Мыктыбек Арстанбек, тележурналист: «30 ЧАКТЫ ЫРЧЫГА ПРОДЮСЕР БОЛГОМ»

№681 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж

Белгилүү тележурналист Мыктыбек Арстанбек жаш кезинде креативдүү жаштарга арналган көрсөтүүлөрдү даярдап талкуу жаратчу. 30 жылга чукул убактан бери теледен түшпөй келе жаткан, бир жерде токтоп калбай, ар дайым өсүүнүн үстүндө жүргөн Мыктыбек Арстанбектин басып өткөн жолуна саресеп салабыз.

Туулган жылы, күнү – 1965-жыл, 7-сентябрь
Туулган жери – Фрунзе шаары
Билими – Политехникалык институттун инженер-курулуш факультетин аяктаган
Алгачкы эфири – КТР, «Жаштар пресс бары» (1989-жыл)
Алгачкы долбоору – «Билсеӊ ал» телевизиондук викторинасы
Алгачкы тарткан клиби – Ибрагим Жунусовдун «Эламан» аттуу ырына (1992-жыл)
Үй-бүлөөлүү, 8 баланын атасы.
1988-жылдан бери теледе иштеп келе жатат.

«БАШ БАЙГЕГЕ ТУФЛИ КОЙГОМ»
– Ата-энем мугалим. Окуучулук кезде шоктук кылып койсом, мугалимдин баласы ушундай деген сөз өтө катуу тийчү. Атам 8-классты бүткөндө эле Автожол техникумуна киргизип, шаарга жалгыз таштап кетти. Анда шаарда көбүнчө орус тилинде сүйлөшүшчү, же мен орусча жакшы билсемчи?! Ошентип жүрүп техникумду аяктап, Политехникалык институтка тапшырдым. Ал жерде азыркы атактуулардын көбү менен чогуу окудум. Алардын бирөө Бек Борбиев 2-курста ырчы катары элге тааныла баштады. Бир күнү аны телеге тартылууга чакырышты. Андан бир күн мурун Бектин ырына фонограмма жаздырып майлашкан экен. Эртеси музыкант жигит турбай коюп, ордуна гитара ойноп мен тартылгам. Бул теледеги дебютум болчу.
1992-жылы Чынара Жакыпова жаӊы министр болгон кезде биздин окуу жайда чогулуш өткөргөн. Менин түшүнүгүмдө министр туура эмес сүйлөп жатты. Чыгып «азыр такыр окуу системасы жок» деп каршы сүйлөп салдым. Анткени митингдерге, саясий акцияларга чыгып жүрүп көп нерсени түшүнүп калган элем. Ошентип бийликке каршы сүйлөйм деп окуудан куулуп кете жаздагам. Кызыгы, окууну аяктаган соӊ мен каршы сүйлөгөн министр жумушка чакырды. Министрликте иштеп жүрүп, аны менен катар теледе штаттан сырткаркы кызматкер катары эмгектенчүмүн. Бирок долбоорлорум, көрсөтүүлөрүм үзгүлтүксүз эфирден кетип турчу. Акыры телеге биротоло келип алдым.
1992-жылы элде акча жок болуп, кыйынчылык учур. «Жалаӊ кыздар жана мен» деген көрсөтүүгө баш байгеге койгонго эч нерсе таппай, эптеп бир жерден аялдардын бут кийимин таап баш байгеге койгон элем.

«1 ЖЫЛДА 270ТЕН АШУУН КЛИП ТАРТКАНБЫЗ»
– Эӊ алгач Ибрагим Жунусовдун «Эламан» деген ырына кино тартуучу плёнка менен клип тартканбыз. Ал маалда видео жок болгондуктан көрсөтүү тарткандан калып калган плёнкаларды чогултуп, аны бир досум караӊгыда отуруп улап берген эле.
Бир күнү көрүнүктүү режиссёр Бейшенбек Мамбетакунов чакырып бир ырчыны көрсөттү. Карап туруп зээниӊ кейийт. Байкуш кыштын күнү шөкүлө кийип алып кайыӊдын түбүндө жасалма гүлдү кармап ырдап жатат. Бейшенбек агай «ушундайды кантип жоготобуз?» деди. Жоготобуз деп аракет кыла баштадым. Теледе 2 эле камера бар, аны да же Акаевди, болбосо Айтматовду тартканы алып кетишет. Анан түнү камераларды уурдап чыгып, 1 жылда 270тен ашык клипке окшогон нерселерди тарттык. Азыр ал клиптерди көрсөӊ күлкүӊ келет.
Ичи күйгөндөр «Мыктыбек акча жеп жатыптыр» деп айтып жүрүштү. Балээсинеби, ырчылар жолго төлөйт, кийгенге кийим алат, камерага, операторго төлөйбүз. Чыгашаны санасаӊ 2 миӊдин тегерегиндеги акча кетет. Ошондо ар бир ырчыдан 1000 сомдон алганда эле 270 миӊ сом иштеп алмак экенмин да. Антмек турсун кээде маршруттук таксиге акча жок үйгө жөө кетчүмүн. Ошентип жүрүп Кудайга шүгүр, 1 жылдын ичинде эфирде жаӊы клиптер пайда болду. Менимче, концерт коёр алдында клип тартып өзүн жарнамалоо деген түшүнүктү биз киргиздик окшойт. Эгерде бир ырчы ноябрда концерт бере турган болсо, майда даярдык көрүп, жок дегенде 5 клип тарттырып, тынбай эфирден берчүбүз. Анан кайсы ыр элге алынып кетсе, ошол ырдын атынан концерт уюштурар элек. Ойлосом, ал учурдагы Сыймык Бейшекеев, Динара Акулова, Расул Маматкулов, Кубик Калыков, Асел Турдалиева, Мухтар Атаналиев, айтор, 30 чакты ырчыга азыркы тил менен айтканда продюсер болгон экем.
Ырчылар «турмушубузду оӊдойбуз» деп концерттен түшкөн каражатка кезеги менен үй ала башташты. Мен теледен же концерт уюштуруп тапкан каражатка үй алган эмесмин. Мага үйдү Кудай берди. Батирден батирге көчүп жүрүп 2 бөлмөлүү батирге жашап калдык, дайыма үй ээси келип акчасын алып турчу. Кийин такыр келбей койду. Же үй акысын кайда жиберерибизди билбейбиз. 3 жыл жашагандан кийин сотко кайрылып, үйдү өзүбүзгө каттатып алдык.
Жубайым менен инимди окууга өткөрөм деп жогорку окуу жайларды кыдырып жүрүп таанышкам. Бир шаардык кыз инисин ээрчитип жүрүптүр. Өзүмдүн айылдык экениме сыймыктанып шаардыктарга тийишким келе берчү. Тийишсем көӊүл бурбай койду эле «мага тиесиӊби?» десем, «давай завтра, сегодня поздно» деп койду. Ошентип 1985-жылы шаардык кызга үйлөнүп алдым.

«ТЕЛЕДЕ КӨРӨ АЛБАСТЫК, ИНТРИГА КӨП»
– Журналисттик кесипти мен эмес, тескерисинче кесип мени тандады. Өз кесибим менен иштеп кетсем деле болмок, ишкерлик деле колумдан келмек. Телевидениенин бир касиети бар экен, экран сени жакшы көрүп калса коё бербейт тура. Теленин босогосун аттаганда эле башка дүйнөгө сүӊгүп кетем. Теледен кеткен күндөрүм деле болду, ошондо КТРдин имаратына кирип, жытын жыттап эс алып калчумун. Кантип журналист болуп калдым билбейм. Тилим чулдур, билимим боюнча инженер-куруучумун. Кебетем деле кызыктай.
Чындыгында бул тармакта көрө албастык, интрига деген нерсе көп. Журналист болуп жүрүп эзилдим, жетишпеген жашоону басып өттүм. Менин жупуну жашоомо түрткү болгон телеге ыраазымын. Жадакалса балдарым да жупуну үй-бүлөдө чоӊоюшту. Бир кийим алып берсем, аны жыртылгыча кийишет. Ойлосом алар аны жейм, муну кием деп деле эркелешпептир. Кээ бирөөлөрдүн кийген кийими өзүнөн кымбат турат эмеспи. Бизде кээде үйдө нан жок болуп калган учурлар да кездешет.

Айбарча Иранова, апасы: «БАЛА КЕЗИНДЕ ТЕЛЕВИЗОРДУН ИЧИНЕ ӨЗҮН ТАРТЫП КОЙЧУ»
– Балам кичинекейинен зирек, жаны тынбаган кыймылдуу бала болчу. Студент кезимде төрөгөндүктөн 15 күндүгүнөн тарта чоӊ энеси багып чоӊойтту. Мектепти жалаӊ «5» деген баага окуган. Сүрөттү да аябай жакшы тарткандыктан «сүрөтчүнүн окуусуна барайын» десе атасы макул болбой койду. Ошол кезде эле телевизордун сүрөтүн тартып, ичине өзүн кошо тартып койчу. Азыр ойлосом, балалыгында эле теледен чыккысы келчү окшойт. Гитара ойночу, эс тарткандан анысы калып, телевидениеге иштеп кетти. Политехти бүткөн балам журналист болуп кеткенине таӊ калгам. Мыктыбек сыналгыдан чыкчу күнү айылдагылардын баары чогулуп кубанып көрчүбүз. «Сүйлөшкөнүм бар» деп жаш үйлөнүп алган. Кудайга шүгүр, балдары бой жетип былтыр кызын турмушка узатты эле, жакында баласын үйлөнттү.

Борончу Кудайбергенов: «ИШ ДЕСЕ ТАМАКТАНБАЙ ДЕЛЕ ЖҮРӨ БЕРЧҮ»
– Сахнада 25 жылдан бери жүрсөм, ушунча жылдан бери Мыктыбек менен эриш-аркак болуп иштешип, дос болуп келе жатам. Жашынан эле өтө тырышчаак, өжөр жигит болчу. Күнү-түнү монтажда отуруп же бирдеме жеп алсачы. Суудан ичип алып эле иштей берчү. «Ысык-Көлдө кадыр түн» деген сынакты уюштурганымда колдоп, эфирден кетишине чоӊ салымын кошкон.
Бир жолу телеге бир көрсөтүүгө чакырды, «белек ала кел, жакшы суроо берген көрүүчүгө ыйгарабыз» деп калды. Мен чоӊ жумшак оюнчук сатып алып барсам, Мыктыбек катуу майрамдап алыптыр. Көрсөтүү башталды, бир убакта ал операторлорду сөгүп, студияны талкалап ызы-чуу болуп кетишти. Ошондо жанагы аюу оюнчугум экөөбүздүн эфирибиз чала болгон. Себеби башталган көрсөтүү акырына ошол бойдон чыккан эмес. Ал күндөрдүн баары артта калды. Ошондон кийин Мыктыбек ичкенин таштады.

"Кичинекей кезимде эле телевидение маӊдайыма жазылган окшойт".

"Леонид Якубович менен жолугушкан учурлар болгон".

"Асел Турдалиева менен "Келиндер козголоӊун" уюштурганбыз".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Мыктыбек Арстанбек: "27 жыл телевидениенин жыргалын да, азабын да көрдүм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(30)
Медиа-портал
21.11.2015. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бар болунуз!Мыктыбек Арстанбеков,Байма Сутенова жана маркум Болот Макетаев эн кучтуу журналисттер болчу!"Жалан кыздар жана мен"корсотуусу дале болсо эсимде!Уй-булонуз менен бактылуу болунуз!
Медиа-портал
21.11.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тугойлор дообоорунуз жакчу эле. Замир менен Гулпоткан женуучу болду беле? Анда мен мектептеги окуучу кыз элем. Азыр дин жолунда жургонунуз кубандырат. Бар болунуз.
SUPER.KG видео
21.11.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах ыраазы болсун сизге, маегинизге рахмат уй блоонуз менен бактылуу болунуз!!!
Медиа-портал
21.11.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сиз тууралуу башкача маалыматтарды угуп келем. Бирок, Сиздин бул маегиниз мага жакты. Бул маегинизден мен, Сиздин эмне себептен динге каттуу маани берип кеткенизди тушундум. Кайталангыз ИНСАНСЫЗ. Супердин жамаатына рахмат. Дагы да, жаштарга сабак беруучу улуу инсандардан интервью алуунуздарды отуном.
Медиа-портал
21.11.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыктыбек Арстанбекти абдан сыйлайм.Сиздин сабактарынызды калтырбай угабыз.Аллах ыраазы болсун сизден.
SUPER.KG видео
22.11.2015. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
500 ен кучту журналист ишинизге ийгилик
23.11.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун маек болуптур, аман болунуз, сиздин беруулорду калтырбай корчумун, азыр ойлосом "кумирим" болчу экенсиз, дагы коп коп жанылычылыктарды жарата бериниз.
Медиа-портал
23.11.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
razat,
Саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз.
23.11.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Якубович мн тушкон фотосунда Ибрагимге оокшош болуп калыптырго )) эмне Ибрагим Жунусовдун фотосун койуп алган деп койом)).
23.11.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайталангыс талант, кыргыздын чыгаан уулдарынын бири сизсиз Мыктыбек мырза
23.11.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы бир кулуп да алдым, эн кызыгы уйлуу болуп калганы.Жакшы киши сыйлайм.
23.11.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 аял алганбы
23.11.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
90 жылдары Ырчысы да чоорчусу да бут баары Ибрагим Жунусовду туурашат эле. Кийингени, прческасы,суйлогону басканы, ошон учун Ибрагимге окшош болуп калган.
23.11.2015. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоок тескерисинче ошол жылдары озу ошондой узун чач анан кулош шымдар мода болгон окшойт 64 65 66-жылкы адамдардын архивдеги суротторун карасанар баары ошондой
23.11.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз байке еми тоордо байбичениз менен уул, кыздарыныздын чайын ичип бамбайган бай, байбиче болунуздар))))
23.11.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
ото эле женил адам
26.11.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
guzel_, менимче жакындан тааныбайсыз???
24.11.2015. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур конулду ачатурган.
24.11.2015. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз байлыгына суктанып карап отурдум. Оз оюн ушунчалык жеткиликтуу чеберчилик мн айтып берет экен. Адамдык эркине база бердим. Чынында чыгаан адам экенсиз. Бар болунуз уй булоонуз менен. Аллахым колдосун
24.11.2015. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азматсыз Мыктыбек аке иштеринизге ийгилик аллахых эки дуйно бактылуулукту насип этсин сизди чындыкты как жарган журналист жана тактыгынызды баалайм сизди урматтап укомун атын Мыктыбек койгон атам теледен дайыма жаркылдап чыгып журо бериниз ийгилик ишинизге
24.11.2015. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыктыбек байкени аябай сыйлайм,эн мыкты журналист, омур баяны жакты,эмиле Таксыр болуп калган турбайбы...)))
pepew95. түзөттү 2015-11-24 03:27:34
24.11.2015. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менин чон атам айтчуу эле 'иштеген тиштейт'-деп. Эми ошол иштеген ишиниздин узурун корунуз демекчимин.
24.11.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улгулуу инсан
Медиа-портал
24.11.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
оба мен да мектепте окуп жургондо кумир тутчумун,жада калса бир конкурста артистерди тууроо болгондо ушул Мыктыбек агайды туурап алып баруучу болгом суйлогондорун,кыймылдарын.атам коруп калган экен ошондо азыркыга чейин айтат мына чыкты деп Мыктыбек агай чыгып калса.ден-соолукта,уй-булонуз менен аман болунуз.биздин корупционерлер онолбосо жакшы адамдар,улуу инсандар тируусундо бааланбайт окшоп калды.
25.11.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа эки аял алган
26.11.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкты,активдуу адам.Абдан сыйлайм бул агайды.Бир жолу суйлошуп да коргом,ото жакшы суйлойт жана жакшы уга да билет башка адамды. Экинчи жаш аялы хиджабда жургонун билем,бирок биринчи шаардык аялы хиджап кийеби? Мусулманчылыкта 4 аял алууга уруксат,Кудай буйруса 4 аял алып аларды камсыз кылам деген жери бар беле бир интервьюсунда?
Суперчилер эмнеге уй-булосу,балдары жонундо жазбадынар, кандай ата,кандай омурлук жолдош экенин. 1965-жылык болгону менен абдан жаш корунот экен,мен 1970-71 жылкы болсо керек деп жургом.
26.11.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыктыбек байке койгон максатына, же бащтаган ишин акырына чейин жеткен адам! Мен сыйлайм. Эн негизгиси чыныгы Адам!
SUPER.KG видео
27.11.2015. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмгегинизге тааазим
29.11.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу Кудайбергенов Мыктыбек Арстанбектин ичкенин айтпай эле койбоптур даа. Ушунча жыл телеге арнаган омурунон ушул эле коз ирмем эсинде калды бекен?
Медиа-портал
08.03.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз Мыктыбек байке! Ишинизге ийгиликтерди каалайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо