БАБАНОВГО УБАДАСЫНА ТУРБАЙ КОЮУГА ЖАКШЫ ШАРТ ТҮЗҮЛДҮ

№680 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж

Өткөн жумада парламент өкмөт мүчөлөрүн аныктап, комитет жетекчилери да шайланды. Жогорку Кеӊеште премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине өлкө башчы Алмазбек Атамбаев да катышып, жаӊыдан шайланып келген депутаттык корпуска каалоо-тилегин айтып, алардан эмнени күтүп жатканын билдирди.

«АР БИР ДОБУШ МОЮНУӉАРГА ИЛИНГЕН АМАНАТ ЭКЕНИН УНУТПАГЫЛА!»
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеӊештин VI чакырылышына шайланып келген депутаттарга карата кайрылуусунда өз байкоосун мындайча билдирди: «Өтө көп ишкерлер шайлоого катышты. Өлкөнүн дээрлик бардык бай адамдары кайсы бир партиянын курамы менен депутаттыкка аттанышты. Өнүккөн өлкөлөрдө деле бай адамдар шайлоого катышат, бирок кайсы бир партиялардын демөөрчүсү катарында. А бизде болсо миллионерлер өздөрү парламентке келүүгө жулунушту. Мында эки себеп бар. Биринчиден, парламенттин регламенти депутаттарга жылына 2-3 жолу эле жыйынга катышып, ага карабай депутаттар өз убагында айлык алып, бардык жеӊилдиктерге, кабинет менен кызматтык унаага да ээ болууга жол берет. Мындайча айтканда, депутат катары айлыкка, бардык жеӊилдиктерге ээ болуп, иш жүзүндө өз иштери менен алек болуп жүрө беришет. Экинчи себебин болсо биздин өлкөдө бизнес дагы деле өзүн корголбогондой сезеринен көрүп жатам... Жөн эле «оппозициябыз» деп кыйкыра бергенди токтоткула. Андан көрө өкмөткө, мамлекетке жардам бергиле. Ар бир шайлоочунун силерге берген добушу моюнуӊарга илинген аманат экенин унутпагыла!»

«ПРЕЗИДЕНТТИН УКУКТАРЫН АЗАЙТПАСАК, ЭЛДИН ШОРУНА КАЛАБЫЗ»
Президент өз сөзүндө келе жаткан президенттик шайлоо жана өлкөнүн парламенттик башкарууга өтүүсү тууралуу ойлорун айтты. «Өткөн 5 жылда көп улуттуу кыргыз эли парламенттик башкаруу өлкөбүзгө туура келерине ынанды. Бирок, ачык айтсак, иш жүзүндө биз дагы эле бир бутубуз менен парламенттик, экинчи бутубуз менен президенттик башкарууда турабыз. Ошондуктан, менимче, биз бара-бара Европа өлкөлөрүндөй эле толук парламенттик башкарууга өткөнүбүз туура болчудай. Өткөн парламенттик шайлоодо көрдүӊөр. Айрым партиялар формалдуу түрдө мыйзам менен Конституцияны бузбаганы менен, иш жүзүндө партиялык шайлоону мажоритардык жол менен өткөрдү. Демек, азыркы Конституциядан жылчык таап, мыйзамды буйтап өтө турган «тыӊ» жигиттер бизде аз эмес. Ал эми 2017-жылы кайран элибиз адаттагыдай бал сөздөргө, акчага алданып, ошондой бир өтө «тыӊ» президентти шайласа, өлкөнүн башына Максим Бакиевге окшогон, Кыргызстанды күркө катары, кыргыз элин кой катары көргөн, бизнесмендерди тоногон, Кудайдан коркпогон мамлекет башчы келиши толук мүмкүн болуп турат. Андай «тыӊдарга» азыркы Конституция туруштук бере албайт. Анткени Баш мыйзамдын өзүндө бир топ карама-каршылыктар бар. Президенттин укугун азайтып, накта парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Болбосо элдин шоруна калабыз. Жогорку Кеӊеш бул маселени абдан кылдаттык менен изилдеп, жакшылап карап, анан элдин талкуусуна коюш керек. Эгер элибиз ынанса, анда колдоп берет. Унутпагыла! Президенттик шайлоого болгону 1,5 жыл калды»,- деп билдирди.

БАБАНОВ БААРЫНАН КУРУ ЖАЛАК КАЛДЫ
Парламент президенттин кайрылуусунан улам Максим Бакиевге окшогон «тыӊ» жигиттердин бири Өмүрбек Бабанов деп кабыл алып, азыртадан эле анын алдыга жулунуп чыгуусуна бөгөт койгусу келдиби, айтор, «Республика-Ата Журт» фракциясы Жогорку Кеӊештин спикеринин орун басарлыгынан да, оппозицияга бөлүнгөн комитеттердин башчылыгынан да куру жалак калды. 28 депутаты бар Бабановдун фракциясынан коюлган талапкерлер депутаттардын колдоосун ала алышпады. Мындай жыйынтыкка макул болбой, аталган фракциянын депутаттары каршылык билдиришип, жыйындар залынан чыгып кетишти. Өмүрбек Бабанов: «Биздин фракцияга бир да комитетти ыраа көрбөй койдуӊар. Демек, парламенттеги жалгыз оппозициялык фракция деп саналууга укугубуз бар. Мындан аркы кадамдарыбыз башкача болот. Силерге чын жүрөктөн рахмат»,- деп кетти.
Ошентип Социал-демократтар фракциясы Жогорку Кеӊештеги үч комитетке, «Кыргызстан» менен оппозициядагы «Бир бол» фракциясы экиден комитетке, «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары бирден комитетке жетекчилик кылмай болушту.
Бир чети мындай абал Бабановго аябай ыӊгайлуу. «Республика-Ата Журт» эч бир креслого ээ болбой калганына шылтап, эми шайлоо алдында элге берген убадасын аткарбай, бийликти сындап жүрүп алат. Эгер убадаларына турууну каалабаса.

Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(32)
16.11.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+48
Абдан окунучтуу! Эмнеге ушундай иштейм деп тытынган, алдыга умтулган чыгаан мырзаларыбызды буттан тартканды жакшы коробуз. Бизде коралбастык абдан онугуп, тамырлары бут олкого жайылып кеткен! Ошончо депутаттын арасынан бир гана Бабанов иштээрине козум жетчу, бул жалгыз эле менин пикирим эмес. Эмнеге ошол креслого батпай, ичин саландатып жеп отургандарды чыгарбайсынар да иштейм , эл учун деген инсандарды буттан ылдый каратып тартып, ал аз келгенсип ММКларга жамандап, элдин баарына кара корсотосунор! Мындай абалда Кыргызстан эч качан онукпойт!
16.11.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бийликтегилер юбка эле кийип албапсынар.Кысымдын,тоскоолдуктун да эби чени болот да.Коз корунооо эмитен эле тоскоолдук кылып бут тосконунар элге да Кудайга да жакпайт
16.11.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ушул Атамбаевдин кыргыз элин малга койго салыштырганы жаман жанды кашайтат. ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-16 11:02:34
16.11.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-23
shiko, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
16.11.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сасык саясат дагы башталдыбы биз качан өнүгөбүз качан гана бир жакадан баш бир жендең кол чыгарганда гана. Ынтымак та бололучу кыргыз элим айрыкча саясатчылар
16.11.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыскасы кезек Бабановго келген сыяктуу саясий каралоо. Атамбаев башкаруу рычагын колго алып койгон сыяктуу. Клон партиялары аркылуу каалаган мыйзамды чыгартып каалаган адамын буттан чала алат. СДПК Арнамыс партиясы сыяктуу томонку баскычта кала турган партия эле,Атамбаев олкону туро кыдырып шайлоого угутоо учурунда,кадырын салып административдик мумкунчулукторун пайдалана алдыга озуп чыга алышты.Баш мыйзамды озгортуу жонундо катуу кирише башташты,менимче алдыда дагы да концертертер толтурасыякту
16.11.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кур жалак калды деп кубанбай эле коюш керек,устукан тийген депутаттар деле олкону жеп,талап тоноп келе жатышат.
16.11.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kirgistandi aldiga chigara alchuu jalgis gana babanovdun kolunan kelet. bir kunu dagi babanovdun jildisi jilmayip president bolup kelet.kudaim korup turat. asirki president bawka eki presidentten dagi jaman bolup tarihta kalat. antkeni ochen ХХХХ president jer jusundoguu
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-16 14:46:05
16.11.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
laboom, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
16.11.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Албетте бут тосуулар болуп атса озунор ойлосонор кантип аткарат убадаларын. Кайтар дуйно деп койот баарын убакыт коргозот.
16.11.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чон которулуш чыгышы мумкун эми дагы ушундай жол менен кете берсе
16.11.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Депутаттардын да козу жетип атат да бир гана Бабанов президенттикке татыктуу талапкер экенин. Ошого алдын ала четке чыгара берели деп, булар тээ алды жагын ойлоп жатышат. Кыргызстааан, бул кетиште алдыга эмес кылым кылым артка кетебиз го!
16.11.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ишенгенибиз эле Бабанов болчу...
16.11.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СДПК партииясы жана,коалициялык копчулук Баардык орунду анын ичинде торогалык орунду,торога орунбасарлык,комитеттик орундарды оздору гана ээлеп алышса анан кантип Бабанов убадасына турсун? Баары жогору жатын эмне деп айтуусу бойунча,эмне каалоосу бойунча болот да. Текебаевин деле атамбаев менен бир кемеде окшойт,куйругун коалициялык копчулукко тыга качты. Баш мыйзамды озгортобуз деп канкуулап жатышат,эгер озгортушсо президентти парламент шайлайт экен,клон партиялар кайрадан атамбаевди шайлашат.
16.11.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ааии Бабановду четтетиштин жакшы жолун тааптыр бул нерсени кайсы акылдуу чыгарыптыр ээ,Ташиевден да кутулушту
16.11.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бириккен партиялар бут Атамбаевдин айтуусу мн иштешет.элди тушунбойт деп ойлошои ошол учун Атамбаев малсынар дегенда.президентти парламент дайдай турган кылатта акырын кайра Атамбаев болот.байлар парламентти башчысы болуп келд дейт а озучу 5 партиянын башчысы болдуго.бут ойлогуп жасалган бийлик.не ужели 5000.000 адамдын арасынан Сариев Текебаев Атамбаевдин ордуна татыктуусу жок.айланып келип эле кайра эле жеп жутуп тойбостор келишет
17.11.2015. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аттин Бабанов учун, "Республика-Ата журт" ту шайладым эле, андагы программадагы иштерди ким аткарат?!
17.11.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazmel, AK-47., сын-пикирлерди admin@super.kg электрондук дарекке жөнөтүңүз!
jazmel, кимдир бирөөнү мазактоого, жалаа жабууга тыюу салынган! 15 күн БАН!
AK-47., 10 күн БАН!
17.11.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бабанов деле байлык менен бийлике жутунган неме, сокур сезим менен Бабанов деп курулай кыйкыра бербегиле! Бабановдун кандай озгочолугу бар башкалардан? Ушул убака чейин кандай иш кылды кыргыз эли учун? Жакшылап талдап корсонуздор? Убагында Ташиев деп кыйкырдынар эле забордон секирем деп денгээли томон экендигин корсотуп койду... Бул жерде отуруп алып, тигилердин таламын талашып, бири-бирибизге жаман соз айтышпай эле койолучу туугандар! Алар бул нерсеге арзыбайт.
17.11.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштейм деген адамды коро албагандар коп экен.Куру жалак калтырганы менен,башкалары иштесе жакшы го.
17.11.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келээрки ПРЕЗИДЕНТ коросунор кудай буйруса,ошондо баарына корсот Омурбек аке
17.11.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
avazbek._92, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!
17.11.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бабанов бийлике келсе Ташиевди тартат 2017 президент болуп келсе пример Ташиев болуп калышы толук ыктымал.азыркы бийликтегилер болсо темир тордун астында калышат андай болсо,азыртан каралап элге жаман корсотуш керек.эсин барда этегини жап деп кыргыздын макалында канчалык терен маани бар э.?
17.11.2015. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
депутаттарды шайлаганда кыргыз элим корушту,ким кандай экенин.эми президент шайлоо убагында 2 козду 4 кылып жакшы акыл калчап "Кыргыз"деген адамды шайлайлы,акча десе эле бир мешок унга алданбай.келечекти ойлойлу,озубуз болбосок да кийинки осуп келаткан муундарыбыз бизге окшоп кыйналбай турган болгудай.тынч болсун кантсе да мамлекетибиз!
17.11.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бабанов тоону комторот болчу дебесекда башкаларга салыштырмалуу аракети бар болчу деген умут менен добуш бердик эле.Анткени жакшы соз бар эмеспи 'суйлогон созун канчалык кооз болбосун жасаган ишине карап баа берет' -деп.Билген адам билет анын кандай фактический жасаган иштери бар экенин.Окунучтуу бул жагы эскичилик болуп кетиптир.Бул ситуацияданда чыгып кетет.
18.11.2015. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адилетсиздик куч алыптыр! Азыр бирдеме деп айтыш кыйын, убакыт корсотот.Ак ийилет, бирок сынбайт!
18.11.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баарыбир Бабановду колдойбуз!!!
18.11.2015. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бабанов делай
19.11.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийликтегилердин эч кимисине ишенбейм.Бир умутум Бабановдо калды эле.Аны дагы жегичтер бийликтен алыстатыптыр.Эми олкобуз Индиянын жашоосундай болуп калбаса болду...Акырындап ошол жашоого отуп баратабыз...
19.11.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баш айланатко саясатын сасык оюну на. Биринда элди ойлонбой сугар, элдин акчасын жеп убагында айлык алып, жыргап журошот. Эл шорду тиричилигин эптеп откоруп жатышат таалалап ,чек араларда олуп,жерин коргоп. Аллахым элдин пейлин он до , ыймандуу президенти бизге насип кылчы , Алладан коркуп турган президент келсин ! Амиинь.
22.11.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкем ушакчы болуп кетиптир.мактаган адамы калбады окшойт
22.11.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирин олуп бирин кал Депутат эч качан элге пайдасы тийген эмес тийбейт дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо