-

Өлкөдө жыл башынан бери 61
ЖАШ БАЛА ЗОРДУКТАЛДЫ. Окуялардын 98 пайызында кордук көрсөткөн адам мас болгон. Бул тууралуу ИИМдин өкүлү Адилбек Абдраимов билдирди.
-
Башкы прокуратура экс-спикер АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВДУН иши боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмдү жокко чыгаруу арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.
-
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ Кыргызстанга кирген бардык чет жердиктерди биометрикалык каттоодон өткөрүүнү сунуш кылууда.
-
Өкмөт башчы Темир Сариев бардык мектептерде ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН камера орнотууга каражат табууну акимдер менен айыл башчыларына тапшырды.
-
ОРУСИЯДАГЫ кыргыз жарандарынын ар бир үчүнчүсү аталган өлкөдө туруктуу негизде жашап калгысы келет. Бул тууралуу орусиялык эксперт Андрей Якимов сурамжылоонун жыйынтыгына таянып билдирди.
-
Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Талант Султановдун айтымында, өлкөдө АЯЛДАР эркектерге караганда 8 жылга көбүрөөк жашайт. Аялдар орточо 75 жаш өмүр сүрсө, эркектерде бул көрсөткүч 67 жашты түзөт.
-
УЛУТТУК БАНК ипотекалык жана башка насыяларды доллар менен берүүгө тыюу салууну сунуштап жатат.
-
ТИГҮҮЧҮЛӨРДҮН продукциясын сатуу көлөмү 10 эсеге кыскарды. Бул тууралуу «Союзтекстиль» ассоциациясынын өкүлү Любовь Ардамина билдирди.
-
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, өлкө жарандарынын колунда 7 миӊден ашуун травматикалык ТАПАНЧА бар.
-
«Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» партиясына КҮРӨӨГӨ коюлган 5 миллион сом кайтарылып берилет. БШКнын маалыматы боюнча, Жогорку Кеӊешке өтпөй калса да, 5 пайыздан кем эмес добуш алган партияга күрөөсү кайтарылат.
-
Өлкөдөгү сурамжылоого катышкан ар бир онунчу аял 18 ЖАШКА ЖЕТПЕЙ турмушка чыкканын айтышты. Бул тууралуу «БУУ-Кыргызстандагы аялдар» маалымдады.
-
26-ноябрда ДОЛЛАРДЫН сатыктагы баасы 79 сомго чейин көтөрүлүп, рекорд кайрадан жаӊыланды.
-
Өкмөт 17-18-ноябрь күндөрү Ош облусунда ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН жабыркагандарга 200 миӊ сомдон ссуда берилерин билдирди.
Эльвира Караева
politika@super.kg