КЕЛЕРКИ ЖЫЛЫ БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТТОР БЕРИЛЕ БАШТАЙТ

№681 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж

«Мамлекеттик кызмат көрсөтүү системине биометрияны киргизүүнүн башкы максаты – калкка ыӊгайлуу шарттарды түзүү жана жарандарга тиешелүү маалымат топтомунун коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. 2016-жылдын июль айынан массалык түрдө биометрикалык ID-паспорттор бериле баштайт»,- деди Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев. Калктын биометрикалык маалыматын топтоо, шайлоо системине ушул жолду киргизүүнүн башында турган бул чиновник БШК менен Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосундагы маселелерди жоймокчу. «Алдыда президенттик шайлоо турат. Аны биометрикалык паспорттор менен өткөрүү керек. Бирок бизге бир топ жеӊил болот. Анткени кайсы жерде эмне маселе бар экенин так билип калдык»,- деп билдирди ал «Супер-Инфого».
Паспортторго байланыштуу дагы бир жаӊылык: 24-ноябрдан тарта чет жерге, Кыргызстанга чектеш өлкөлөргө чыгууда 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор жараксыз болуп эсептелет. Жарандар чектелбеген мөөнөткө узартылган паспорттор менен да чет жерге чыга алышпайт. Азыр 4 миӊге жакын адам 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту колдонот. Аларды 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторго алмаштыруу үчүн катталган жери боюнча паспорттук бөлүмдөргө кайрылуусу керек. 60 жаштан улуу жарандар жаӊы паспортторду бекер ала алышат.
Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарына ылайык, аталган уюмга мүчө мамлекеттердин бардык жарандары эл аралык учуу каттамдарында машина окуй алган гана паспортторго ээ болушу зарыл. Кол менен толтурулган жазуусу бар паспорттор 2015-жылдын 24-ноябрынан тарта колдонуудан чыгарылат. 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттор толугу менен машина окуй алган документтер болуп саналат.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
23.11.2015. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо биз ID кард ды колдонсок болоткенби
23.11.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалымат, бир сураныч жаны биометрикалык паспорттун мамлекет тарабынан белгиленген баасын жазып койсо. Анткени, айрым региондордогу паспорт столуна барсан ашыкча акча толонуп, так баасын билбейсин.
23.11.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче бекер эле болуш керек.
23.11.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой азыркы загран паспорту ойлоп тапкан адамга депутат тарга нааразымын. Биз кыргыз болгонсон кыргызча орус тамагасы менен жазып койбоптур же мурунку паспорт боюнча эле калтырганы жакшы болмок. Англисче латын тамагасы менен жазылган, же аны башка мамлекетерге отпосо Россияда рвп, внж, ошол сыятуу документ жасаганда созсуз перевод кыласын ашыкча эле туйшук. Эми бул жаны чыккан паспорт кандай экен, элге пайдасы тийе турган огой болсо экен.
27.11.2015. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эле жетишпей аты эле. Дагы поспортун артынан чуркамай, поспорту койуп Кыргызтанды гулдотуп карапайым элге жардам берип, жинди сууга жинди болуп адамдары олтуруп атат ошолорду тартипке салса болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо