-

1-ноябрда Ош облусунда кутурган ит тиштеп алган 5 адамдын бири 2 жашар Алина кайтыш болду. Эске салсак,
КУТУРГАН ИТ кыздын бетин тиштеп, ал оор абалда бейтапканага жеткирилген эле.
-
Муфтияттын маалыматына ылайык, өлкөдө 90дой МЕДРЕСЕ бар болсо, анын 70и иштейт. Анда 6 миӊден ашуун балдар таалим алат.
-
Өкмөт «ЭРКИН-ТОО» басмаканасы менен «СОӉ-КӨЛ» ресторанынын имараттарын тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен чыгарды.
-
Быйылкы жылдын 10 айынын ичинде АЙДООЧУЛАР 310 миллион сомго чукул айып пул төлөө менен өлкө казынасын толукташты.
-
НУРБЕК ЭЛЕБАЕВ Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттиктин жетекчилигинен алынды. Башчылыкка азырынча эч ким дайындала элек.
-
«Мектептердин 95 пайызында капиталдык оӊдоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана ар бир үчүнчү мектепке гана таза суу түтүгү киргизилген»,- деди билим берүү жана илим министри
ЭЛЬВИРА САРИЕВА.
-
18-ноябрь күнү Бишкек шаарында ДОЛЛАРДЫН БААСЫ 73 СОМДОН ашып, жаӊы рекорд коюлду.
-
Акыркы он күн ичинде 30 СОТТОЛГОН адам кармалды. Ал эми жатак-абактардан качып кеткен 1067 адам дайынсыз болууда.
-
Standard & Poor’s рейтинг чыгаруучу агенттик Кыргызстандын калкынын 19 пайызы гана финансылык жактан САБАТТУУ деп чыкты. Бул Борбор Азия өлкөлөр арасындагы эӊ төмөнкү көрсөткүч.
-

Жогорку Кеӊештин
ЧЫГЫМДАРЫН туура бөлүштүрүү боюнча комиссия жыйынтык чыгаруу үчүн дагы бир апталык мөөнөт сурады. Бул тууралуу спикер Асылбек Жээнбеков билдирди.
-
Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фонду Тамчыда жайгашкан АЭРОПОРТТУН реконструкциясына акча бөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
-
Мэрия Бишкек шаарынын Киев, Орозбеков, Токтогул көчөлөрүнүн аймагы камтылган кварталды өнүктүрүү үчүн архитектуралык ДОЛБООРГО сынак жарыялады.
-
Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы ЭМИЛ ТАРЫХЧИЕВ 18-ноябрь күнү кылмышка шектүү катары кармалды. Окуя боюнча кенен маалыматты 13-беттен окуй аласыздар.
Эльвира Караева
politika@super.kg