КЫШ КЕЛДИ. МАШИНАӉЫЗГА КАМ КӨРҮӉҮЗ

№681 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж

Кыш – автомобиль үчүн чыныгы сыноо. Анткени суук, нымдуулук жана жолго чачылган кум, туз машинанын абалына терс таасир тийгизет. Андыктан кышкысын ага өзгөчө камкордук керек.

  1. Айнектеги тоӊду эриткич (размораживатель стёкол) колдонуп, фарадагы, күзгүдөгү жана маӊдайкы айнектеги музду эритсеӊиз болот. Аэрозоль же спрей түрүндөгүсү ылайыктуу.
  2. · Чанактагы (кузов) карды тазалоо максатында кыргычы бар щётка алыӊыз.
    · Айнегиндеги карды гана эмес, үстүндөгү карды кошо тазалоо кажет. Токтоткондо кар маӊдайкы айнекке түшүп, жолду кароого тоскоолдук кылат.
  3. · Суукта машинаны ысык суу менен жууганга таптакыр болбойт. Ысык суу тоӊуп турган машинанын краскасында майда жаракаларды пайда кылат. Мындан кийин ал жерди акырындап дат баса баштайт.
    · Машинаны бир жакка чыгар алдында жуудуруӊуз. Анткени чанак ичинде калган суу тоӊуп калбай, машина жүргөндө акырындап бууланып кетет.
  4. Маӊдайкы айнекти жууп туруу үчүн суу куюлуучу бачок кышкысын тоӊуп, айнекти тазалоо кыйынга турбашы үчүн ичиндеги сууну төгүп, тоӊбоочу суюктук куюу зарыл.
  5. Айнек тазалагыч (дворник) карды оӊой жана бат тазалашы үчүн анын кышкы вариантын – жоон жана калыӊыраак резинкалуусун алыӊыз.
  6. Кышкы тайгалакта, өзгөчө ашуу менен жүргөндө тайгаланууга каршы чынжырды пайдаланыӊыз.
  7. · Аккумуляторду 1 айда бир заряддап туруӊуз.

    · Суук -20 градустан ылдый түшкөндө аккумуляторду жылуу жерге алып келип коюӊуз.
    · Аккумулятор «отуруп» калганда старт-кабелди (прикуриватель) колдонуп, башка автомобиль аркылуу заряддаӊыз.
  8. Эшиктери тоӊуп калбасын десеӊиз, ага жабышкан резинкалардын ички бетине убак-убагы менен силикон спрейин чачыӊыз.
  9. · Эшиктин кулпусу (замок) тоӊуп калса, андагы тоӊду оӊой эритүүчү брелок, аэрозолду колдонуӊуз.
    · Же медициналык спиртти куюӊуз.
    · Ачкычты от тутанткыч (зажигалка) менен ысытып, анан кулпуга салып акырындык менен бурап ачууга да болот.
    · Ошондой эле түйүлгөн муштумду кулпуга такап, ортосу аркылуу үйлөсөӊүз, ысык аба аны жылытат.

Катуу суукта кыймылдаткычты батыраак ишке киргизүүчү аэрозолдор бар. Алар машиналардын маркаларына карата карбюраторго же инжектордун куюучу коллекторуна же унаанын абаны чогултуп, кайра аны колдонууга ички системге, агрегатка багыттап берүүчү конструкциясына (воздухозаборник) чачылат. Өрт чыкпашы үчүн колдонуу көрсөтмөсүнө карап, абайлап пайдаланыӊыз.

Салон өтө булганбашы үчүн стандарттуу резина килемчелерди жазы жана четтери бийик көтөрүлгөнүнө алмаштырыӊыз. Килемченин алдына кийиз салып койсоӊуз, килемче нары-бери сүрүлүп кеткенде бут кийимден аккан ылай, кир сууну сиӊирип турат.

· Канчалык суук болсо да, машинаӊыз от алып турсун үчүн свечаларын ар бир 15 миӊ чакырым жүргөн сайын алмаштырыӊыз.
· Машинанын кыймылдаткычы калыптагыдай иштеши үчүн свечалар май, ыш-көө болуп булганган сайын тазалоо зарыл. Ал үчүн металл щётканы колдонуӊуз.


Кышкысын бензобакты жок дегенде 60-70 пайыз толтуруп жүрүү керек. Бакта бензин аз болгондо бактын капталдарында нымдуулуктан улам суу тамчылары жаралып, алар акырындап бактын түбүнө чөгө баштайт (суу бензинден оор). Суунун айынан бензобакты дат басат. Көбүрөөк дат баскандан кийин бензобакты алмаштырууга туура келет. Ал эми суунун көлөмү көбөйүп кетсе, кыймылдаткычтын иштеши да кыйындаарын эске алыӊыз.
Бактагы суу май куюучу жайларда бензинге суу кошуп жибергенден да болот. Андыктан бензинди ишенимдүү жерден куюӊуз.

    Канымжан Усупбекова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
23.11.2015. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш экен, рахмат..
23.11.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун пайдалуу кенештер экен. Рахмат Супер Инфо гезити.
23.11.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдик уста айтып берген го
23.11.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок азыркы кезде бензобактар катуу пластмассадан эле жасалып калды го.
Wave. түзөттү 2015-11-23 11:40:08
23.11.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул кенеш змей эле кудайбергенден бир контейнердин рекламасыго))
23.11.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенешинерге рахмат
24.11.2015. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат кыйла пайдалуу экен
24.11.2015. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат жакшы
26.11.2015. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенештерге рахматго бирок айкандардын20%гана аткарылат биздин кыргызстанда потому что 2. 3 тон машинасына кандай жетишебиз
26.11.2015. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=90729
Жакшы кенеш эккен. Как раз отечественный продукция колдонунуздар.
11.12.2015. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнектер тонбошу учун машинаны проветривать этип анан жабып коюш керек.Сырткы темпр. менен ичи бирдей болушу керек экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо