруйт, ушул жонундо маалымат алып берсенер коптон коп ыраазы болоор элек!
16.11.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Supsuluu, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
20.11.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту Supsuluu,Сиздин билегиниздин орруганынын себеби сиз тигуучу болуп иштейт окшойсуз машинени кечке кармалай берип ошондой суук откоруп алган окшойсуз
16.11.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ кант диабети тууралуу кайсы жерден окусам болот
16.11.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayushka, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/article/show/32125
18.11.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, Урматтуу админ ашказан суукта эмне учун ооруйт тууралы билип берсениздер. Алдын ала рахмат.
16.11.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат, жакшы макала экен
16.11.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу супер инфо жамааты богок оорусу туралу да маалымат бериниздерчи сураныч.
16.11.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Choon rahmat . Jakshy makala eken.


Kop terdegen adamdin den sooluguna kanchalik zyuani bar. Super infodon izdep tappai jatam ushul terdegen boinchada maalimatynar bolso aitkilachi aldin ala choon rahmat.
17.11.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malika14, саламатсызбы!
Буттун тердеши тууралуу макала бар: http://www.super.kg/article/show/6387
Ал эми сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
19.11.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,choon rahmat super info. Dagyda paidaluu makalalardy kutobuz .yigilik.
20.11.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,саламатсыздарбы мен бутум тердеп ар жарым саатта тонуп калат ушул боюнча да макала жазсаныздар рахмат
20.11.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elgiz0890, саламатсызбы!
Буттун тердеши тууралуу жазылган:
http://www.super.kg/article/show/6387
17.11.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат чон

18.11.2015. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чоон рахмат
18.11.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да ушукчоолмун(((
18.11.2015. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да силер менен бирге!!! Озум ушукчоол болгондуктан, жакшы коргон адамым да женил желпи кийинет, ушуп калбаса экен деп аяй берчум.
Бир кун эрте туруп, карасам иним дагы деле уктап жатат, уйдон чыгып баратып жылыткычты сайып кеттим, ушуп калат деп. Келсем кулот каткырып, ойгонсом бети башыман тер куюлат, ары жак бери жагыны карап, сайган нерселерин узуп кетпейсинби деп.
18.11.2015. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо сураныч сиздерден менин бетиме тушунуксуз будурлор чыгып алган, не кылсам болот жооп кутом не себептен мындай болорун билип бере аласыздарбы.
19.11.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Serenada, саламатсызбы!
Төмөнкү макалаларды окуп көрүңүз:
http://www.super.kg/article/show/28301
http://www.super.kg/article/show/22371
20.11.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат жакшы кенеш экен.
Менин мойнумда папиллома кобойуп баратат,
ошону кантип жок кылуу керек,ошол жонундо билгим келет
20.11.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
veneraaalieva, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/allsearch/?search_term=папиллома&where_to_search=article&x=0&y=0
21.11.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту админ кыз мезгилинде бетке кантип кам коруу жонундо да жазыныздарчы. Сууктан сактоочу крем койсомда суука кызарып кетет. Алдын ала рахмат
23.11.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aylin.kg, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
22.11.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирим сурайм кыш мезгилинде демекчи элем
22.11.2015. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизинен адам канчалык коп кыймылда болсо ушуу эмне экенин билбейт да.Кыймылдаган сайын кан айлануу системасы иштеп тургандыктан ушубойбуз.Ушудум деп,жылыткычты кучактап кайтарып отура берсек ,анда бул койгойдон арылалбашыбыз анык.
22.11.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң жакшы варианты хижама кылдырыш керек. Хижама бул эмне? Хижама бул канды жана денени тазалоо. Кан эмне үчүн айланбай калат. Кан коюлуп (арам кан) кетет. Хижаманын жардкмы менен. Беттеги безеткилерден айрылса болот. Ал үчүн 0556181098 номерине чалып Хижама жасаган адамдын номерин сурагыла.
22.11.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо үшүбөй каласыңар, жана хижаманын жардамы менен мээнин иштешин да жакшыртсаңар болот. Хижаманын жардамы менен баштагы канды, ириңдерди тазалоо менен. Ким унутчаак болуп баратса кайрылса болот. Хижама шариятта бар эң ишенимдүү жолу дарылануунун. Хижаманы сертификаты бар адамдарга жасаткыла, мисалы баштан алюырганда, если жакшы билбеегн адам жазаса минингит болуп калышыңар мүмкүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо